Эмгектен качпа. Оксфорддо окуган Чынаранын ийгилик баяны

Сүрөттүн булагы, Chynara Temirova
Кыргызстандык Чынара Темирова парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн Даниядан Германияга бараарын айтып, Фейсбукта элди өз укугун пайдаланууга чакырды. Оштон Оксфордго жеткен, активдүү жарандык позициясы бар Чынара тажрыйбасы, ири окуу жайларга өтүү жолдору тууралуу Би-Би-Сиге айтып берди.
Ал жылдык акысы дээрлик 47 миң доллар турган магистрдик программада 100% стипендия менен окуган. Адегенде Москвадагы университеттен гуманитардык багытта билим алган. Бир канча тилде сүйлөйт. Кыргызстанда БУУда иштеген.
Ошто төрөлүп, ошол жерде мектепти аяктаганын, ата-энеси ОшМУда азыркыга чейин эмгектенерин сыймыктануу менен баяндады. Чынара төрт бир туугандын кенжеси.
Оксфорддо мол тажрыйба топтодум
Оксфорддо окуу - чоң тажрыйба экен, жакшы билим алуудан сырткары билимдүү адамдар менен таанышат экенсиң, ал жерден көп идеялар менен чыгат экенсиң.

Сүрөттүн булагы, Chynara Temirova
Оксфорддо Мамлекетти башкаруу мектебин аяктадым. Университеттин маалыматы боюнча бул кымбат, атаандаштык күчтүү болгон магистрдик программа болуп саналат. Азыр бир жылдык акысы 56 миң доллар болуптур. Андан сырткары бир жыл жашаганга 35 миң доллар керек.
Оксфорд студенттердин шаары. Бул шаарда баардык нерсе студенттер, мугалимдер жана билим үчүн жасалат.
Ал жерде билим аласың жана өзүңө тааныш арттырасың. Тегерек үстөлдөр, семинарлар өтүп турат. Дүйнөнүн белгилүү адамдары келип сөз сүйлөшөт. Түрдүү секциялар бар. Ыктыярчы болом десең кайрымдуулук уюмдары бар. Жумуш издесең карьералык уюмдар жардам берет. Издеген китебиңди табасың. Астрономияга же өсүмдүккө кызыксаң, пикирлеш адамдарды бир жерге чогулткан клубдар бар.
Таанышуу тууралуу айтсам, жакшы байланыштар түзүлсүн деп балл, атайын кечки тамактар уюштурулуп турат. Университеттер арасында иш чаралар болот. Кэмбрижден келишет, Оксфорддон аларга барышат. Эл аралык деңгээлде тааныштарың болгон айрыкча кыргызстандыктар үчүн маанилүү. Мисалы, менин Кытайдын катчылыгында, Франциянын Юстиция министрлигинде иштеген группалаштарым болгон. Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштеп, ушундай тааныштарың болсо өлкөнүн өнүгүшүнө жакшы.
Оксфордго кантип өттүм
Бул университетке кокустан барып калган эмесмин. Жашооңдун ийгилиги "кандай бүлөдө төрөлүп, кайсы жерде окуп, кимге баш кошконуңа" көз каранды дейт эмеспи. Оксфордго өткөнүмдү психологиялык факторго жана билимге болгон жөндөмдүүлүккө байланыштырам. Экөө тең үй-бүлөдө башталат. Ата-энең сени дайыма колдоп, шыктандырып турганы маанилүү. Мени кызсың же кичинекейсиң деп бөлүшкөн эмес. Атам бизге элден эрте компьютер алып берген. Аны колдонууга баарыбызга барабар эки сааттан бөлүп берчү.

Сүрөттүн булагы, Chynara Temirova
Азыр айрым кишилер атамдан баланы кантип билимге кызыктырса болот деп сурап калышат. Атам бизди оку деп кыстаган эмес. Ата-энемдин жасап жатканын эле көрчү экенбиз. Үйдө китеп көп болоор эле. Атам гезит окуйт эле. Илимдин адамдары менен жолугуп, чет жердик кесиптештери менен да пикир алмашканды жакшы көрчү. Келгенде аларды бизге айтып берчү.
Ата-эне үлгү. Оштон Англияга жетишим апамдын тайманбастыгына окшош. Апам алыскы айылдан болот, ОшМУда иштейт деп айылдаштары сыймыктанат. Айрымдарынын шагын сындыргым келбейт, балким кимдир бирөөнүн ата-энеси же меникиндей шарты жок. Анда көбүрөөк аракет кылып өзүң өнүгүшүң керек. Анткени дагы да мүмкүнчүк бар.
Адам өзүнүн күчтүү жана алсыз жактарын билип, анын үстүндө иштеши керек. Мисалы, мен Оксфордго келгенде англиялык, сингапурлук студенттердин жанында билимим аз экенин көрдүм. Алар англисче лекцияларды тез эле кабыл алышат, бат жазышат. Башкалар дем алыш күндөрү эс алып жүрүшсө, мен ого бетер артта калбаш үчүн китепканадан чыкпай кемчиликтеримдин үстүнөн иштешим керек болчу.
Дүйнөлүк университеттерге даярданууда эмгекчил болуш керек
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Университеттин талаптарын көргөндө көпчүлүгү оор экен деп чочуп кетишет. Үч адамдан сунуштоо катын, моитвациялык кат жана башкаларды толтуруш керек деп оор көрүнөт. "Көз коркок, кол баатыр". Ал документтерге болгону жашооңдогу тажрыйбаңды, жетишкендиктериңди чогултуп жазасың. Кыйын эмес, оор болгону сенин басып өткөн жолуң, эми болгону ошону кагазга түшүрөсүң.
Менин оюмча эң маанилүүсү убакытты туура бөлүштүрүү. Мен окууга тапшырууга даярданып жатканда иштейт элем. Даярданууга күндө эки саат бөлчүмүн. Мисалы, дүйшөмбү иштен кийин эки саат мотивациялык катты жазууга жумшачумун. Шейшемби аналитикалык бир жумуштарга, шаршемби, бейшемби балким, англис тилине убакыт бөлчүмүн. Убакытты туура бөлүштүрсөң, эки-үч айда көп жумуш аткарылып калат.
Мен Оксфордго биринчи жолу тапшырганда эле өткөм. Бирок 50% стипендия менен алышкан. Калганын өзүм таап же кредит алыш керек болчу. Ошондуктан мен кийинки жылы толук стипендияга тапшырууну чечкем. Балким стипендия алуу үчүн жазган каттарым жакшы болбой калгандыр. Бир жыл ушундай каттарды жазуунун үстүндө иштедим. Адам эмгекчил болуш керек, жумуштан качпаш керек. Экинчи жолу тапшырыш дагы чоң иш. Баарын кайрадан жазыш керек. Бир жыл кандай пайдалуу иштерди жасаганыңды айтып, толукташ керек. Мен өтүп барганда экинчи, үчүнчү жолу тапшырып өткөндөр бар экен, айрымдары көп жолу тапшыра берген.

