Бир нече секундда Covid-19 вирусун аныктаган тест

Сүрөттүн булагы, PA Media
Окумуштуулар иштеп чыккан жаңы тест Covid-19 вирусун бир нече саат эмес, секунд ичинде аныктай алат. Лабораториялык сыноолор ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Уэльсте чыгарылган тест адамдын дем алуу органдарын текшерет жана дароо жыйынтык чыгарат. Абройлуу Lancet журналына жарыяланган илимий макалада тесттин сыноо иштери Германия менен Шотландияда жүргөнү айтылат. Бирок тест жүз гана бейтапта жүргүзүлдү, эми сыноолор кеңири масштабда өткөрүлүүсү күтүлүүдө.
Imspex Diagnostics компаниясы чыгарып жаткан тестти алты айдын ичинде кеңири сатыкка коюуга мүмкүн.
"Тестти ооруканадан тарта башка жерлерде дагы колдонсо болот. Аны учактарда жана коомдук транспортто колдонууга мүмкүн. Ал үчүн атайын даярдыктын кереги жок. Жыйынтык болсо тез арада даяр болот",-дейт Imspex Diagnostics компаниясынын негиздөөчүсү Санти Домингес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мындай ыкма менен дарыгерлер өпкөгө байланыштуу башка илдеттерди аныктап келген. Окумуштуулар бир гана инфекциялык бактерия менен вирустук бактерияны айырмалай алган тестти чыгарышты.
Сыноолор Эдинбург жана Дортмунд шаарларындагы бейтаптарда жүргүзүлгөн. Изилдөөчүлөр жаңы тест Covid-19 вирусун башка инфекциялардан айырмалай алабы же жокпу деген суроого жооп издешкен.
Адам аппаратка дем алганда, ал андан химиялык элементтерди анализдеп, респиратордук илдетти аныктайт. Окумуштуулар Covid-19 вирусунун химиялык элементтерин ачып, кийин ПЧР тестти туура жыйынтыкты тастыктады. Жаңы тест Covid-19, астма же бактериалдык пневмонияны 80 пайызга туура көрсөткөн.

Сүрөттүн булагы, EPA
Эдинбургдагы изилдөө тест аркылуу бейтап Covid-19 вирусунун жеңил же оор түрүн жугузганын дагы ийгиликтүү аныктаган. Өзгөчө кышкы сасык тумоо мезгилинде мындай тесттер өтө маанилүү болору белгиленүүдө. Себеби, кышында башка инфекциялар дагы күч алат.
Covid-19 вирусунан тышкары коронавирустун төрт түрү сасык тумоого окшош симптомдорду пайда кылат. Алардын баары аба ырайы суук болгондо тез тараган. Вирустардын басымдуу бөлүгү суук мезгилинде абада көбүрөөк мөөнөткө жашай алат. Британиянын окумуштуулар тобу Цельсий боюнча төрт градус вирустарга эң жагымдуу температура экенин аныкташкан. Ошондой эле күз жана кыш мезгилинде вирустарды зыянсыздандырган күндүн нуру дагы азаят.
Ошондуктан дүйнөнүн айрым аймактарындагы дарыгерлер эки фронтто согуш жүргүзүп каларын эскертүүдө.



































