НАТО: Немцовду Украинагы окуялардан улам өлтүрүштү

Сүрөттүн булагы, RIA Novosti
НАТОнун баш катчысынын орун басары Александр Вершбоу көрүнүктүү орусиялык саясатчы Борис Немцов Украинадагы окуялардан улам өлтүрүлгөнүн айтып чыкты.
Вершбоунун айтымына караганда, Немцов соңку мезгилде Украинанын чыгышындагы кагылышууларга Орусия бийлигинин жана аскерлеринин кийлигишип жатканын кескин сынга алган.
“Борис Немцов демократиянын коргоочусу болгон. Украинадагы окуяларга Орусиянын кийлигишүүсүн сындап келген. Аны орусиялык пропаганда “саткын” жана “бешинчи колонна” деп аташкан. Менин оюмча Немцов ушул себептен өлтүрүлдү”, - деди Вершбоу.

Сүрөттүн булагы, EPA
Немцовдун жардамчысы Ольга Шоринанын Рейтер агенттигине билдиришинче, Немцов Украинанын чыгышындагы кагылышууларда Орусиянын ролу тууралуу доклад даярдап бүткөн эле. Ал өлөөрдөн бир күн мурда Шоронинага Украинада өлгөн орус аскерлери жөнүндө кат таштап кеткен:
“Ивановдун десанттары менен сүйлөштүм. Алар 17 аскердин өлгөнүн айтышты, акча берилбептир. Азырынча сүйлөгөндөн коркуп жатышат”, деп айтылат катта.
Шоринанын айтымында, Немцов каза болгон десанттардын жакындары менен сүйлөшкөн. Бирок алар менен кантип алакада болгонун саясатчы айткан эмес.
Борис Немцовдун жардамчылары анын “Путин жана согуш” деп аталган, бүтпөй калган докладын бүтүрүп, аны коомчулукка жарыялоону көздөшүүдө.




























