Ижевск мектебиндеги ок атуу: 17 адам каза тапты, 11 балдар

Сүрөттүн булагы, TASS
Ижевскидеги №88 мектептеги ок атуунун курмандыктары 17 адамга жетти, анын ичинде 11 окуучу балдар. Ошондой эле 14 бала жана жети чоң киши жарадар.
Ок аткан адам ушул мектепти бүткөн 34 жаштагы Артем Казанцев, ал өзүн өзү өлтүргөнүн ИИМ билдирди.
"Азыркы убакта полиция ок аткан адамдын денесин тапты. Маалыматка караганда, ал өзүн өзү өлтүрдү", - деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.
Бул маалыматты Тергөө комитети да ырастады. "Ал нацисттик символ жана балаклава тартылган кара майка кийип жүргөн. Документтери жанында болгон эмес. Анын ким экени азыркы убакта аныкталууда",-деди Тергөө комитети.
Кремлдин өкүлү №88 мектепке кол салууну "неофашисттик уюмга же топко таандык адам жасаган теракт" деп атады.
Мамдуманын депутаты Александр Хинштейн телеграм-каналына Ижевскидеги мектепке ок аткан адам эки согуштук патрондорго ылайыкталып жасалган эки трамватикалык пистолет менен барганын жазды.
Ижевскиде Пушкин көчөсүндөгү №88 мектептеги ок атуу жөнүндө дүйшөмбүдө эртең менен телеграм каналда жазып башташты.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Ок атуу сабак болуп жатканда башталган - кара костюмчан адам мектепке кирип барып, эки кароолчуну аткан, андан кийин балдар менен мугалимдерди атып кирген.
Окуя болгон жерге барган Удмуртиянын башчысы Александр Бречалов ок атуудан каза тапкан адамдар бар экенин билдирди.
"Удмуртияда Ижевскиде №88 мектепте бүгүн трагедия. Белгисиз адам мектепке кирип барып, кароолчуну өлтүргөн, ал белгилүү. Балдар арасында каза тапкандар жана жарадарлар бар", - деп кабарлады ал өзүнүн телеграм-каналынан.
Бречаловдун берген маалыматына караганда, мектепте ок аткан адам психолоневрологиялык диспансерде каттоодо турган экен.

Сүрөттүн булагы, TASS
Удмуртияда мектептеги кол салуудан каза тапкандар боюнча үч күндүк аза күтүү жарыяланды. (КС)
































