Орусиядагы таң калтырган шайлоо

Vladimir Ovchinnikov walks near his graffiti
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөтчү Владимир Овчинников Боровскинин дубалдарына сүрөт тартат
    • Author, Стив Розенберг
    • Role, Би-Би-Си, Боровск
  • Published

Боровскини кыдырып жүрүп, Москвадан 60 миль (100 км) алыстыкта жайгашкан бул шаарда эки нерсе мени таң калтырды.

Биринчиден, ушул дем алыш күндөрү боло турган президенттик шайлоонун белгиси дээрлик жокко эсе.

Мен бир нече шайлоо баннерлеринен жана көрнөк-жарнактардан тышкары бир да саясий баракча таратылбаганын көрдүм.

Бул жерде таң калыштуу эч нерсе жок чынында. Шайлоого даярдыктын жоктугу Владимир Путин Кремлге бешинчи ирет эч бир кыйынчылыксыз келерин билдирет.

Боровскидеги дагы бир байкабай кое албай турган нерсе - бул көчө искусствосу. Бул бардык жерде байкалат.

Анын көбүн көчө сүрөтчүсү Владимир Овчинников жараткан. Шаардын бардык жеринде анын сүрөттөрү дубалдардан жана имараттардан ылдый карайт.

Анын сүрөттөрүнүн көбү мисалы, шаардын тарыхын баяндаган гигант глобус же атактуу футболчунун образы сыяктуу чындыкты баяндайт.

Барган сайын Владимир азыркы Орусиянын сүрөтүн тартканда, кара түстөр басымдуулук кылып баратат.

"Мен муну амбициянын чокусу деп атайм" дейт 86 жаштагы сүрөтчү. Ал мага үйдө көрсөтүп жаткан сүрөттө адамдын баш сөөктөрүнөн куралган тоонун үстүндө жип менен басып бара жаткан согуш өнөрүнүн формасын кийген адам тартылган.

"Бийликте турган адамдын амбициясы ушуга алып келиши мүмкүн".

Анын адамдарды эки эт майдалагыч майдалап жаткан сүрөтү да өтө аянычтуу болуп саналат - бири 1937-жыл (Сталиндик Улуу террордун жылы); башкасы Атайын Аскердик Операция (Украинадагы Орусиянын согушу).

"Биз булардан эч кандай сабак алган жокпуз", — деп жыйынтыктайт өз оюн Владимир.

Сүрөтчү ушундай эле эт туурагычтардын сүрөтүн дубалга тарткандан кийин орус армиясынын"кадыр-баркын кетирди" деп айыпка жыгылган. Украинанын көк жана сары кийимин кийген кыздын үстүнө ракеталар түшкөнүн көрсөткөн көчө сүрөтү да ушундай эле тагдырга туш болду.

Владимир өзүнүн өнөрүн азыркы учурга комментарий берүү үчүн гана колдонбостон, Орусиянын караңгы өткөн тарыхына - сталиндик доордун репрессияларына да кайрылат. Анын Украинадагы согушту сындаган граффитилери бийликке жакпайт. Тез эле үстүнөн боёп салышат.

"Менин сүрөттөрүм: "Бул чыр-чатакта биздики туурабы же жаңылып жатабызбы?" деп элди ойлондурууда", - дейт Владимир мага. "Мен муну коңшу мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө каршы жасалган кылмыш деп эсептейм. Эгер унчукпай отура берсем, буга макул болмокмун".

"Көптөгөн адамдар унчукпайт, анткени алар репрессиядан, жумушунан айрылып калуудан жана башкалардын сынына кабылып калуудан коркушат".

Оппозиция лидери Алексей Навальный абакта каза болгондон кийин Владимир Навальныйдын портретин саясий репрессиянын курмандыктарын эскерген жергиликтүү эстелик ташка тарткан.

"Ошол эле күнү аны кимдир бирөө өчүрүп салды" дейт Владимир мага. "Бирок үйдөн картон кагазга тарттым . Кийинчерээк аны алып барып, мемориалдын жанына койдум".

