"Менин өлкөм жок, үй-бүлөм гана бар". Румынияга качкан украин дезертирлери

- Author, Ник Торп
- Role, BBC News, Бая-Маре
- Published
Украинанын аскерге жарактуу курактагы алты миңден ашык жараны Россия басып киргенден кийин Румынияга жашыруун жолдор менен качып кетип, убактылуу баш паанек алды. Алардын көбү жолдо жанын оозуна тиштеп, чоң кыйынчылык менен араң өттү.
Аскерден качкандардын арасында жаңы чакырылгандар менен катар согушту көрүп калган дезертирлер да бар. Би-Би-Си кабарчысы Торп Ник алардын кээ бири менен жолугуп сүйлөшүп келди.

"Тиса мен ойлогондон да тайыз экен, көкүрөктөн араң келди, - дейт Георгий, - ошондуктан сүзүштүн деле кереги болгон жок, дарыяны жөн гана кечип өттүм".
Румын жээгинде жеткенде аны украин патрулу байкап калган.
"Мен адегенде атканын уктум, андан кийин сөгүнө баштады, бирок мен корккон жокмун. Фронтто болгондор асманга атылган ок менен сени көздөй атылган октун айырмасын билет".
Георгий - албеттүү денеси бар, бирок жүзү назик, бир нерседен корккондой көздөрү алактайт. Ал колго түшүп калса, дезертир катары он жыл түрмөгө кетет.
Бул анын чыныгы аты эмес. Украиндердин ким экенин ачыктабаш үчүн алардын аттарын өзгөртүп койдук.
Георгий окопто өткөргөн биринчи күндөрү абдан коркунучтуу болгонун айтат. Бул өткөн жылы мартта согуш башталгандан бир айдан кийин болгон.
"Бизде курман болгондор 27, жарадарлар 57 болду". Ал телефонун барактап мурдагы кызматташтарынын сүрөттөрүн карап жатты. Чекеси тырышып, колдору калтырайт.
"Бул адамдардын баары өлгөндөр, мени менен мындан башкасы": ал камуфляж кийген аялдын сүрөтүн көрсөттү.
Украинанын чыгышындагы согуш болуп жаткан аймагынан батыштагы тынч чек арага чейинки жолду басыш үчүн Георгийге бир нече апта жана миң евро керек болду. Акчаны "ортомчуларга" төлөдү.
Украинада аскерге милдеттүү чакыруу кыйла кыйынчылык менен ишке ашууда, бийликтер бул иште коррупция чоң көйгөй экенин айтышат.
Украинанын батышындагы ишенимдүү булактар армиядан калыш үчүн "ай сайын төлөнүүчү акча" бар экенин айтышууда.
Ал эми фронттун алдыңкы сызыгынан аскер бөлүктөрүнүн командирлери согушкусу келбегендерди же корккондорду жибербегиле, алар ашка жүк-башка жүк болгондон башка пайдасы жок деп жатканы тууралуу кабарлар келүүдө.
Бирок көп эркектер башка өлкөгө жашыруун жолдор менен качып кетүүнү согушка барбай калуунун бирден бир аргасы катары карашат.
Украинанын аскер патрулдары Тисанын жээгиндеги жолдо ар бир он километрде машиналар менен автобустарды токтотуп, аскерден качкандарды кармашууда.
Жакында эле Украинанын Чек ара кызматы күнүгө жыйырмадан адам кармалып жатканын кабарлады. Би-Би-Си Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жетекчилигине кайрылып, дезертирлердин чыныгы санын тактап берүүнү өтүндү.
Ошол эле убакта Румыниянын иммграциялык кызматтарынын маалыматы боюнча, Россия өткөн жылы Украинага кол салып киргенден кийин аскерге жарактуу курактагы 6200 украин эркеги 600 км чек араны кесип өтүп, Румыниядан убактылуу баш паанек алды.
Ошондой эле 20 миңден ашык адам бул жакка легалдуу барып, ар кандай жеңилдиктерди алып, кайтпай турган болууда.
Украин тараптын расмий маалыматына караганда, соңку он беш айда румын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп жаткан учурда 90 адам каза тапты: кимдир-бирөө Тисте чөгүп өлдү, кай бири тоодо тоңуп калды.
Дезертирлер көйгөйү Украинадагы кармаштын эки жагында тең бар. Аскерден качкан он миңдеген орус жарандары тууралуу көп эле жазышты, ал эми бул баян аскерге баргысы келбеген украиндер жөнүндө.
Дима баймагын түрүп, дүмүргө окшоп калган оң бутун көрсөттү. Көрсө, Батыш Украинадан Түндүк Румынияга тоо аралап баратканда манжаларын суукка алдырып жибериптир.

