Кахов ГЭС талкаланды, Херсондо эвакуация башталды

гэс

Сүрөттүн булагы, https://t.me/V_Zelenskiy_official

Published

Кахов ГЭСи толугу менен талкаланды жана аны калыбына келтирүү мүмкүн эмес,- деп билдирди Украинанын "Укргидроэнерго" компаниясы.

ГЭСтин кыйрашына байланыштуу Украина менен Орусия бири-бирин айыптоодо.

Шейшемби күнү эртең менен Херсон облустук аскер администрациясынын башчысы Александр Прокудин Кахов ГЭСинин дамбасы жарылганын маалымдаган жана суу беш сааттан кийин коркунучтуу деңгээлге жете турганын айткан.

Украинанын "Түштүк" оперативдүү командасы Кахов ГЭСинин талкаланышына орус аскерлери күнөөлүү деп жатат:

"Учурда кыйратуунун масштабы, суунун ылдамдыгы жана көлөмү, суу каптоо мүмкүн болгон аймактар такталууда. Бардык кызматтар иштеп жатат",- деп айтылат Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө.

Видеонун түшүндүрмөсү, Каховск ГЭС талкаланды. Видео

Херсон облусунун Новокаховка районуна орус бийлиги тарабынан дайындалган оккупациялык администрациянын башчысы Владимир Леонтьев орусиялык мамлекеттик маалымат каражаттарына берген маегинде адегенде ГЭСтин жардырылганы тууралуу маалыматты четке какты.

затопление

Сүрөттүн булагы, https://t.me/roman_mrochko

Бир аз убакыт өткөндөн кийин түнкү соккулардын кесепетинен клапандар бузулуп, суу көзөмөлсүз агып жатканын билдирди. Кийинчерээк орус тарап станциянын 28 тирегинин 11 талкаланганын ачыктады.

новая каховка

Сүрөттүн булагы, Alexei Konovalov/TASS

Владимир Зеленский ГЭСтеги жардырууга байланыштуу Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чакырды.

Украина президентинин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Дарья Заривная Украинанын коргонуу күчтөрүнүн чабуулун үзгүлтүккө учуратуу үчүн орустар Каховск ГЭСин талкалап салганын айтты.

"Кахов ГЭСинин бузулушу Крым суусуз калат дегенди билдирет",- деди ал.

Аннексияланган Севастополдун башчысы Михаил Развожаев ГЭСтин бузулушу шаарды таза суу менен камсыздоого таасирин тийгизбейт деп ырастоодо.

Presentational grey line

Элди көчүрүү

Херсон областынын аскердик администрациясынын башчысы Александр Проскудин суу баскан коркунучтуу райондордо жашаган элди көчүрүү башталганын билдирди.

Днепрдин оң жээгиндеги Николаевка, Ольговка, Львово, Тягинка, Понятовка, Ивановка, Токаревка, Понятовка, Приднепровский, Садовый, Херсон шаары жарым-жартылай - Корабел аралы суу басуу коркунучу алдында.

Херсондон биринчи эвакуациялык поезд 12:00 дө чыгары "Укрзализныця" телеканалынын телеграм-каналынан жарыяланды.

карта

Ал эми Россия тараптан эвакуация жөнүндө билдирүүлөр болгон жок. Владимир Леонтьев элди эвакуация кылуунун азыр кереги жок деди.

"Шаарга жана калктуу пункттарга коркунуч жок. Бирок азыр канализациялык станцияларды суу басты, электр чубалгыларынын бир тобу талкаланды, суу көзөмөлсүз уруп келип жатат",-деди ал.

- Прогноз боюнча 72 саат ичинде суу демейки деңгээлине түшөт. Бирок биз азыр 72 саатты баштан өткөрүшүбүз керек".

Запорожье АЭСине коркунуч

Украинанын "Энергоатому" Кахов ГЭСинин талкаланышынынын Запорожье ГЭСине кесепети тиерин кабарлады. "Кахов суу сактагычындагы суу станциядагы турбинанын конденсаторлоруна жана ЗАЭСтин коопсуздук системасына керек",-деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Ошол эле убакта "Энергоатомдо" "кырдаалды көзөмөлдө" деп айтышууда.

Кахов ГЭСи талкалангандан Запорожье атомдук электр станциясынын өзөктүк коопсуздугуна тикелей коркунуч жок,-деп билдирди МАГАТЭ. Аталган уюмда иштегендер дамбанын бузулганын билишет жана кырдаалга көз салышууда. (КС)