Референдум: Крым Россияга кошулуу үчүн добуш берди

Крымда айрым шаарларда референдумдун жыйынтыгы чыга электе эле майрамдап башташты.

Сүрөттүн булагы, .

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Крымда айрым шаарларда референдумдун жыйынтыгы чыга электе эле майрамдап башташты.
Published

Крымда болгон референдумда, экзит-полл эсеби боюнча катышкандардын 95 пайызы Россияга кошулуу үчүн добуш беришти. Миңдеген крымдыктар референдумдан кийин жарым аралдын көчөлөрүнө чыгып, түнү бою майрамдашты.

Киев расмий тааныбай жаткан премьер-министр Сергей Аксенов «Крым үйүнө, Россияга баратат» деп билдирди.

Анын сөзүнө караганда, жарым аралдын бийликтери дүйшөмбүдө эртең менен эле Крымды Россияга курамына кабыл алуу өтүнүчү менен кайрылат.

Референдум россиялык аскерлердин катышуусу астында өттү, Украинанын президенти Янукович февралда кулагандан кийин эле орус аскерлери жарым аралды өздөрүнүн көзөмөлүнө алган эле.

Киевди жактана көп крымдыктар добуш берүүгө катышкан жок. Анын ичинде Крым-татарларынын Межлиси крымдык татарлардын 95 пайызы добуш берүүгө катышпагандыгын билдиришти.

Крымда болгон референдумдун мыйзамдуулугун Россиядан башка бир да мамлекет тааный элек.

Россиянын лидери Владимир Путин менен АКШнын президенти Барак Обама телефон аркылуу референдумду сүйлөшүп, андан кийин Ак үй жана Кремль бири-бирине карама-каршы келген билдирүүлөрдү жарыялашты.

Кремль президенттердин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында «баалардын ар кандай экенине карабастан» «Украинадагы абалды турукташтырууга көмөктөшүүнүн жолдорун издөө зарыл экени» жөнүндө бүтүм болгонун билдирди.

Путин «белгилүү косово прецедентин» мисал келтирип, «киевдин азыркы бийликтеринин ультраулутчул жана радикалдуу топтордун ээнбаштыгын тыюууга дараметсиз» экенин баса белгиледи.

Ак үйдүн маалыматында, Обама Путинге АКШ дагы, эл аралык коомчулук дагы Крымдагы «референдумдун» жыйынтыгын тааныбай турганын"crimea билдирген.

АКШнын президенти Россияны жарым аралдан аскерлерин алып чыгып кетүүгө жана Украинанын чыгышындагы эл аралык байкоочулар миссиясын колдоого чакырды.

Евробиримдик санкция салууга камынууда

Батыш өлкөлөрүнүн дээрлик бүт өкүлдөрү референдумду айыптап чыгышты.

Евробиримдиктин комиссары Херман Ван Ромпейдин, Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэль Баррозунун биргелешкен билдирүүсүндө, Крымдагы референдум мыйзамдуу эмес жана анын жыйынтыгы таанылбайт деп айтылат.

Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг Улуу Британия Украинанын Конституциясын бузуу менен өткөрүлгөн Крымдагы референдумду тааныбайт деп билдирди.