Токио-2020: Олимпиада оюндары кандай шартта өтөт?

Жети жолку олимпиада чемпиону, Токио-2020 оюндарынын президенти Сейко Хашимото

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жети жолку олимпиада чемпиону, Токио-2020 оюндарынын президенти Сейко Хашимото
Published

Токио-2020 оюндарынын президенти Сейко Хашимото Олимпиаданын өтүшүнө жүз пайыз ишенимде турганын айтты. Бирок коронавируска байланыштуу күйөрмандары жок өтүшү мүмкүн экенин эскертти.

Токио оюндарынын башталышы 50 күндөй убакыт калды -23-июлда башталат. Жапонияда коронавирустун төртүнчу толкуну жүрүүдө. Өлкөнүн 10 аймагында өзгөчө кырдаал абалы жарыяланган.

"Мен оюндар өтүшүнө 100% ишенем жана биз муну жасайбыз",-деди Хасимото BBC Sport каналына берген интервьюсунда.

"Азыркы маалда оюндарда коопсуздук сакталашы үчүн дагы кандай чараларды көрүү керек деген суроону үстүнөн иштеп жатабыз. Жапондор өздөрүн ишенимсиз сезүүдө. Ошол эле маалда биздин Олимпиада тууралуу айткандарыбыз дагы аларды түйшөлтүп, Токио оюндарын өткөрүүгө каршы маанайды күчөтүп жаткандай",-деди Хасимото.

2020-жылы өтө турган Олимпиада оюндары Covid-19 пандемиясына байланыштуу артка жылдырылган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2020-жылы өтө турган Олимпиада оюндары Covid-19 пандемиясына байланыштуу артка жылдырылган

"Бул жерде маселе - биз адамдардын агымын кантип көзөмөлдөп, кантип башкара аларыбызда,-дейт ал.- Эгерде вирус жайылып же чукул кырдаал абалы жаралып калса, анда биз күйөрмандары жок өткөрүүгө даяр болушубуз керек".

"Оор чечим"

Чет жерлик күйөрмандар Олимпиадага дагы, 24-августта баштала турган Паралимпиада оюндарына да киргизилбейт. Хасимотонун айтымында, бул өтө оор чечим болду. Бирок оюндардын коопсуздугу үчүн зарыл чара эле.

Олимпиада шакеги

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Көптөгөн спортчулар үчүн оюндарга катышуу уникалдуу мүмкүнчүлүк. Дайыма аларды колдоп келген жакындарынын, досторунун болбошу көңүл оорутарлык. Албетте, мен үчүн дагы оор",-деди Хасимото.

Ал эми жапон өкмөтү айрым өлкөлөрдүн жарандарына саякаттоого дагы тыюу салуу маселесин караштырып жатат.

Сэйко Хасимото Токио-2020 оюндарынын президенти болуп февралда бекиди. Андан мурунку жетекчи Ёсиро Мори коомдук сайттарга сексисттик комментарий жазган үчүн кызматтан кеткен.

Бул аптада Жапонияга чет элдик спортчулар келе баштады

Жакында эле өткөрүлгөн сурмажылоо көрсөткөндөй, Жапониядагы калктын 70% Олимпиада оюндарынын өтүшүн каалабайт. Шаршембиде Жапониянын медицина боюнча жогорку кеңешчиси пандемия маалында Олимпиада оюндарын өткөрүү "акылга сыйгыс" деп айтты.

Олимпиада оюндары кайсыл жерде өтөт?

Жайкы Олимпиада оюндары жапон баш калаасында 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Паралимпиада оюндары 24-августта башталып, 5-сентябрда жыйынтыкталмакчы. 2020-жылы өтө турган Олимпиада оюндары Covid-19 пандемиясына байланыштуу артка жылдырылган.

Олимпиада спорттун 33 түрү боюнча өтүп, 339 ар башка мелдештер 42 жайда болот. Паралимпиада оюндарында 22 спорттүн түрү боюнча 539 мелдеш 21 объектте өтмөкчү.

Көпчүлүк спорт объектилери Чоң-Токио районунда жайгашкан. Айрым футбол беттештери жана марафон Хоккайдо аралындагы Саппородо өтөт. Бул жерге азыр Covid-19га байланыштуу өзгөчө кырдаал абалы киргизилген.

Жапырт эмдөө Жапонияда эми гана башталды

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жапырт эмдөө Жапонияда эми гана башталды

Covid-19 боюнча Жапониядагы кырдаал

Жапонияда Covid-19 жуктуруп алгандар саны салыштырмалуу көп деле эмес. Пандемия башталгандан бери 750 000 чамалуу учур катталды. Ал эми вирустан каза тапкан бейтаптар саны 13 200. Бирок апрелде вирустун жаңы толкуну башталып кетти. Жапония айрым аймактарына 20-июнга чейин өзгөчө кырдаал абалын киргизген.

Азыркы маалга Жапония боюнча 3,6 млн киши эмделди. Бул калктын үч гана пайызын түзөт. Өлкө бийлиги Токио менен Осакада июлдун соңуна чейин 65 жаштан жогорку курактагыларды эмдөөдөн толук өткөрүүнү көздөп жатат.

Олимпиада оюндарынын уюштуруучулары Токиодо 19-июнда өзгөчө кырдаал абалынын жоюлушун күтүп турат. Ошондон кийин гана жергиликтүү күйөрмандарды оюндарга киргизүу же чектөө боюнча чечим кабыл алынат.

Спортчуларга эмдөөдөн өтүү расмий түрдө милдеттендирилген эмес. Бирок Олимпиада комитетети алардын 80 пайызы эмделеши мүмкүн деген божомолун айтты. Катышуучулар күн сайын Covid-19га тесттен өтүп турат.

Көптөгөн жапониялыктар Олимпиада оюндарын өткөрүүгө каршы

Сүрөттүн булагы, Photoshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көптөгөн жапониялыктар Олимпиада оюндарын өткөрүүгө каршы

Олимпиада кандай учурда өткөрүлбөйт?

Ооба, адатта согуш же башаламандыктар болсо өткөрүлбөйт. Эл аралык олимпиада оюндарынын комитети менен оюндарды кабыл алып жаткан Токионун ортосундагы келишимде "өткөрбөө чечими комитет тарабынан кабыл алынат" деп көрсөтүлгөн.

Комитет трансляция укугунан түшкөн каражаттын 70 пайызын, демөөрчүлүк келишимдеринин 18 пайызын алат. Эгерде оюндар өтпөй калса, анда каржылык жактан жоготуу болуп, кийинки Олимпиадага кесепетин тийгизет. Эгерде Токио келишимди бузуп жиберсе, анда чыгымдар дагы жапон тарапка жүктөлмөкчү.

Токио-2020 бюджети 12,6 млрд доллар өлчөмүндө бекитилген. Бирок иш жүзүндө мындан эки эсеге көп каражат сарпталышы мүмкүн деп айтылды. (AbA)