Вашингтондун соода чектөөсү, Москва элчисин артка чакырды

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШ президенти Жо Байден америкалык шайлоого кийлигишкени үчүн орусиялык кесиптеши Путин жооп бере турганын билдирди.
Мунун алдында эле АКШ чалгын кызматынын доклады жарыяланып, Орусия менен Иран 2020-жылдагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө таасир этүүгө аракет кылганы айтылат.
"Ал буга жооп берет",-деди Байден Эй-би-си телеканалына курган маегинде. Путин үчүн кандай кесепети болоорун Байден ачык айткан жок. Журналисттин ушул өңүттөгү суроосуна "жакында көрөсүңөр" деп жооп кылды. Ушундан кийин журналист АКШ президентинен "Путинди киши өлтүргүч деп санайсызбы?,-деп сурады. "Ооба" деп жооп кайтарды Байден.
Кремлде азырынча Байдендин айткандарына жооп боло элек. Мамлекеттик Думанын өкүлү Вячеслав Володин америкалык президенттин сөзүн "орусиялыктарды мазактоо" деп мүнөздөдү.
Кечээ Орусиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов орус-америкалык мамилелерди талдоо үчүн Москвага чакыртылды. Элчинин чакырылышы Жо Байден Эй-би-сиге интервью берген күнгө туш келди.
Ал ортодо АКШ бийлиги Орусия менен соода жүгүртүүгө жаңы чектөөлөрдү киргизди. Чектөөлөр 18-марттан тарта иштей баштайт. АКШ жаңы чектөөсүн орусиялык оппозиционерди ууландыруу аракети менен байланыштырды. Соода министрлиги Орусиянын өкмөтү эл аралык эрежени бузуп, химиялык (же биологиялык) куралды өзүнүн жарандарына каршы колдонду деп билдирди. Кеп бул жерде коопсуздук кызматынын мурдакы офицери Сергей Скрипаль менен кызы Юлия жана оппозиционер Алексей Навальный тууралуу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШНын чалгын кызматынын доклады
Шейшембиде АКШНын Улуттук чалгын кызматынын отчетту жарыяланган. Анда Орусия менен Иран 2020-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүгө аракет кылганы айтылат.
Докладдын авторлору Орусия 2016-жылдагы шайлоодон айырмаланып, шайлоочулардын каттоо системасын бузуп кирүүгө аракет кылган жок деп белгилеген. Бирок бурмаланган маалыматтар аркылуу Трамптын кайра шайланышына мүмкүнчүлүк түзүүгө умтулганы айтылат.
Авторлор орус президенти Владимир Путиндин түз тапшырмасы менен орусиялык мамлекеттик уюмдар Демократиялык партиянын талапкери Жо Байденди каралоо жана Дональд Трампты колдоого багытталган кампанияларды жүргүзгөн деген тыянакка келет.
Орусиянын Вашингтондогу элчилиги бул айыптоолорду "кезектеги негизисиз жана куру доомат" деп четке какты.


