Владимирдин айтымында, анын сүрөттөрү элди Украинадагы жаңжал тууралуу ойго салат

Vladimir Ovchinnikov shows off his art
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир анын сүрөттөрү адамдарды согуш жөнүндө ойго салат дейт

Владимир Орусиянын келечегин кандай көрөт?

«Кээ бирөөлөр репрессиянын көбүрөөк болорун жана биз тоталитаризмге жана толук диктатурага бара жатабыз» деп болжолдошууда.

Президенттин сүрөтү

Владимир Овчинников мага эч качан сыналгы көрбөгөнүн айтат.

Эгер андай болсо, ал мамлекеттик телеканалдан Орусиянын такыр башкача сүрөтүн көрмөк.

Адамдын баш сөөгүнөн куралган тоолор жок. Эт майдалагычтар жок. Алексей Навальный тууралуу сөз да жок.

Бул чет жакта агрессияга, ал эми өз үйүндө репрессияга баш урган Орусия эмес. Бул даңктуу өткөнү жана бирдей даңктуу келечеги бар Орусия. Ата Мекенди тышкы агрессиядан коргоо үчүн желектин тегерегине чогулушкан баатырдын жана патриоттордун Орусиясы.

Vladimir Putin greets crowds in Stavropol

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Путин бешинчи ирет шайланган жатат

Бир нече күн мурун Орусиянын 1-каналы кечки жаңылыктарында Путиндин күйөрмандары президентти поп-жылдыздай тосуп алышканын көрсөткөн.

"Өзүңө кам көр" деп кыйкырып жиберди бир аял аны өөп жатып.

"Узун өмүр каалайм!" - деп кыйкырды бир киши.

Эгер сиз жаңылыктарды 1-каналдан гана көрсөңүз, анда Владимир Путинде президенттик шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар деген жыйынтыкка келмексиз.

Бирок, сүрөттөр сыяктуу эле, контекст маанилүү. Ошондой эле бул жерде контекст чечүүчү мааниге ээ.

Кремль Орусиядагы телекөрсөтүүлөрдү гана көзөмөлдөбөстөн, бүтүндөй саясий системаны, анын ичинде шайлоолорду да башкарат.

Президент Путин бешинчи мөөнөткө шайлануу үчүн эч кандай олуттуу кыйынчылыктарга туш болбойт. Анын эң катуу сынчылары же сүргүнгө качып кетишти же үй камагына камалды. Анын эң күчтүү атаандашы Навальный өлдү.

Бирок Кремль Орусияда дүйнөдөгү "эң мыкты демократия" бар деп мактанганды жакшы көрөт. Ошентип, шайлоо бюллетенинде Путин мырза менен бирге Орусиянын Кремлге ынак парламентинин расмий ыйгарым укуктуу үч талапкери да бар.

Мен жакында эле алардын бирине жолугуп калдым. Бул кызыктай көрүнүш болду.

Nikolai Kharitonov (left)
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талапкер Харитонов өзүн Путинге караганда жакшы президент болорун айта албайт

- Эмне үчүн сиз өзүңүздү Путинден жакшыраак президент болом деп ойлойсуз? — деп сурадым коммунисттик партиянын кандидаты Николай Харитоновдон.

- Муну мен айта албайм, - деп жооп берди. - Бул туура эмес болмок.

- Бирок сиздин манифестиңиз Путиндикинен жакшыраак деп ойлойсузбу? - деп мен суроомду уланттым.

- Муну шайлоочулар чечет.

- Бирок сиз кандай ойлойсуз?

- Менин кандай ойлогонум маанилүү эмес, аны шайлоочулар чечет.

Харитонов өз максаттарын ачыктоонун ордуна, азыркы президентти мактады.

«Бүгүн Владимир Путин Ельцин Орусияны жапайы капитализмге сүйрөп кеткен 1990-жылдардагы көп маселелерди чечүүгө аракет кылууда», - деди Харитонов.

