Кремль Путиндин резиденциясына дрондор менен сокку уруу аракети болгонун билдирди

Сүрөттүн булагы, Maxim Churusov/TASS
Шаршембиге караган түнү Россиянын президенти Владимир Путиндин Кремлдеги резиденциясына дрондор менен сокку уруу аракети болду, бирок ал жабыркаган жок, -деп билдирди Кремль. Алар бул Путиндин өзүнө болгон чабуул деп атап, бул аракеттер жоопсуз калбайт деп эскертишти. Телеграм-каналдар түтүн чыккан Кремлдин видеосун чыгарышты.
"Бүгүн түнү Киев режими тарабынан учкучсуз учуучу аппараттар менен Россия президентинин Кремлдеги резиденциясына сокку уруу аракеттери болду", - деп Кремлдин басма сөз кызматынын кабарында айтылат.
Кремлдин кабарына караганда чабуул жасаш үчүн эки дрон колдонулган. "Эки учкучсуз учуучу аппарат Кремлге мээленген болчу. Аскерлер менен атайын кызматтардын радиолокациялык күрөш системаларын өз убагында колдонгон аракеттеринин натыйжасында аппараттар жараксыз кылынды",-деп айтылат билдирүүдө.
Кремлдин басма сөз кызматы дрондордун чабуулун Жеңиш күнүнүн жана 9-Майдагы параддын алдында "пландаштырылган террордук акция жана президентке кол салуу" деп атады. "Анын иш графиги эч кандай өзгөргөн жок",-деди басма сөз кызматы. "Дрондордун Кремлдин аймагында кулап түшкөнүнөн жана анын сыныктары чачырагандан жабыркагандар жана материалдык зыян болгон жок".
Билдирүүдө Россия бул чабуулга "кай жерде, качан керек болгондо" жооп кайтарат деп айтылат.
Кремлдеги түтүн
Андан мурда телеграм-каналдарда Кремлден түтүн чыгып жатканы тартылган видео тарады.
"Соседи. Якиманка-Замоскворечье" телеграм-каналы Большой Каменный мост тарабынан тартылган видеону төмөнкүдөй комментарий менен чыгарды: "Дүңк эткен добуш күн күркүрөгөнгө окшоп кетти деп Серафимовия көчөсүндөгү коңшулар жазышты. Ошондой эле Набережныйдагы үйдүн жашоочулары асманда жылт эткен учкундарды жана Кремлдин дубалынын жанынан фонарик көтөргөн адамдарды көрүштү. Кремль менен Набережныйдын жарыктары өчүрүлдү".
Бул кабардан мурда Россиянын башка региондорунда, анын ичинде Брянск облусунда дагы дрондордун чабуулдары болгону жөнүндө жаңылыктар тарады.
Блогерлер дагы бир башка видео чыгарышты, анын чындыгын аныктоо азыр мүмкүн эмес. Ал 9-майга карата жасалгаланган Кызыл аянт тараптан тартылган. Анда дрон Кремлдин Сенат сарайынын чокусуна барып жарылганын көрүүгө болот.
Киевдин реакциясы
Украинанын президентинин басма сөз катчысы Сергей Никифоров Би-би-сиге Киевдин максаты Москва эмес, оккупацияланган аймактарды бошотуу деп билдирди.
"Кремлге түн ичинде болгон чабуулдар жөнүндө бизде маалымат жок, бирок президент Зеленский далай жолу айткандай, Украина бардык күчүн жана каражатын бөтөн жактарга чабуул жасоого эмес, өзүнүн аймагын бошотууга жумшап жатат", - деди ал.
Анын айтымында, теракт - Днепрдеги жана Умандагы талкаланган үйлөр, "ал эми Москвада болгон иш, 9-майдын алдында кырдаалды курчутууга окшойт".
Дрондор чабуулу
Өткөн аптанын башында Москванын жанындагы Ногинскиде жергиликтүү бийликтер жардыргыч зат салынган дрондор табылганын билдирген. Анын соңунан Москва областында дагы үч дрон табылганы белгилүү болду.
Жыл башынан бери байкоочулар Москвада асмандан коргонуу системалары кошумча коюлганын кабарлашкан. Блогерлер өз кезегинде зениттик-ракеталык техникалардын коюлуп жатканы дрондор коркунучу менен байланыштуу деген версияны көтөрүшкөн.
Украина Россиянын аймагындагы дрондордун чабуулдарына жоопкерчилик алган жок.
Ошол эле убакта украин армиясынын "Түштүк" оперативдүу командачылыгынын пресс-атташеси Наталья Гуменюк аннексияланган Севастополдогу мунай базада ишембиде болгон өрт жөнүндө сөз кылып, "баары күтүп жаткан толук масштабдагы чабуулга даярдык иштери" жөнүндө билдирди,
Россиянын бийликтери диверсиялык коркунучтарды 9-майдагы параддарды токтотуу үчүн пайдаланышты. Ушул негизде бүт өлкө боюнча "Өлбөс полк" массалык жүрүштөрү токтотулду.
Бирок Кызыл аянтта Жеңиш парады болот, өзгөрүүлөр жок, деп Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремлге украин дрондорунун чабуулу болду деген кабарлардан кийин билдирди. (КС)

