Дима военкоматтан чакыруу келери менен эле качып жөнөгөн. Ал төрт адам болуп чек арадан качкан, алардын бирөө жолдон өлдү.
"Экинчи түнү кар бурганак болуп жатканда мен аялыма телефон чалып кечирим сурадым, жетпейм деп айттым",-дейт.
"Анда мен ага келесоо болбо, тур дагы жолду улант деп айттым", - деп аялы Катя сөздү илип кетти. Бу убакта экөө тең бекем кол кармашып турду.
Биз жолуккандар көбүнчө Украинанын батышында жашаган этникалык румын азчылыгындагы адамдар болду, бирок биз жүргүзгөн иликтөө дезертирлер бүт өлкө боюнча бар экенин көрсөтүүдө.
Украина менен Румыниянын ортосундагы чек аранын бул тилкеси тоо кырлары менен кетет. Румын тарабы тикелей эле дубал. "Ортомчу" атыккан контрабандисттер Дима менен дагы тогуз адамды ушул жакка жиберишти.
Дима бул тик тоодон жылгаяк муз менен дыргаяктап, катуу шамалда түшүп атканда күүлөнгөн бойдон тоодон учуп кетип, жолдон ботинкесин, телефонун жана бир байпагын жоготту. Канжалап, ар кай жери томуйуп шишип, шымынын бир өңүрүн үзүп, телефон шнуру менен байлап алып бир бутуна кийип, эптеп жол улашка туура келди.

Тоо арасында азабын жеген төрт күн, үч түн өткөндөн кийин Дмитрийдин аялы жардам сурап кайрылган румын куткаруучулары аны араң жан жаткан жеринен таап, тик учак менен ооруканага алып келишти.
"Эгер сени коркок деп аташса, эмне деп жооп бермексиң",-деп сыпайы сурадым Димадан.
"Менин өлкөм жок,- дейт ал ыңгайсыз болуп, - менин үй-бүлөм гана бар".
Румындардын чек арага жакын жердеги чоң, тынч шаары Бая-Мареде орустар ракеталык соккуга алып жаткан Запорожьеде мурда врач болуп иштеген Верониканы жолуктурдум.
Ал он сегизге жашы жеткен уулун алып, аскерге жибербей алып калыш үчүн ишин таштап Румынияга келиптир. Гарри Поттерге окшошуп кеткен, көз айнекчен зыңкыйган жигиттин сүрөтүн мага көрсөттү.
"Ал абдан акылдуу, бирок физикалык жагынан чабал. Мамлекетке жалаң эле аскерлер эмес, акылдуу баштар дагы керек да. Менин уулумдун акылдуу башы өлкөгө дагы керек болот деп ойлойм", - дейт Вероника.
Георгий менен Дима сыяктуу эле анын дагы качан үйгө кайтышарына көздөрү жетпейт.
Румыниянын мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери Мария өзүнүн патрулдук машинасынын багажнигин ачып, эркектердин кийимдери менен жууркан салынган пластик мешокту көрсөттү.

"Эркектер дарыяны жиреп өтүп келгенде суу болуп, үшүп-калтырап, коркуп келишет. Бизди аларды артка жиберет деп ойлошот, бирок биз эч качан андай кылбайбыз",-дейт ал.
Мария украинче сүйлөйт, көбүнчө ага биринчи болуп эркектер кайрылат. Георгий сыяктуу кээ бирлери жолдогу кыйынчылыктан согуштагы жарааты күчөп кеткендери да болот.
Башкалары украин аскерлери качкындарды коркутуш үчүн сууга ыргыткан тикенек зымга же бөтөлкөнүн сыныгына буттарын тилдирип алат.
Мария алардын баарына жардам бергенге даяр.
"Мен жардам бергенге аракет кылам, керек болсо тамак-аш, дары-дармек беребиз", - дейт ал. (КС)
































