Украина: 8 миң аскер жикчил күчтөр тарабына өттү

Сүрөттүн булагы, Getty
Published
Украинанын башкы прокурору Анатолий Матиос укук коргоо органдарынын беш миң кызматкери жана үч миңдин айланасындагы аскер өздөрүн ДЭР, ЛЭР деп жарыялаган жикчил күчтөрдүн тарабына өткөнүн билдирди.
Матиос азыр Россия аннекциялап алган Крым жарым аралында жашап жаткандарды дагы кошуп айтып жатат.
"Бизде жикчилдер тарабынан өткөндөрдүн толук тизмеси бар. Беш миң укук коргоо кызматкери жана үч миңдей аскер жөнүндө далилдерди жыйноо жүрүп жатат. Алар жоопкерчиликке тартылат ", - деп билдирди Украинанын башкы аскер прокурору.
Украинанын аскер прокуратурасы мындан мурда антитеррордук операция күчтөрүнүн аскердик прокуратурасы түзүлгөнүн билдирген. Ал Луганск, Донецк жана Запорожье областтарында кылмыш иштерин иликтемекчи.




























