Дүйнө лидерлери коронавирустан вакцина алышууда. Кыргыз президенти качан?

АКШ президенти Жо Байден коронавирустан вакцина алууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ президенти Жо Байден коронавирустан вакцина алууда
Published

Дүйнөдө ковидге каршы вакцина алып жаткандардын саны 2 миллиарддан ашты. Чет мамлекеттерде лидерлери баштап, жалпы калк эмдөөдөн өтүүдө. Ал эми Кыргызстанда кечээ жакында экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров эмдөөдөн өтпөгөндөрдү айлыгынан ажыратуу маселесин көтөргөн.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн бардык жарандарын аң-сезимдүү жүрүм-турумдун үлгүсүн көрсөтүп, ден соолукту сактоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө чакырган. Бирок өлкө башчы өзү эмдөөдөн өтө элек. Анын экс-катчысы Галина Байтерек үстүбүздөгү жылдын март айында өлкө башчысынын вируска каршы антиденелери иштелип чыккандыгы үчүн вакцина албай турганын айтып чыккан. Бирок эксперттердин айтуусунда, пайда болгон антиденелер вирустан айыккан айрым бейтаптардын иммундук системасынан үч айдын ичинде жоголуп кеткен. Кийин бул кеңири жайылган көрүнүш экени аныкталган. Демек, вирустан сакайган киши бир нече айдан кийин кайрадан коронавирусту жуктуруп алуу коркунучуна кабылат.

Муфтий коронавируска каршы вакцина алды

Муфтий Замир кары Ракиев коронавируска каршы вакцина алууда

Сүрөттүн булагы, muftiyat.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Муфтий Замир кары Ракиев коронавируска каршы вакцина алууда

Кечээ Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши COVID-19 илдетинен эмдөө алуу боюнча фатвасын чыгарган. Анда эмдөөгө исламда каршылык жок экенин жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши COVID-19 илдетинин алдын алуу максатында ыктыярдуу түрдө эмдөө алууга каршы эмес экендиги айтылат.

Ал эми бүгүн, 15-июлда муфтий Замир кары Ракиев Бишкек шаарындагы эмдөө пункттарынын биринен коронавирус инфекциясына каршы вакцина алганы маалым болду. Аны менен бирге Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү, Кыргызстан Ислам университетинин проректору жана мугалимдери, Бишкек шаардык казыятынын имамдары эмдөөдөн өтүштү. Калкынын 80%дан ашууну мусулман болгон Кыргызстан үчүн бул окуя азыр көңүл чордонунда.

Антиденелер толугу менен 2-ченемин сайдыргандан кийин иштелип чыгат

вакцинанын бөтөлкөсү менен ийне

Республикалык эмдөө борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаевдин айтуусунда, жалпы республика боюнча вакцина алган жарандардын саны 2 миллиндон ашуусу керек.  Бүгүн өлкөдө вакцина алгандардын саны 18 418 жаран,  ал эми жалпы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 157 563 адамды түзөт. Бирок алардын ичинен 88 924ү вакцинанын экинчи ченемин (дозасын) алса, калганы ала элек.

Чилиде, айрым эксперттер оорунун көбөйүшүнө вакцина алгандан кийин шыр эле элге аралашып кетип жаткандарды, өзгөчө биринчи ченемин сайдыргандан кийинки жарым-жартылай коргоосу менен эл аралап кетип жаткандарды күнөөлөшүүдө. Вакцинанын  1 ченемин (дозасын) сайгандан кийин толук иммунитет жаралбайт. 1-ченемин сайдырып алып эл аралап кетип жаткандар чоң көйгөй жаратууда. Антиденелер толугу менен 2-ченемин сайдыргандан кийин 20+ күндөн кийин болот. Ошондо дагы 100% кепилдик жок, сактануу чараларын улантыш керек.

Вакциналар вирустун жаңы варианттарына каршы кандай иштейт?

Кыргызстанга 1250 миң ченеми келип, учурда эмдөөдө колдонулуп жаткан кытайдын вакциналарынын натыйжалуулугу тууралуу изилдөөлөрдө төмөнкү учурлар аныкталган: 

Вирустан иммундук коргоону түзүүгө аракет кылган изилдөөлөрдүн негизинде профессор Коулинг жансыздандырылган вирустук вакциналардын “дельта” вариантынан коргоосу баштапкы штаммына салыштырмалуу 20% га төмөн болушу мүмкүн деп эсептейт.

Анын эсептөөлөрү боюнча, алгач Түштүк Африкада табылган бета-вариантына каршы коргоо андан дагы азыраак, анткени ал баштапкы вирустан кыйла айырмаланат.

Гонконг университетинин вирусологу, профессор Джин Донг-Ян ВВСге билдиргендей, Кытай вакциналарынын натыйжалуулугу жаңы варианттарга, анын ичинде “дельтага” каршы азайышы – турулуу иш.

