Киевге дрон-камикадзелер чабуул койду

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency/Getty
Киевдин борборунда дүйшөмбүдө эртең менен кеминде төрт жерде жардыруу болду. Украин бийликтери иран өндүрүшүндөгү россиялык дрон-камикадзелердин чабуулу болгонун билдирүүдө. Бул чабуул Украинанын энергетикалык инфраструктурасы массивдүү ракеталык соккуга алынгандан бир аптадан кийин болуп жатат.
Украинанын баш калаасы кайрадан асмандан урулган соккулардын алдында калды. Россиягыг армиясы ракета жана дрондор менен аткылагандан туура бир аптадан кийин киевдиктер кайрадан шаар ортосундагы жардыруулардын добушунан ойгонушту.
Канча жардыруу болгонун айтыш кыйын. Мэр төрт жолу болду десе, башкалар беш-алты деп жатат.
Өткөн аптада шаарга баллистикалык ракета менен сокку урулган. Бүгүн болсо дрондор сокку урууда.
Россия кийинки күндөрү иран өндүрүшүндөгү дрон-камикадзелерди пайдаланууда. Бул куралдын ышкырып-ызылдаган үнүнө шаарда көнүп да калышты.
Аларды атып түшүрүү үчүн асманга ок жаадырган зениттик батареялардын дүңгүрөгөн үнүнөн шаар ичи солкулдап кетүүдө.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Бутага эмне алынып жатканын айтыш кыйын. Мэриянын айтымында, турак үйлөр менен катар башка имараттар дагы жабыркоодо.
Темир жолду караган кызматтардын кабарына караганда, жардыруулар Киевдин башкы вокзалынын жанында да болууда.
Мурунку чабуулдар Украинанын энергетикалык объектилерине болуп жаткан.
Өкмөт шаардыктарды баш калкалоочу жайлардан чыкпай отургула деп эскертүүдө, бирок көчөлөр таптакыр эле бош калган жок.
Аба соккуларынын биринчи жана экинчи серияларынын ортосунда көп адамдар дүйшөмбүдө эртең менен өздөрүнүн күнүмдүк иши менен алек болуп жаткандай.
Украиндердин жашоосу ушул жылы аябай өзгөрдү, согуш бир фазадан экинчисине өттү. Эми кыш жакындаган сайын дагы башка бир топ түйшүк менен машакаттуу иштер кошулат.

Сүрөттүн булагы, t.me/vitaliy_klitschko
Франс пресс агенттиги жарыялаган кадрлар.

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty
Социалдык сайтка чыккан бир видеодон Киевдин жашоочулары дронду атып түшүрүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency/Getty

































