Турак жайды камсыздандыруу: ким жана кантип утат?

Турак жайды камсыздандыруу

Сүрөттүн булагы, Кыргызгосстрах

Published

Кыргызстандын Экономика министрлиги кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана сатууда камсыздандырууну милдеттүү кылууну мыйзамга киргизүүнү сунуш кылууда. Мындан катардагы жарандар да, камсыздандыруучу компания да жана мамлекет да пайда көрчүдөй. Камсыздандыруунун суммасы азыркы деңгээлинде калса жакшы, а эгер көбөйтө турган болсо, кымбатчылык менен каатчылыкта кыйын болот элге.

«Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасы мамлекеттик маанидеги иш-чара болуп саналат. Милдеттүү камсыздандыруу системасын чыңдоо оңдуу натыйжаларды алып келет, өзгөчө кырдаалдарда жабырлануучуларга келтирилген зыяндардын ордун өз учурунда толтурууну камсыз кылат, турак жайлардын ээлеринин финансылык жактан өз алдынчалыгы сакталат, залалдарды жаба турган мамлекеттик эмес булак түзүлөт",-деп айтылат долбоордо.

Расмий маалыматтарга караганда кыймылсыз мүлктү сатуу, сатып алуу соңку беш жылда эки эсе өскөн. Ар жыл сайын мамлекеттик каттоо кызматында кыймылсыз мүлктөр менен 300 миңден ашуун бүтүмдөр жасалат жана каттоого алынат.

Кадастр жана кыймылсыз мүлктү каттоо департаментинин маалыматы боюнча 2010-жылга караганда катталган кыймылсыз мүлктөрдүн саны 55.7% көбөйдү. Анын ичинде сатуу-сатып алуу 70%, күрөөгө коюу 51% жана белек кылуу 73% өскөн.

"Ушуга байланыштуу азыркы күнү жарандарды турак жайды камсыздандыруу полисин алууга кызыктырган кыйыр механизмдерди киргизүү зарыл",-деп айтылат негиздеме катта.

Долбоордун авторлору камсыздандыруу полисин кыймылсыз мүлктү сатуу-сатып алууда милдеттүү документтердин катарына киргизүүнү сунуш кылууда.

Бул турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандырууга элди кеңири тартууга жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда бюджеттик чыгымдарды азайтууга, талкаланган турак жайды калыбына келтирүүдө керектүү кенемтени камсыз кылууга өбөлгө түзөт, ал түгүл бюджетке киреше алып келет деп айтылат долбоордо.

Айыл жериндеги үйдү камсыздандыруу жылына 500 сом
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айыл жериндеги үйдү камсыздандыруу жылына 500 сом

Мамлекеттик жардамдын жалгыз жолу

Турак-жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу мыйзамда каралган, бирок аны аткарбай койгондор үчүн жоопкерчилик жок. Турак-жайды камсыздандырууга лицензия бир гана "Мамлекеттик камсыздоо уюму" мамлекеттик компаниясына берилген.

Турак жайды камсыздандыруу шаарда 1200 сом, мамлекеттик камсыздандыруу бир миллион сомго чейин. Айылда 600 сом, мамлекеттик кепилденген сумма 500 миң сом. Ар бир жылы төгүп жаңыртып турбаса, мурда төлөнгөн акчалар күйүп кетет.

Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын эсебине караганда, азыркы учурда камсыздандырууга алынган турак жайдын саны 93 миңге жакын. Эгерде жалпы Кыргызстанда каттоодогу кыймылсыз 1 миллион 100 миңдей экенин эске алганда, бул анын болжол менен сегиз пайызын түзөт.

"2016-жылдан бери масштабдуу түшүндүрүү иштерин алып барып атабыз. Бул элге, мамлекетке жана биздин компанияга да пайдалуу иш. 2017-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында турак жай департаменти бар болчу. Алар Кыргызстан боюнча авариялык абалдагы үйлөрдүн рээстрин түзүп, 50 миң кайтарымсыз, 200 миң кайтарымдуу ссудаларды берип келген. 2017-жылы ал практика токтогон. Мамлекеттен жардам алуунун бир гана жолу бар, ал жол - мамлекеттик камсыздандыруу",-дейт мамлекеттик компаниянын өкүлү Нурсултан Чекиров.

