Сауд Аравиясы дүйнө туристтерине эшик ачууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сауд Аравиясы биринчи жолу бүт дүйнөнүн туристтерине эшигин ачып жатканын жарыялады. Туризм министри Ахмад аль-Хатиб өлкө үчүн бул тарыхый учур деп атады.
Сауд Аравиясы буга көп жылдын ичинде келди. Мураскор принц Мохаммед бин Салман экономиканы диверсификация кылып, мунайдын экспортуна болгон көз карандылыкты азайтууну максат кылууда.
Буга чейин визалар зыяратчыларга жана ишкер адамдарга гана берилип келген. Эми азыркы учурдан тарта 49 өлкөнүн туристтерине эшик ачылууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коштогон эч кимиси жок аялдарга да чектөө болбойт, бирок мурдакыдай эле мусулман эместерге ыйык шаар болгон Меке менен Мединага барганга уруксат жок.
"Ошол эле учурда терең тамырлаган диний консерватизм жана аракка тыюу салуу көп потенциалдуу туристтерди айнытышы мүмкүн, буга өткөн жылы журналист Жамал Хашоггинин өлтүрүлүшү сыяктуу башка дагы көп себептер кошул-ташыл болушу мүмкүн",-дейт Би-Би-Си кабарчысы Грант Феррет.
Социалдык реформалар
Сауд Аравиясында соңку убакта диний тартиптер жумшарып, аялдарга унаа айдаганга жана сыртка өз алдынча чыкканга уруксат берилип баштады. 21 жашка чыккан кыз-келиндер өз алдынча паспорт алууга укуктуу болушту.
Талдоочулар жаңы мыйзам мамлекет үчүн чоң кадам экенин белгилешүүдө. Анткени бойго жеткен кыз-келиндер эркектер сыяктуу эле тоскоолдуксуз паспорт алууга мүмкүнчүлүк алды. Падышалык жарлыкка ылайык, паспорт алуудан тышкары аялдар жаңы төрөлгөн балага күбөлүк, нике күбөлүгү же ажырашуу боюнча документ алууга укуктуу болушту.
Сауд Аравиясынын падышасы 2018-жылдын июнь айынын тарта аялдарга айдоочулук күбөлүк алууга укук берген жарлыкка кол койгон. Ага чейин Сауд Аравиясы аялдарга унаа айдоого тыюу салган жападан жалгыз өлкө болуп келген. Мындай укук алууга умтулган аялдарды көп учурда камакка алышчу. Ал эми консервативдүү динчилдер аялдардын унаа башкарганына катуу каршы туруп келишкен.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Өлкөдө падышалык үй-бүлө мүчөлөрү жана диний институттар "ваххабизм" деп таанылган исламдын агымын колдойт. Ошондуктан өлкөдө жүрүм-турум эрежелеринен, кийинүү маданиятына чейин бекем көзөмөлгө алынган. Өзгөчө катаал чектөөлөргө, албетте, аялдар туш болгон.
Азыркы реформалар негизинен экономикалык себептерге байланыштуу. Мунайдын баасы арзан болуп жаткандыктан өлкө бийлиги каржылоонун жаңы булактарын издеп жатат. Адам укуктарын коргогон уюмдар болсо өлкөдө айрым жеңилдиктиктер берилгени менен аялдардын укуктары дагы деле тебеленип келгенин белгилешет. (КС)
































