Оп тарткан окоптор, "ажыдаардын тиштери": Украинанын чыгышы менен Крымдагы орус чептеринин спутник сүрөттөрү

Graphic showing a Russian soldier behind barbed wire and other fortifications
    • Author, Даниэль Палумбо жана Эруэн Риво
    • Role, Би-би-си Verify
  • Published

Спутниктен тартылган сүрөттөр Украинанын контр чабуулуна каршы Россия масштабдуу коргонуу чептерин куруп даярданып жатканын көрсөттү.

Украина көптөн бери даярданып келген контр чабуулун баштаса, ал чечүүчү мааниге ээ болот. Киев батыштан алган куралынын жардамы менен Россия басып алган аймактарын бошотуп алганга кудуреттүү экенин көрсөтүүгө умтулат.

Спутниктен тартылган жүздөгөн сүрөттөрдү талдоого алып, Би-Би-Си Россиянын октябрь айынан бери катуу киришип, окоп казып, коргонуу чептерин куруп жаткан бир нече орчундуу тилкелерин аныктады.

Бул төрт тилке Россия контр чабуулду кай тараптан күтүп жатканын жана украин армиясы кандай коргонууга кабыларын көрсөтүп турат.

1. Крымдын батыш жээги

Россия 2014-жылы аннексиялап алган Крым кечээ эле деңиз жээгиндеги курорттору менен атагы чыккан жер эле.

Азыр болсо жээктеги шезлонгдор менен чатырлардын ордуна 25 км аралыкка орус аскеринин коргонуу тосмолору курулду.

Крым Батыш жээк

Төмөнкү сүрөттөрдө жарым аралдын батыш жээгинде аска же дөбө сыяктуу табигый калканычы жок ачык турган жалгыз кумдуу пляждын кандай чепке айланганын көрүүгө болот.

Биринчиден, бүт жээкти бойлото "ажыдаардын тиштери" сайылган: пирамида формасындагы бетон блоктор танка менен башка аскердик техниканын жолун торойт.

Анын артында чабуулдан жашынуу үчүн траншейлер курулган. Траншейлерди бойлой бир нече бункерди көрүүгө болот.

Бул сүрөттөр мартта тартылган. Жыгач курулуш материалдарынын үймөгү, экскаваторлор жана "ажыдаар тиштеринин" запасына караганда ал убакта курулуш иштери улантылып жаткан.

Россиянын Украинадагы чептери

Кээ бир аскер эксперттеринин оюнча, бул коргонуу чептеринин мааниси Россия деңизден контр чабуулду күтүп жатканында эмес, негизинен алдын алуу, сактануу чарасы катары каралышы керек.

"Бул чептер Украина Крымга деңизден кол салууга батынбасын деген максатта эле курулган сыяктуу", - дейт аскердик чалгындын аналитиги Лейла Гест.

BBC Verify адистери социалдык тармактагы видеолордон айрым окопторду карап талдап, орус чептери курулган башка маанилүү тилкелерди да таап чыгышты.

Алардын кай жерде жайгашканын так аныктап алып, журналисттер спутник сүрөттөрүнүн жардамы менен траншейлердин бүтүндөй тармагын көрө алышты.

2. Токмак

Запрожье областындагы бул чакан шаар маанилүү түштүк-чыгыш жолунда жайгашкан, аны кайра ээлеп алуу менен украин күчтөрү Крымды Россия ээлеп алган башка аймактардан бөлүп салышмак.

Россиялыктар Токмак менен башка жакын жердеги калктуу пукттардан бүт элди алып чыгып, шаарды аскердик чепке айландырганы кабарланган. Бул орус армиясына бекем тыл жана чегинүүгө база болуп бермек.

Россиянын Украинадагы чептери

Токмактын спутниктеги сүрөттөрү (жогоруда) шаардын түндүгүн карай эки сызыктан турган траншей системасы курулганын көрсөтөт. Бул Украина шаарга чабуул кое турган потенциалдуу багыт болуп саналат.

Бул траншейлердин артынан шаардын айланта үч коргонуу деңгээли бар дагы бир чеп курулган, аны спутник сүрөттөн чоңураак пландан көрүүгө болот.

Россиянын Украинадагы чептери

Спутник сүрөттөрдүн жогору жагында танкаларга каршы казылган аң-чуңкурлар көрүнөт. Мындай чуңкурлардын тереңдиги 2,5 метрден кем болбойт жана алар чек араны кесип өткөн душмандын танкаларынын жолун тосуш үчүн жасалган.