"Ал бардык тармактарда жеңишке жетүү үчүн элди бириктирүүгө аракет кылууда. Бул ишке ашат!"

Мен Николай Харитонов бул жарышка чын жүрөктөн катышып жатпаганын туюп турдум.

Шайлоо бюллетенине кирүүгө аракет кылып, бирок анын сыртында калгандардын бири согушка каршы саясатчы Борис Надеждин болгон.

Надеждин мырза мага: «Биздин президенттик шайлоолор тууралуу таза жана эркин деп айтуу таптакыр мүмкүн эмес», - дейт. Анын айтымында, анын согушка каршы билдирүүсү өтө популярдуу болуп жаткандыктан, шайлоого катышууга тыюу салышты.

"Орусияда элдин 30-35 пайызы мен сыяктуу тынчтыкты жактаган талапкерге добуш берүүнү каалашканын сурамжылоо жыйынтыктары көрсөттү. Бул болсо биздин өкмөт таптакыр каалабаган жыйынтык".

Көчөдөгү сүрөт

Боровскиге кайтып келип, Протва дарыясындагы көпүрөдөн табияттын көрүнүшүн ырахаттанып карап жатам.

Бул жерден шаардын өзү сүрөткө окшош: Эрмитажда илинген Орусиянын сүрөтүн элестетет. Тоонун үстүндө кооз чиркөө турат, анын астында кар баскан укмуштай үйлөр бар. Жылуу пальто кийген адамдар муз баскан жолдорду этияттап басып баратышат.

Элдин маанайын билиш үчүн шаарга жөнөгөндө абайлап кадам таштайм... Боровскийдин көчөлөрүндө эл согуш, шайлоо, алардын президенти жөнүндө кандай ойдо?

Borovsk

"Кандай добуш бербе, баары алдын ала чечилген" дейт мага Светлана деген жаш келин. - Катышуунун эч зарылдыгы жок деп эсептейм.

Бирок бул жердегилердин көбү, өзгөчө улгайган орусиялыктар добуш берерин айтышат. Эл менен сүйлөшкөндө, Орусиянын сыналгысы көрсөткөндөй эле, Путиндин колдоочулары көп экени айкын болду.

Орусия өз жарандары жана дүйнө бардыгы эң сонун деп ишенүүсүн каалайт.

"Мен Владимир Путин шайлоодо жеңип чыгат жана ал согушту токтотот деп үмүттөнөм", - дейт мага Людмила. "Көп жигиттер набыт болду. Тынчтык орногондо көптөгөн өлкөлөр Орусия жеңилбес экенин түшүнүшөт".

"Эмне үчүн Путин мырзанын жеңишин каалайсыз?" - деп сурадым. - Кантсе да, ал атайын аскердик операцияны баштаган адам, - деди Людмила.

"Ар ким ар кандай ойдо", - дейт Людмила. "Кээ бирөөлөр бул согуш эч качан башталбашы керек эле дешет. Кээ бирөөлөр анын туура кылганын айтышат. Мен аны азыр күнөөлөбөйм. Биз саясаттын аки-чүкүлөрүн билбейбиз да".

"Путин мырзанын бийликте турганына чейрек кылымга жакын убакыт болду" дедим мен. "145 миллион калкы бар өлкөдө анын ишин жасай алган башка адам жокпу?

"Ой, жок, бизде өзгөчө кырдаалда өлкөнү башкара алган таланттуу лидерлер көп", - деп жооп берди Людмила.

Николай дагы жыйырма беш жылдан бери бийликте турганына анчалык деле уялбаган азыркы президентке өз добушун берет сыягы.

"Анда эмне? Бизде көптөн бери башкарган падышалар болгон" дейт Николай. "Жакшы падышалар да, жамандары да болгон. Бизде Сталин менен Брежнев болгон. Жетекчини алмаштырса болот, бирок бул биздин жашообузга анча деле таасир этпейт". (МА)