Сүрөттүн булагы, Chynara Temirova
Ири окуу жайга даярданууга 1-2 жыл кетет дешет. Бирок канчалык эрте баштасаң, ошончо жакшы. Өмүр баян, мотивациялык кат, бирөө сени сунуштаган каттарды сапаттуу жазууга көп убакыт керек. Бирок эң негизгиси - анын мазмуну. Документтерди кабыл алган комиссиядагы адамдар абдан тажрыйбалуу. Мектеп окуучулары же ата-энелери окуп калса айтаарым, максатты канчалык эрте койсо, ошончолук жакшы. Бирок Оксфордго өтүш үчүн ыктыярчы болом же дагы башка жумушту жасайм деген да болбойт.
Ыктыярчы болуунун мааниси зор
Ыктыярчылыкты бизде дале көбү түшүнбөйт. Мен ыктыярчылык менен көп алектенгем. Муну да үй-бүлөдөн алгам. Атам Курман айтта эт таратчу, көп адамдарга жардам берет эле. Оксфордго өтүүмө да ыктыярчылык таасир этти деп ойлойм. Университеттен испан тилин үйрөнүп, Ошко кайтып келип иштегем. Ошондо каражат алып келчү жумушумдан сырткары испанчаны бекер окуткам. Бир окуучум Оксфордду бүтүргөн бала болчу. Ал "көп ыктыярчылык кылат экенсиң, сендей адамдар Оксфордго өтөт" деп себепчи болгон. Ыкткыярчы болуп жүрүп жакшы досторду, жол көрсөтчү менторлорду тапкам.

Сүрөттүн булагы, Chynara Temirova
Оксфорддон кийинки жашоо
Магистрдик ишим Кыргызстанда жарандардын мамлекеттик ишканаларга ишенимин көтөрүү тууралуу болчу. Бүткөндө бул жумушту ишке ашырунуун мүмкүнчүлүктөрүн, каржы издей баштадым. Азыр Данияда, Копенгагенде турам. Бул өлкө жарандардын мамлекетке ишеними боюнча рейтингдерде алдыда турат. Дания идеяларды ишке ашырганы гранттарды берип турат. Бул жерге бир демилгелүү топтун чакыруусу менен келгем. Идеямды иш жүзүнө ашыруунун үстүндө иштеп жатам. Бирок ал аягына чыга элек жумуш, натыйжасы болгондо сөзсүз бөлүшөм. Калктын ишенимин көтөрүү - ишенгиле деп тренинг өткөрүп коюу эмес экен, ал үчүн мамлекеттик ишканалар таза, ачык иштеш керек. Ал үчүн жарандар муну талап кылыш керек. Ал эми талап кылыш үчүн эл укугун билиш керек, укугун билиш үчүн билимдүү болушу кажет.
Билимдүү жаштар Кыргызстанды өзгөртүүгө кантип катыша алат?
Эң биринчиден жаштар өздөрүнүн жарандык позициясын билдирип туруш керек. Тынч митингдерге катышабы же Фейсбукта пост жазабы, айтор өз оюн бөлүшүп туруш керек. Ал коомдук тармакта көп отурбашы мүмкүн, анда, шайлоого катышып, добуш бериш керек. Ошко барып келдим, билимдүү, тажрыйбалуу эле адамдар дагы деле биометрика тапшыра элек. Шайлоочулар тизмесинен өзүн тактаган эмес, кайда катталганын билбейт.

Сүрөттүн булагы, Chynara Temirova
Коомго салым кошуу эң жөнөкөй, бирок маанилүү болгон добуш берүүдөн башталат. Андан кийин ар ким өз шартына жараша адамдарга жардам берсе болот. Мисалы, мен ютубдагы каналымда дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларына өтүүнүн жолдору тууралуу айтып берем. Мага суроолорду беришет, ошонун негизинде видеолорду тартып, жооп берем.
Парламенттик шайлоо боюнча эки ооз сөз...
Депутаттыкка бараткан адамдардын мыйзам чыгарууга жөндөмү болуш керек. Ал жөндөм болуш үчүн тажрыйба керек. Парламентке бир идеялар менен келиш керек. Депутаттын негизги ишмердүүлүгү - бул мыйзам чыгарып, аны өткөрүү. Мурдагы чакырылышта ушул багыттан натыйжалуу иштеген айрым депутаттардын баратышын туура деп эсептейм. Аялдардын, балдардын укугун коргоп, 57ге чейин мыйзам долбоорунун автору болгон депутат айымдар бар экен.
