Бирок ал "Синовак жана Синофарм - жакшы вакциналар",  натыйжалуулугу жогору вакцина алууга мүмкүнчүлүгү жок адамдар буларды ала бериш керек, деди ал. Бирок алар вирустун жайылышын ооздуктоо үчүн социалдык аралык эрежелерин жана башка чараларды колдонууну улантышы керек.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вакцина

Эмне үчүн эмдөөдөн өтүш керек?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Эмдөө - өзүңдү жана жакындарыңды Covid-19 илдетинен коргоонун эң ишенимдүү жолу. Коронавирустун тароо динамикасын эске алганда эртели-кеч инфекция бардык кишиге жетет. Ал үчүн алдын ала организмди даярдап, иммундук коргонуу менен камсыздоо зарыл.

Коронавирус өнөкөт оорусу бар кишилер үчүн кооптуу экени белгилүү болгон. Аларда аутоиммундук реакция (организм чоочун вирус менен күрөшүүнүн ордуна өзүнүн ден сак клеткаларына чабуулга өтөт) башталып кетиши мүмкүн. Ошондуктан бардык өлкөлөрдө өпкөнүн өнөкөт оорудан жабыркап жүгөндөрдү, жүрөк, кан-тамыр, диабет илдети менен ооругандарды биринчилерден эмдөөдөн өткөрүү сунушталууда. Бирок эмделерден мурун мындай кишилер милдеттүү түрдө дарыгерлердин кеңешин алуусу зарыл.

Мурда Covid-19дан айыгып чыккан, дени сак киши дагы вирусту алып жүрүүчү жана таратуучу эсептелет. Ошондон улам аралыкты сактоо, беткап менен жүрүү сыяктуу сактык эрежелери талап кылынууда. Мунун эмдөөгө чейин эле эмес, вакцина алгандан кийин дагы сөзсүз колдонуу керек.

Вакцинаны кайдан алса болот?

Бишкек шаарында үй-бүлөлүк ооруканаларда, оюн-зоок соода борборлорунда эмдөө үчүн пункттар ачылган. Ал эми республика боюнча базарларда жана ооруканалардан вакцина алууга болот. Эмдөөдөн өтүүгө барардан мурун дарыгериңиз менен кеңешүүнү унутпаңыз.

Эмдөөнүн алдында ичимдиктен, чылымдан алыс болгон жакшы

Республикалык эмдөө борборунун дарыгери Азим Кыргызбаев Би-Би-Сиге берген маегинде мындай деген:

Адам эмдөөгө биринчиден психологиялык жактан даярдануусу керек. Азыр көбү эле "Кытайдан келген вакцина экен" деп кооптонуу менен барып жатат. Мындай абалдын өзү эле терс таасирин берет. Мисалы, кан басымы жогорулап же реакция болуп кетиши ыктымал. Ошонун алдын алып, "мага бул вакцина зарыл, зыяны жок" деп оюн калыптандыруусу абзел. Анан эмдөөгө барганда жашырбай баарын айтып бериши керек. Мурда кандай оорулар менен ооруган, келээрден мурун дене табын түшүрүүчү дарыларды ичкенби же жокпу, гормондорго таасир этчү дары ичти беле? Жүрөгү ооруду беле? Ушунун баарын баяндап бергени туура болот. Азыр "менин чаңга аллергиям бар" деп далай киши эмдөөдөн оолактап жатат. Мисалы, чаңга менин да аллергиям бар. Теректер бүрдөп, гүлдөр өсө баштагандан тарта аллергия болом. Бирок, дары-дармекке аллергиям жок. Ошондуктан бул экөө эки башка деп мен өзүм да вируска каршы эмдөөдөн өттүм. Негизи эле турмушта ичкилик ичпеген, чылым чекпеген оң. Колдон келсе такыр эле мындан алыс болсок. Эмдөөгө келе турган болгон соң ичпей, толук бойдон таза келсин. Керек болсо ошол күнү чылым чекпей туруп келсе дейм. Себеби, эмдөөгө чейин тамеки чексе ал кан басымды өзгөртөт. Анан эмдөөнүн алдында ченегенде чыныгы көрсөткүч так чыкпай калышы толук ыктымал.

эмдөө учуру

Сүрөттүн булагы, EPA

Эмдөөдөн кийин абал кандай болот?

Эмделгенден кийин бир топ убакытка дарыгердин кароосунда болосуз. Укол алган күнү кечке чейин унаа башкарбай эле койгон туура. Дарыгерлер бир-эки күнгө алкоголь ичпөөнү дагы эскертүүдө.

Сунушталган көрсөтмөлөр башка эмдөөлөрдөн көп деле айырмаланбайт. Бир-эки күнү укол сайылган жерди тырмабаш керек жана суу тийгизбөө зарыл. Бир нече күнү оор жумуш (мүмкүн болсо эмоционалдык жактан дагы) кылбай турган туура. Ошол эле маалда организм бир аз алсырай турганын эстен чыгарбаңыз. Өтө ысып, же үшүп кеткенден (айталы, баня же саунда) качыңыз. Ошондой эле аллергиялык реакциянын козгой турган азыктардан алыс болуңуз. (MD)

Коронавирус тууралуу дагы окуңуз: