ISW: Пригожин күчүнөн тайыды, анын жалданма күчтөрүнүн ордуна регулярдуу аскер бөлүктөрү келди

Украинадагы согушта россиялык десант күчтөрү кадимки жөө аскер катары колдонулуп калган учурлар көп.

Сүрөттүн булагы, RUSSIAN DEFENSE MINISTRY/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинадагы согушта россиялык десант күчтөрү кадимки жөө аскер катары колдонулуп калган учурлар көп.
Published

Россиянын армиясынын регулярдуу бөлүктөрү Бахмутка чабуулду улантуу үчүн"Вагнер" жеке менчик аскер компаниясынын алсыраган күчтөрүнүн ордуна келүүдө. 12-январда "Вагнер" тобунун чабуулчулары Соледарды ээлеп алгандан кийин орчундуу ийгиликке жетише алышкан жок. Бул жөнүндө АКШнын Согушту изилдөө институтунун кезектеги докладында айтылат.

20-январда Бахмуттун жанындагы согуштан тартылган видеокадрларда БМД-4М десанттык согуштук машиналарды көрүүгө болот - бул техниканы россиялык согуштук аба аскери гана колдонот дейт эксперттер.

Россиянын Коргоо министрлиги алардын согуштук аба күчтөрү Бахмуттун аймагында 2023-жылдын январь айынан бери жүргөнүн кайра-кайра билдирүүдө.

Украина тараптын өкүлдөрү Россиянын Бахмут багытындагы чабуулу али активдүү экенин айтууда.

"ISW мурда россиялыктардын Бахмутка чабуулун кульминация катары караганбыз. Биз "Вагнер" тобу өзүнүн бардык күч-аракети менен чабуул жасап жатты деген сөзүбүздү улантабыз, бирок азыр биздин баамыбызда россиялык аскерлер чабуулду улантуу үчүн бул жакка регулярдуу аскер бөлүктөрүн жиберүүдө",-деп жазууда аналитиктер.

Бахмут аймагында "Вагнер" тобундагы согушкерлердин күчтөн тайыганы анын кожоюну Евгений Пригожиндин да чечим кабыл алууга таасирин азайтышы ыктымал. Россиянын генералдык штабынын башчысы Валерий Герасимов жана коргоо министрлиги армияны кесипкөйлөштүрүү боюнча бир топ аракеттерди көрүүдө, эгер иш жакшы кетсе "Вагнер" сыяктуу параллель аскер күчтөрүнүн маргиналдашуусуна алып келет",-деп айтылат докладда.

Пригожин муун сезбей койгон жок, дейт докладдын авторлору, ошондуктан өзүнүн таасири азайып бараткандыктан улуттук "ветерандар фракциясына" жана россиялык аскер башчыларын кескин сынга алып жаткан ДЭРдин мурдагы талаа командири Игорь Гиркиндин өзүнө жеке түрдө асылууну баштады.

Атап айтканда, Пригожин Игорь Гиркинди мазактап, аны 2014-жылы Донбасстагы согуш убагындагы аскердик каталыктар үчүн күнөөлөп жатат. Ал Гиркинди эле эмес, Мамдуманын коргонуу боюнча комитетинин мүчөсү, отставкадагы генерал-лейтенант Виктор Соболевди жана ЛДПРдин лидери Леонид Слуцкону Россия эски куралдуу күчтөргө ишенген эскичил доордо жашап жатат деп доомат артууда, деп жазат ISW эксперттери.

Путиндин өнөктөшү жана Вагнер тобунун негиздөөчүсү ким өзү?

Евгений Пригожин (сол жакта) ресторанчы катары белгилүү болуп, "Путиндин ашпозчусу" деген атка конгон

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Евгений Пригожин (сол жакта) ресторанчы катары белгилүү болуп, "Путиндин ашпозчусу" деген атка конгон

62 жаштагы Евгений Пригожин алгач коомдук тамактануу ишканалары менен ресторандарга ээлик кылып, Кремлдеги расмий иш-чараларды азык-түлүк жана суусундук менен жабдып жүргөндө аты чыккан.

Анын эң белгилүү фотосүрөттөрүнүн бири -идишке тамак көтөрүп келип, орус президентине сунуштап жаткан жерин чагылдырган сүрөт. Кийинчерээк ал "Путиндин ашпозу" деген ылакап атка ээ болгон.