Мамлекеттик компания катттодогу үйлөрдүн кеминде отуз пайызын камсыздандырса, 300 миллион сом чогулат. Эгер бул акчадан компания киреше тапса, анда ал өкмөткө дивиденд төлөп, мамлекеттик казынага да пайда түшөт экен.

Өткөн жылы мамлекеттик компания 25 миллион сом таза пайда көрүп, анын 12 миллионун мамлекеттик казынага төгүп берди.

Ош шаарынын тургуну Шүкүрали Тойчиев эки бөлмөлүу батирин алдын ала камсыздандырып койгондуктан, өрт кырсыгы болгондо мамлекеттик компаниядан 850 миң сом жардам алды.

Сүрөттүн булагы, Кыргызгосстрах

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ош шаарынын тургуну Шүкүрали Тойчиев эки бөлмөлүу батирин алдын ала камсыздандырып койгондуктан, өрт кырсыгы болгондо мамлекеттик компаниядан 850 миң сом жардам алды.

"Камсыздандыруу башталган беш жылдан бери Кыргызстанда турак жайын камсыздандырып койгон 761 жаран кайрылып 72 миллион сомго жардам алды. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, жарандарыбыз пайдаланышы керек",-дейт Нурсултан.

"Менин үйүмө кырсык келбейт дебей, камсыздандырып коюунуздар. Сиздин үйгө кырсык келбей эле койсун, бирок башка жакта кырсыктап көзү чачырап турган адамдарга жардамы тийсе, дин жагынан алып караганда бул соопчулук иш болот".

Шалаакылыкка бир тыйын төлөнбөйт

Авариялык абалдагы, техникалык талаптарды бузуу менен курулган, камакта турган турак жай камсыздандырылбайт.

Ошол эле убакта үйүм камсыздандырылган деп камаарабай коюп, шалаакылыкка жол берүүгө да болбойт. Эгер турак жай ошондой шалаакылыктын натыйжасында күйүп кетсе же бузулса, анда камсыздандыруучу компания бир тыйын да бербейт.

Камсыздандырууда көңүл бурчу юридикалык билинбеген маселелер болот. Башкача айтканда компаниядан акча алуу үчүн жарандарга көп шарттар коюлат. Мисалы, кийин үй нормага ылайык салынбагандыктан урап түштү деген жүйөө чыгышы ыктымал.

Турак жай башка максатта колдонулса, аскердик, террордук, ар кандай көтөрүлүштөрдүн же дагы башка уруштардын натыйжасында талкаланса төлөп берилбейт. Кыргызстанда үч жолу революция болгондо талоонго учурап, бүлүнүп-чачылган көп дүкөндөр, ишканалардын зыянын эч ким төлөп берген эмес.

Тажикстан тараптан кол салуу убагында Баткен областындагы чек арага чектеш айылдардан жүздөгөн үйлөр өрттөлүп, талкаланды.

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тажикстан тараптан кол салуу убагында Баткен областындагы чек арага чектеш айылдардан жүздөгөн үйлөр өрттөлүп, талкаланды.

Азыр деле революция, массалык тополоң, талап-тоноодон камсыздандырууга бир да компания милдет албайт. Анткени, Кыргызстан эл аралык уюмдардын баасы боюнча дагы эле тобокелдик көп тооруган, туруктуу эмес өлкөлөрдүн тизмесинде турат.

Баткен областындагы чек арага чектеш айылдарга кол салуу убагында талкаланып, өрттөлгөн үй-бүлөлөргө мамлекеттен тикелей жардам берилүүдө. Бирок камсыздандыруучу компаниялар бул ишке катышкан жок.

Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруу маданияты анчалык өнүккөн эмес. Ошол себептүү Камсыздандыруунун калган түрлөрүнө жарандардын катышуусу бирин-серин гана, кызыгуу дээрлик жок.

Мисалы, "Кыргызстан" компаниясы Бишкектеги бай адамдар жашаган райондогу жашоочуларды үй-мүлкүн камсыздандырууга катышууга үндөп акция өткөргөндө, эки жүз адамдын эки адам гана кызыгуу арткан.