Аң-чуңкурлардын артынан "ажыдаар тиштери" жана траншейлердин дагы бир катары коюлган.

Россия куруп жаткан чептер

Бирок украин армиясы башка дагы капкандарга кабылышы ыктымал.

Токмактын үч коргонуу сызыгындагы тилкелерге мина коюлган болушу мүмкүн, дейт Марк Канчиан, АКШнын стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунан.

"Миналанган талаалар - стандарттуу коргонуу ыкмасы, согуштун башынан бери орустар аны кеңири колдонуп жатышат", - дейт ал.

"Алардын максаты - украин чабуулун басаңдатуу, анткени башка күжүрмөн бөлүктөр - артиллерия, жөө аскер чабуулга өткөндөргө сокку урганга мүмкүнчүлүк алат", - дейт Канчиан.

BBC Verify журналисттери Токмак шаарынын жанынан чеп болуп курулган дагы үч шаарды табышты.

3. Трасса Е105

Танкаларга каршы казылган аң-чуңкурлар менен траншейлер Токмактан батышты көздөй E105 автомагистралынын 35 километрине чейин жетет.

Танкаларга каршы аң-чуңкурлар

E105 автомагистралы стратегиялык мааниге ээ, ал Россия түштүктө ээлеп турган Мелитополь менен Украина көзөмөлдөп турган түндүктөгү Харьковду байланыштырып турат. Бул жолду көзөмөлдөп турган тарап бул аймакта аскерин каалагандай көчүрө алат.

Эгер украин армиясы бул магистралды ээлеп алууга аракет көрсө, Россия аны өзүнүн чептеринен оор артиллерия менен соккуга алат. Россия өзүнүн позициясынан жакын турган Т401 кан жолун да аткылай алат.

"Россияны украиндердин жакында түзүлгөн танка талкалагыч бөлүктөрү тынчсыздандырууда. Эгер бул бөлүктөр башкы магистралга чейин жетип барса, анда алар өтө ыкчам жүрүп кетет",-дейт Канчиан.

"Аларды жолдон оолак кармаш үчүн Россиянын коргонуусу аны басаңдатышы керек".

4. Ровнополь

Россия Украинанын чыгышында оккупациялап алган аймактар менен түштүктөгү Крымдын ортосунда жайгашкан Мариуполь стратегиялык мааниге ээ. Ал дагы орус басып алуусуна украиналык каршылыктын күжүрмөн символу болуп калды: камоого алынган шаарда камалып калгандар орустарга багынып бербей, эң акырына чейин кармашты.

Россия Украина Мариуполду кайтарып алууга аракет кыларын билет жана күтөт. Ошондуктан BBC Verify шаардын айланасындагы аймакты карап көрүп, ал жакта дагы көп айланма траншейлерди тапты.

Чакан поселок болгон Ровнополдон алыс эмес, Мариуполдон 55 км түндүктө тегерек формадагы траншейлер даана көрүнөт. Алардын ар биринин ортосунда үйүлгөн топурак бар, ал артиллерияны коргоо же куралдарды бекемдеш үчүн колдонулат.

Мариупол траншейлер

Тегерек траншейлер жоокерлерге коргонуп калууга жана артиллерияны каалаган багытка көчүрө бергенге мүмкүнчүлүк берет.

Бул Россиянын окоптордон сырткары ачык жердеги тилкелерин (дөбө, дарыя сыяктуу табигый калканычтары жок) да коргоого даярданып жатканынын далили.

Кээ бир аналитиктер айткандай, спутник сүрөттөрдүн жана чалгынчы дрондордун жардамы менен украин аскери орустар курган коргонуу чептеринин бир тобун көрдү жана аны айланып өтүүнүн аракетин көрөт.

"Ошондуктан россиялыктар украин армиясын аябай жыш мина коюлган маршрутка салганга аракет кылат жана ыңгайлуу учурда артиллериялык сокку урат",-дейт Sibylline Ltd компаниясындагы глобалдык коркунучтарды изилдеген эксперт Александр Лорд.

Спутниктен тартылган сүрөттөр контр чабуулга каршы кандай тоскоолдуктар, чептер курулуп жатканын көрсөткөн менен ал Россиянын коргонуу планынын айрым гана бөлүгү болушу мүмкүн.

Тексттин үстүнөн Том Спенсер да иштеди.

*"Би-Би-Си Verify" - Би-Би-Синин ачык булактардагы маалыматты издеген, текшерген жана талдоого алган журналист-иликтөөчүлөрү иштеген жаңы бөлүмү. (КС)