Евгений Пригожин менен Владимир Путин экөө тең Орусиянын экинчи чоң шаары - Санкт-Петербургдан болушат. Алардын тааныштыгы, сыягы, 1990-жылдары, Путин Санкт-Петербургдун мэриясында иштеп, Пригожиндин жергиликтүү аткаминерлердин арасында сүймөнчүктүү саналган ресторанына көп каттаган мезгилинен бери башталса керек.

Пригожиндин коомдук тамактануу бизнеси андан ары гүлдөп, ал мамлекеттик келишимдерди түзүү сересине көтөрүлдү да, мектептерди, бала бакчаларды жана акырында орусиялык аскерлерди азык-түлүк менен камсыздап калды. Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный негиздеген "Коррупцияга каршы күрөш" фондунун иликтөөсүнө караганда, Пригожин түзгөн бул келишимдер 3 миллиард доллардан ашык акчанын кунуна татыйт.

АКШ Вагнер тобун кылмыштуу уюм деп тааныганын жакында жарыя кылды

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ Вагнер тобун эл аралык масштабдагы кылмыштуу уюм деп тааныганын жакында жарыя кылды

Вагнердин жоочулук иш-аракеттери

Көп жылдар бою Евгений Пригожин жарым-жартылай аскерлештирилген Вагнер тобу менен өзүнүн байланышын четке кагып келген, ал тургай аны өзү негиздегенин баяндап чыккан журналисттерди сотко да берген.

Вагнер тобу алгач 2014-жылы Украинанын чыгышында пайда болгон. Вагнер жоочулары Орусия бийлиги ырааттуу козуткан жана колдогон жикчилдерге Украинанын айрым аймактарын көзөмөлгө алып, Донецк жана Луганск облустарында эки жикчил "жумуриятты" түзүүгө жардам беришкен.

2014-жылдан бери жоочулардын Вагнер тобу дүйнө жүзү боюнча, - айрыкча Сирияда жана Африканын көптөгөн өлкөлөрүндө, - бир нече куралдуу жаңжалга катышкан.

Бул топ жаратылыш байлыктарына ээлик кылуу үчүн согуштук аракеттерге катышып жүргөнү кабардалган. Маселен, Сирияда бул топ Сириянын өкмөтү көзөмөлдөгөн мунай кендерин кайтарып, натыйжада кирешенин бир үлүшүн алып турганы айтылган.

Ливияда болсо Вагнер тобу БУУ колдогон өкмөттү кулатууга далалат кылган генерал Хафтарды колдоо үчүн салгылашуу жүргүзгөн жана бул жалданма жоочулар өлкөнүн мунай өнөр жайынан түшкөн кирешеден каржыланып турган.

Борбордук Африка Республикасына келсек, вагнерчи жалданма жоочулар тобу жергиликтүү козголоңчуларга каршы туруу үчүн бийликтеги өкмөттүн тарабын колдоого алган.

Өткөн жылдын сентябрында, Орусия Украинага кол салгандан алты ай өткөндөн кийин, Евгений Пригожин Вагнер тобун өзү негиздегендигин капысынан мойнуна алган, анткени ал кезде Украинадагы баскынчыл согушта эң натыйжалуу орусиялык куралдуу бөлүктөрдүн бири катары Вагнер тобунун аты чыга баштаган.

"Эски куралдарды өзүм тазалап алчумун, ок өтпөс соотторду өзүм иргечүмүн, бул жагынан көмөк бере алчу адистерди да таптым. Ошол учурдан баштап, 2014-жылдын 1-майында патриоттордун тобу жаралган да, кийин ал топ «Вагнер батальону» деп аталып калды", - деп Пригожин өзүнүн басма сөз кызматы аркылуу маалымат таркатты. Бул билдирүүнү анын басма сөз кызматы Reuters агенттигине тастыктады.

Соледарга кирген "Вагнер" согушкери

Сүрөттүн булагы, TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соледарга кирген "Вагнер" согушкери

Президент Путинге дээрлик баш-оту менен берилген Евгений Пригожин орусиялык аскерлердин Украинадагы командачылыгына нааразылыгын билдирген жогорку деңгээлдеги анча-мынча гана лөктөрдүн бири болду.

Расмий өңүттөн алганда, Евгений Пригожиндин Орусиянын расмий бийлик системасында эч кандай ролу жок. Ошондой болсо да, анын таасири канчалык деңгээлде жайылгандыгы айкын көрүнүп турат. (КС)