Күн/Day: Москвадан чакыртылган АКШ элчиси, Жапониядагы өзгөчө кырдаал

укол

Сүрөттүн булагы, SOPA IMAGES/LIGHTROCKET

Published

Күн/Day - күндүн негизги жаңылыктарына окурман назарын бурабыз.

Presentational grey line

Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов май айында өлкөгө Оксфорд университети жана "AstraZeneca" компаниясы биргелешип иштеп чыккан вакцина келе турганын айтты.

Кечээ күнү орусиялык "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы келген.

биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Николай Удовиченко

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кечээ күнү орусиялык "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы келген

Кыргызстанда 24-марттан бери коронавируска каршы эмдөө жүрүүдө. Жалпысы болуп дүйнө жүзү боюнча вакцинанын кур дегенде бир дозасын алгандар саны 500 млн. кишиге жетти. Окумуштуулар кеңири колдонулуп жаткан вакциналардан олуттуу коркунуч тапкан жок. Аларга Covishield (AstraZeneka), Janssen (Johnson&Johnson), Moderna, Comirnaty (Pfizer/BioNTech), кытайлык эки вакцина (BBIBP-CorV менен CoronaVac) жана орусиялык "Спутник V" кирет.

Ал ортодо Financial Times басылмасы AstraZeneca вакцинасын 40 жашка чейинкилер арасында колдонууга альтернатива керек деген сунуш британ өкмөтүнүн илимий кеңешчилеринин эки ача пикирин жаратканын жазды. Эмдөөдөн кийин пайда болгон тромбдор көбөйүүдө деп жазат басылма. Март айында Эмдөө жана иммундаштыруу (JCVI) боюнча бириккен комитет 30 жашка чейинкилерге AstraZeneca эмес башка вакцина берүүнү сунуштаган эле. Мындай кадам ден соолукка, ал тургай өмүргө коркунуч туудурган (бейтаптардын канын уютуп, тромб пайда болгону) айрым учурлардан улам чыккан. Азыркы маалда JCVI бул сунушту аткаруу керекпи жокпу дегенди талкуулап жатат. Анткени майдан тарта орто курактагылар массалык түрдө эмделе баштайт.

Presentational grey line

Орусия бүгүнтөн тарта Түштүк аскер округундагы машыгууга катышкан аскер бөлүктөрүн артка кайтара баштайт. Аскер күчтөрү жана техникалар пландуу машыгуу үчүн Украина менен чек арага жакын жерге топтолгон эле.

тик учактар

Сүрөттүн булагы, SERGEI MALGAVKO/TASS

Апрелдин башынан тарта АКШ жана европалык өлкөлөр орусиялык аскер күчтөрүнүн Украина чек арасына топтолуп жатышына кабатырлануусун билдире баштады. Алар Донбасстагы жаңжал күчөп кетет деп чочулады. Европарламентте сөз сүйлөгөн украин коргоо министри Андрей Таран чек арада 110 миң орусиялык аскер топтолгонун билдирген эле.

Presentational grey line

АКШда Эл аралык космоc станциясынан Crew Dragon кемеси учурулат. Анда төрт астронавт учууда жана алар жарым жыл космосто болот.

космос кемеси

Сүрөттүн булагы, NASA

Presentational grey line

Жапония коронавируска байланышкан абал курчуп кеткенден улам Токио, Осака, Киото жана Хего аймактарына өзгөчө кырдаал абалын киргизди. Пандемия башталгандан бери үчүнчү ирет өзгөчө кырдаал жарыяланды. Ал 11-майга чейин күчүндө болот.

аялдар

Сүрөттүн булагы, AFP

Presentational grey line

АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Салливан кечээ түнү Вашингтонго келди. Ал буга чейин кеңешүү үчүн артка чакырылтылганын кабарлаган эле.

АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Салливан

Сүрөттүн булагы, VALERY SHARIFULIN/TASS

Өткөн аптада АКШ Орусияга жаңы санкцияларды салды. Москва буга жооп кылып америкалык дипломаттарды өлкөсүнө кетүүнү сунуштаган. Ошондой эле америкалык администрациянын сегиз өкүлүнө Орусияга келүүгө тыюу салды.