"Классикалык кылмыш". Чеченстанда орус журналистине эмнеге кол салышты?

Сүрөттүн булагы, Sergei Babinets/Crew Against Torture
Россиялык белгилүү иликтөөчү журналист Елена Милавина Чеченстандын башчысынын коркутуп эскерткенине карабай, сот өкүмүн чагылдыруу үчүн барып, куралчан, беткапчан топтун токмогуна алынды.
Анын айтымында, дүйшөмбүдө Чеченстанга учуп келери менен аба майданына жакын жерде жолдон беткапчан адамдар тосуп, кошо барган адвокат Александр Немов экөөн пластик союлдар менен сабашып, Еленанын чачын кырып, жашыл кылып боеп туруп кое беришкен. Анын манжаларын сындыра турган болуп, телефонундагы сыр сөзүн айтууну талап кылышты.
Адвокат Александр Немов жарадар болду. Чеченстанга кошуна регионго жеткирилип, ооруканада эки күн болуп, андан Москвага менчик учак менен келди.
Чеченстанда куралчан, беткапчан адамдардын ур-тепкисине алынып жабыркаган россиялык белгилүү журналист Елена Милашина Москвадагы ооруканада дарыланууда. Милашина бул региондун лидери Рамзан Кадыровдон мурда да опузалап эскерткен билдирүүлөрдү алып келген экен.
Чеченстанды 2007-жылдан бери Рамзан Кадыров башкарат. Ал Путинге берилген союздаш болуп, Украинадагы согуш маселесинде аны катуу колдоп келатат. Ал ошондой эле өзү башкарган аймакта каалаганын жасап, жазалап, каалаганын уурдатып кетип жатканы көп айтылууда.
Елена Милашина ким?
Елена Милашина — россиялык таанымал журналист, Чеченстанда көп сандаган адам укуктарын бузууларды иликтеген. Анын иликтеген репортаждары көз каранды эмес басылма "Новая газетада" жарыяланган. Бул гезиттин баш редактору Дмитрий Муратов 2021-жылы Нобель сыйлыгын алганы белгилүү.
Милашина Чеченстандагы ээнбаштыктар, адам укугу тебеленген, саясий куугунтук болгон учурларды иликтеп, тайманбастыгын көрсөттү. Ал өзүнөн мурда буюртма менен өлтүрүлгөн эки айымдын тобокел жолу менен баратат.
2006-жылы «Новая газетадагы» кесиптеши Анна Политковская Москвада үйүнүн эшигинин алдынан атып кетишкен, ал эми анын курбусу жана активист Наталья Эстемированы уурдап кетишип, Грозныйда атып өлтүрүшкөн.

Сүрөттүн булагы, Crew Against Torture
Милашина өткөн аптада эле Би-Би-Синин «Украинакаст» подкастына Кадыров менен анын желдеттери өлтүрүп коебуз деген опузасын оңой эле аткарып коерун сопсонун түшүнүп турганын билдирген:
«Мен көнүп калдым, анткени дээрлик жыл сайын Кадыров менин дарегиме же "Новая газетанын" журналисттерине бир нече жолу коркуткан билдирүүлөрдү жиберүүдө. Ал өзүн чечен районунун кожоюнундай эле алып жүрөт".
Милашина 2022-жылы Кадыров аны террорист деп атап, "биз террористтерди жана алардын шериктерин дайыма жок кылып келгенбиз" деп айткандан кийин, Россиядан бир аз убакыт чыгып кетүүгө мажбур болгон.
Соңку чабуул
Коркутуп-үркүтүүлөргө карабай, Милашина Кадыровду сындап жүргөн үч оппозицялык ишмердин энесинин сот өкүмүн угууга Грозныйга барды. Адвокат Александр Немов менен чогуу барышты, бирок Зарема Мусаеваны беш жарым жылга эркинен ажыраткан сот жыйынына жете алышпады.
Милашинанын айтымында, Грозныйдын аба майданынан бир аз узаганда эле алар түшкөн автоунааны маскачан он адам токтоткон.

Сүрөттүн булагы, Crew Against Torture
"Бул классикалык кылмыш болду",-деди Милашина чечен укук коргоочуга Грозныйдагы ооруканада. "Алар биздин айдоочуну машинадан алып ыргытып жиберип, менин колумду байлап, чөгөлөтүп коюп, башыма пистолет такашты".
"Алар бизди жол четине ыргыта салып, бети-башымды, денемди тепкилей башташты .. бутума бычак урушту",-деген Немовдун сөзүн россиялык адвокаттар коллегиясы таратты.
Андан кийин аларды эңкейиш жерге алып барып, пластик союлдар менен сабап башташкан, Еленадан мобилдүү телефонунун сыр сөзүн айтууну талап кылышкан. Бирок анын сыр сөзү татаал болгондуктан, сабап жатканда аны чече алышкан эмес.
"Алар түшүнгөн жок, ал эми түшүнгөн убакта менин чачымды кырып, жашыл кылып боеп салышкан, мен эчтеке көргөнүм жок",-деп ал "Кыйноого каршы экипаж" укук коргоочулар тобундагы Сергей Бабуринге.
Бийликтердин убадасы
Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова чечен бийликтерине кайрылып, бул инцидентти иликтөөнү талап кылды. Жергиликтүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү иликтөө башталганын билдиришти.
Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков башында бул окуяга реакция жасап, мындай инциденттердин алдын алуу үчүн чечкиндүү чаралар керек деп билдирген, бирок кийин иликтөөнү күтө туруш керек деп калды.
Рамзан Кадыров өз кезегинде болгон окуяны териштирүүнү укук коргоо органдарына тапшырганын соцтармакка жазды.
Кадыровдун министрлеринин бирөө бул кол салууну Вильнюста НАТОнун саммити башталар алдында Чеченстанды жаманатты кылууга багытталган «чагымчылык» деп атады.
Эл аралык айыптоо
Европа Кеңешинин жогорку кызматтагы өкүлү «бул инцидент «Новая газетанын» журналисттери менен кызматкерлерине кол салуунун токтобой жатканы" деп абдан кабатыр экенин билдирди. Дуня Миятович кеңешке мүчө өлкөлөрдү «Россия Федерациясындагы журналисттерди колдоону жана жоопкерчиликти талап кылууга» чакырды.
Милашинанын «Новая газетадагы» кесиптештери азыркы шартта журналисттердин эркин иштешине тоскоолдук жана коркунуч күчөгөнү тууралуу билдирүү жасашты.
«Аскерлешкен уюмдар менен укук коргоо органдарынын үстүнөн мамлекеттин көзөмөлү жоголуп жатканы айдан ачык болууда»,-деп айтылат билдирүүдө. (КС)




































