Борис Немцов ким болгон?

Сүрөттүн булагы, AP

Published

27-февралда Москванын чок ортосунда атып өлтүрүлгөн Борис Немцов Орусиядагы эң көрүнүктүү оппозициялык ишмерлердин бири болчу. Ал президент Путинди жана анын түзгөн башкаруу системасын катуу сынга алып келген.

Немцов 55 жашта эле. Сочиде төрөлүп, кийин үй-бүлөсү менен Горький шаарына көчүп кетишкен. Н.И.Лобачевский атындагы Горький институтунда радиофизика факультетинен жогорку билим алган.

1990-жылдары Нижгород областынын эң алгычкы губернатору болчу. Бул кызматка 1991-жылы аны Борис Ельцин дайындаган. 1995-жылы 58,9%дык добуш менен областтын башчылыгына өзү шайланган.

Өкмөттө

1997-жылы Немцов өкмөткө келип, биринчи вице-премьерлик кызматты ээлеген. Ошол эле жылдын апрель айынан баштап, отун-энергетика министри кызматын да аткарган. Орусиянын коопсуздук кеңешинин мүчөсү болгон.

Немцов Орусия өкмөтүндө иштеп турган кезинде коомчулукка ачык ишмер катары таанылган. Иш ордунда камалып олтурган расмийлерден айырмаланып турчу. Ал чиновниктерди “Мерседестерден” “Волгаларга” олтургузам деп убада бергени бар.

Сүрөттүн булагы, AFP

1997-жылдагы сурамжылоолорго ылайык, президенттик шайлоолордо Немцовго 29% орусиялыктар добуш беребиз деп айткан. Мындай колдоого ошол кезде коммунисттик партиянын лидери Геннадий Зюганов дагы жеткен эмес.

1998-жылы август айында экономикалык кризиске байланыштуу Немцов кызматтан кетүү жөнүндө арыз берет. Жылдын соңунда ал “Жаш Орусия” кыймылынын саясий кеңешин жетектеп калган. Кийин аталган уюм “Правое дело” коалициясына кошулган. Андан соң бул топ Сергей Кириенко, Борис Немцов жана Ирина Хакамада жетектеген “Союз правых сил” аттуу шайлоо алдындагы блокко кирген.

Декабрь айында Немцов мамлекеттик думага депутаттыкка шайланып, төраганын орун басары кызматын ээлеген. Ал президент Борис Ельциндин мураскору катары Владимир Путиндин талапкерлигин алгачкылардан болуп колдогон.

Бирок, кийин бул позициясын ал катаачылык деп мүнөздөгөн. 2003, 2007-жылдары “Союз правых сил” мамлекеттик думага шайлануу үчүн 5%дык босогодон өтө алган эмес.

Оппозициянын башында

2008-жылы Немцов “Союз правых сил” кыймылынан кетип, “Солидарность” аттуу жаңы топ түзөт. “Союз правых сил” жоюлуп кетет.

“Солидарность” кыймылынын арты менен Немцов Сочинин мэрлигине талапкерлигин койгон. Бирок, 13,6%дык добуш менен жарыштан жеңилип калган.

Сүрөттүн булагы, Reuters

2010-жылдын декабарь айында Владимир Рыжков жана Михаил Касьянов менен бирге Элдик эркиндик партиясын жетектеп калган (ПАРНАС). Бийлик бул партияны каттоодон өткөргөн эмес. Андыктан ал 2012-жылы Орусиянын республикалык партиясына (РПР) кошулуп кеткен. Немцов РПР-ПАРНАС тандеминин тең төрагасы болуп калган.

2013-жылы Ярослав областык думасындагы шайлоодо ал РПР-ПАРНАС партиясынан шайланган жалгыз өкүл болгон.

Немцов акыркы жылдары президент Владимир Путиндин жүргүзүп жаткан саясатын жана башкаруу системасын катуу сындаган билдирүүлөрдү тараткан. Орусияда 2000-2010-жылдар аралыгында өткөн көптөгөн минтингдердин демилгечиси болчу.

Немцов Москвада 1-мартта согушка жана кризиске каршы “Весна” аттуу жүрүшкө катышмак. Бул иш-чарага эки күн калганда аны баш калаанын чок ортосунда атып кетишти.