Петербургда жардыруудан аскердик блогер мерт болду

Сүрөттүн булагы, Alexander Demianchuk/TASS
Россиянын Украинага каршы согушуна пропагандист катары жана колуна курал алып катышкан Владлен Татарский Санкт-Петербургдагы кафеде болгон жардыруудан каза тапты.
Жардыруу "Стрит-фуд бар №1" кафесинде болду. Бул жерде Татарскийдин чыгармачылык кечеси өтүп жаткан (анын чыныгы аты жөнү - Максим Фомин). Жардыруудан кийин аны реанимацияга алып барышып, ошол жактан үзүлдү.
Жардыруудан дагы 30 адам жабыркады, анын 24 ооруканага жеткирилди, алтоонун абалы оор экенин Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Сүрөттүн булагы, TASS/AP
"Фонтанка" кабарчысы күбөлөргө таянып жазгандай, жардыруу Владлен Татарскийге бир кыз статуэтканы белек кылгандан кийин болду. Бул жөнүндө ТАСС дагы кабарлады. Татарскийдин РЕН-ТВдеги кадрларына караганда, бул Татарскийдин өзүнүн аскердик каска кийген бюсту экен.
"Фонтанка" билдиргендей, белек көтөрүп келген кыз өзүн сүрөтчү Настя деп тааныштырып, столдо жалгыз отурган. Күбөнүн айтымында, бир маалда ал гардеробго барып, бир чакан куту көтөрүп келди, анда "жалтырак" бир нерсе бар эле. Татарский белекти алып жатканда тамаша сөз айткан, ал эми кыз ордуна барып отурган, ошондон үч мүнөт өткөндө жардыруу болду. Азыркы убакта статуэтканы белек кылган кызды полиция издөөгө алууда.
Пропагандисттик телеканал RT дагы окуяга күбө болгон аялдын айткандарын көрсөттү. Анын айтымында, статуэтканы тапшырган кыз залдан дароо кетпей саамга туруп калган.
Телеканалдын кабарына караганда, бир эле учурда жардыргыч зат залга мурун эле катылып коюлган деген версия да каралууда.
Владлен Татарский ким?
40 жаштагы Владлен Татарский - таанымал Z-блогер, анын телеграм-каналында жарым миллиондон ашык адам катталган. Татарский - псевдоним, анын чыныгы аты-жөнү - Максим Фомин. Ал Донцек областындагы Макеевка айылында төрөлгөн.
Россиянын ЖМКлары аны аскердик кабарчы деп аташууда, бирок ал журналист болгон эмес жана Украинадагы согушка катышып келген. ЖМКлардын жазганына караганда, 2014-жылы Украинада согуш башталардан мурда Татарский банкты куралдуу тоноого катышканы үчүн түрмөдө отурган.
"2014-жылы 21-июлда мен Горловкадагы зонада отурган элем, биздин лагерь аркылуу Украинанын армиясы басып өттү, - деп Татарский "Лентага" интервью берген. - Так дубалдын түбүндө согуш болду. Мен аны өзүмдүн биринчи согуштук тажрыйбам деп эсептейм: октор, "граддар", снаряд менен миналар учуп жатты. Абакта отургандардын арасынан курман болгондор жана жарадарлар болду". Татарский кийин ЛДНР тарапта согушкан.
Сентябрдын аягында блогерди Кремлге Украинанын төрт регионун Россияга кошуу (аннексия) жөнүндө келишимге кол коюу аземине чакырышкан. Ал жерден блоггер Кремлдин чечимин колдогон видео кайрылуу жасаган: "Баарын жеңебиз, баарын өлтүрөбүз, баарын, ким керек болсо, тонойбуз. Баары биз айткандай болот. Келгиле, кудай жол ачсын",

Сүрөттүн булагы, Alexander Demianchuk/TASS
Жекшембиде таң эрте (6:48) Татарский активдүү иштеп, өзүнүн телеграм-каналында контент чыгарган. Согуш болуп жаткан жерден алынган видеолордон сырткары ал "православныйлар үчүн ыйык жерде мечет курулуп жатканы" жөнүндө пикир жазган: "Христиандар мусулмандар үчүн ыйык жерде чиркөө салбашы керек, мусулмандар дагы христиандардын ыйык жайында мечет салбашы керек. Менимче, логика ушундай. Украинадагы антихристке каршы биздин жалпы Ыйык Согуш болуп жатканда мындай талаш-талкуулардын кереги жок".
Ушул темадагы посттордун ортосунда ал вагнерчилердин чекесине "грузин" деп жазылган туткунду мазактап жатканы тартылган видеону чыгарган. 16:00дө Татарский Москвадагы "Вагнердин" рекламасы тартылган билборддун сүрөтүн чыгарып, аны мактап, мындай сырткы реклама башка шаарларда да чыгарына үмүт билдирген. Бир эле убакта ал башка бирөөнүн дрондордун чачыранды снаряддарын чыгаруу жөнүндө кабарына шилтеме берип, мындай "оюнчуктар" орус армиясында болсун деген каалоосун жазган. Бул анын телеграм каналындагы акыркы билдирүүсү болуп калды. (КС)
































