Кытайдагы "чыныгы Мулан": Гонконгдо активист 10 айга камалды

Агнес Чоу сот имаратында

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Агнес Чоу сот имаратында
Published

Кытайдын коопсуздук боюнча жаңы мыйзамына каршы уруксат берилбеген митингди өткөргөнү үчүн активист Агнес Чоу 10 айга абакка камалды.

Агнес Чоу 24 жашта. Кытай бийлиги үчүн зыяндуу элемент, гонконгдуктар үчүн баатыр. Ал 18 жашынан тарта эле демократия үчүн күрөшө баштаган. Анын үзөңгүлөштөрү "демократиянын периштеси" жана "чыныгы Мулан" деп аташат.

Агнес Чоу бул жылы Би-Би-Синин дүйнөдөгү эң таасирлүү "100 айым" тизмесине кирген.

Кытайдын соту ага өткөн жылы июнь айында уруксат берилбеген митингди уюштурган деп, 10 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Гонконгдун жаңы мыйзамы ал мезгилде күчүнө кире элек болчу. Азыр күчүнө кирген маалында Агнес жана анын эки санаалашы өмүр бою абакка кесилип кетиши мүмкүн эле. Кытай бийлиги активист кызга катуу каарын төгүп калды көрүнөт. Өткөн жылы Токиого барганда жапон өкмөтүн Гонконгдогу демократияны колдоого чакырган экен. Эми ага жаңы мыйзамга ылайык, "чет жерлик күчтөр менен кутумга барган" деген айып тагууга аракет кылышууда.

Агнестин жапон тилинде эркин сүйлөп, анимени жакшы көрөт. Ошондуктан ал Жапониядагы коомдук сайттарда өтө популярдуу.

Коркунучтуу жеңе билүү

Агнести мурда деле кармашкан. Бирок бул жолу өтө кооптуу деди ал. Ага 10-августта түн ортосунда коопсуздук кызматкерлери келишти. Ага чейин үйүн тегеректеген коопсуздук кызматкерлери эч тартынбай, жашынып кымырылбай эле байкоого ала баштаган эле. Үйүнүн жанына видео байкоо орнотуп коюшкан.

Ms Chow was arrested from her home on the night of August 10,

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аны 10-августта түн ортосунда коопсуздук кызматкерлери келип, кармап кетти

"Тинтүү эки саатка созулду. Апам жанымда турду. Абдан коркуп, кыжалат боолдум. Эми үйүмү көрбөйм калам го деп ойлодум".

"Ар дайым өзүмдү коркунучту жеңүүгө тарбиялап келгем. Бирок организм мени уккан жок. Камакка алышканга чейин эле мындай ойлор келип, түшүмө да кирчү. Ошондуктан мен эшикти бирөө каккандан же белгисиз телефон чалуудан коркпой калгам".

"Чынында мени Мулан менен салыштырууга болбойт. Албетте, ага татыктуу эмесмин. Эгерде менин ысымым кимдир бирөөгө шык берсе, дүйнөнүн Гонконг тууралу унутуп калышына жол бербесе, макул анда, ушинтип атай беришсин".

Агнес Чоу 2014-жылдын күз айындагы "кол чатырлар ыңкылабында" белгилүү болгон. Анда миңдеген демонстранттар шаардын борборун 79 күн бою ээлеп туруп, Гонконгдун жетекчисин Бээжин эмес, эл шайлашын талап кылышкан.

Эки жылдан кийин демократ активист Жошуа Вонг менен Агнес Чоу биргеликте Demosisto кыймылын түзүшкөн.

Agnes Chow & Joshua Wong, 2018

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Агнес Чоу тарапташы Жошуа Вонг менен, 2018-жыл

Кытай бийлиги ушул жылдын 30-июнунда күчүнө кирген улуттук коопсуздук боюнча мыйзамды терроризмге, жикчилдикке, козголоңго жана чет элдик кийлигишүүгө каршы деп чечмелеген. Бирок ушул мыйзамга такап, жалган жалаа менен камакка алуулар болуп, Бээжиндин үстөмдүгү күчөйт деген кооптонуулар айтылган. Миңдеген кишилер нааразылык жүрүштөрүн өткөрүп, мыйзамдын артка чакырылышын талап кылышкан.

"Нааразылык жүрүштөрүнүн башында эркектер аялдарды артка туруп, этият болгула деп жатышкан эле. Андан кийин эмне болгонун көрдүңөр, аялдар негизги ролду ойноп, каармандык көрсөтүштү".

Азыр мындай көчө акциялары тыйылды. Көптөгөн оппозициялык ишмерлер, анын ичинде Demosisto кыймылынын мүчөлөрү чет жакка чыгып кетүү ниетин билдиришкен. Бирок мен андайга барбайм деди Агнес.

"Мен кишилердин чет жакка чыгып кетүү каалоосун жакшы түшүнөм. Барган сайын Гонконгдо үмүтсүздүк пайда болду. Демократия менен эркиндик бизден болуп көрбөгөндөй алыстады.Көп кишилер бир нерсени курмандыкка чалышы керек болот. Биз алардын үстүбүздөн буйрук кылышына жол бербешибиз керек".

Presentational grey line

"100 айым"

Би-Би-Си "100 айым" долбоорун улантууда. Жыл сайын биз дүйнөнүн ар кайсыл өлкөсүндөгү миңдеген кишилерге шык жана үмүт берген, каарман кыз-келиндер тууралуу айтып беребиз.

100 Women branding

2020-жылы долбоордо биз өтө оор жана татаал мезгилде кыймылдаткыч күч болгон каарман кыз-келиндер тууралуу айтып берүүнү чечтик.

Быйылкы жылдагы дүйнөдөгү таасирдүү аялдардын тизмесинде кыргызстандык Гүлназ Жүзбаева дагы бар. Кыргызстанда беш миңден ашуун адамдын көзү азиз. Бирок өлкөдө өкмөттүн документтери көзү көрбөгөндөргө даярдалбайт. Кыргызстанда Көзү азиздердин федерациясын түзгөн Гүлназ дал ушул документтерди көзү көрбөгөндөргө даярдап берүү менен алек.

Ошондой эле тизмеге Финляндиянын жалаң аялдар түзгөн коалициялык өкмөтүнүн башчысы Санна Марин, Оксфорд университетинин коронавируска каршы вакцинанын үстүнөн иштеп жаткан топтун башчысы Сара Гилберт, Ухан шаарындагы катаал карантин учурунда жашоо-турмушту дүйнөгө чагылдырып турган Фанг Фанг, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен күрөшкөн түштүк африкалык ырчы Захара сыяктуу аялдар кирди. (AbA)