Токио: олимпиадалык оюндарга көрүүчүлөр кирбей калышы мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Азыркы учурда олимпиадалык оюндарга күйөрман көрүүчүлөрдү киргизиш керекпи -жокпу деген маселеде талаш-тартыш болуп жатат.
Би-Би-Си кабарчысы Майкл Бристоу жиберген кабарга караганда, Жапониянын Ковид боюнча улук кеңешчиси жаңы отчетто бардык көрүүчүлөргө тыюу салуу эң коопсуз, эң туура вариант болот деп билдирди.
Бирок Жапониянын премьер-министри менен олимпиаданын уюштуруу комитетинин президенти көрүүчүлөрдүн болушун каалап жатат.
Акыркы чечим келаткан дүйшөмбүдө кабыл алынат.ю
Азыркы убакта Жапонияда спорттук иш чараларга көрүүчүлөр он миң адамга чейин гана чогула алышат.
Олимпиадалык оюндар убагында дагы ушул сыяктуу чектөөлөр болушу мүмкүн.
Коронавирустан улам бир жылга артка жылдырылган олимпиадалык оюндар ушул жылдын 23-июлунда башталышы керек. Ал эми Паралимпиада оюндары 24-августта болот. Уюштуруучулар оюндарды мүмкүн болушунча коопсуз өткөрүү жагын белгиледи.

Сүрөттүн булагы, IOC
Күйөрмандар үчүн эрежелер
Эл аралык олимпиада жана паралимпиада комитети, Токио оюндарын уюштуруу комитети жыл башында эле техникалык кызматкерлер жана спорт бирикмелеринин өкүлдөрү үчүн биринчи сунуштамасын жарыялаган. Анда пандемия шартындагы санитардык чаралар тууралуу маалымат берилген.
Маселен, уюштуруучулар күйөрмандардан жана катышуучулардан ырдап, кыйкырып сүрөөнгө албоону өтүндү. Анын ордуна өзүнүн улуттук курам командасын колдоо үчүн кол чапса болот.
Кыйкырып сүрөө жана ырдоого болойт деген көрсөтмөдөгү "гигиена" тууралуу бөлүмдө "спортчуларды ыр менен эмес, кол чабуулар менен колдоп тургула",-деп айтылган.
Мындан сырткары оюнга келген коноктордун баары жеке "иш чарларынын планын" 14 күн мурун толтуруп берет. Анда эки апта ичинде кайда барат, кандай иш-чараларга катышаарын алдын ала пландоо каралган.
Көрсөтмөлөрдү карап көрүп спортчулар өздөрү катышпай турган мелдештерге барууга тыюу салынат деп бүтүм чыгарганга болот. "Сиз мелдештерге көрөрман катары бара албайсыз",-деп жазылган анда.



































