Кытайдын экономикасы кайрадан калыбына келдиби?

China's economy continues to recover from the pandemic.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published

Covid-19 глобалдык пандемиясынан улам Кытайдын экономикасы олку-солку абалга кабылган. Коронавирус пандемиясы бүтүн дүйнөгө кыйынчылыктарды алып келди. Бирок июлдан сентябрь айына чейин дүйнөнүн экинчи ири экономикасы 4,9 пайызга өстү.

2020-жылдын биринчи үч айында Кытайда завод менен ишканалар жабылып, өлкөнүн экономикасы 6,8 пайызга кыскарган. Жарым кылымдан бери 15 пайызга чейин өсүү үстүндө келген экономика үчүн бул оңой болгон эмес. Кытай мындайды 1970-жылдардагы Мао Цзэдундун "маданий ыңкылабынан" бери көрө элек болчу. Бул жоготуулар бүтүн дүйнө жүзүнө таасирин тийгизген.

Эксперттердин Бээжин тараткан маалымат так болбошу мүмкүн деп айтканына карабастан, Кытай экономикасы калыбына келип жаткандай. Үчүнчү кварталда өткөн жылдын сентябрь айына салыштырганда экспорт 9,9 пайызга, импорт болсо 13,2 пайызга өстү.

Бээжин экономикасын жандантуу, жумуш орундарды түзүү үчүн бир нече долбоорун ишке ашырды. Борбордук банк өкмөттүн чараларын колдоо үчүн бардык аракетин жумшады.

Кытайдын экономикалык абалы эмнеге маанилүү?

A steel factory in China

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Соңку жылдары Кытайдын экономикалык өсүшү басаңдап, орто эсеп менен алганда жылына 6,5 пайызга өсүп жатат. Акыркы жыйырма жылдан бери экономикалык өсүш жылына 12 пайызга чейин жогорулап келген.

25 жылдын ичинде Кытай экинчи ири экономикага айланып, жергиликтүү компаниялар дүйнөнүн ар бурчундагы ишканалар менен товар жүгүртүүдө. Кытай экономикасы тез өсүп, учурда айрым товарлардын баасын аныктай алчу деңгээлге жеткенин окумуштуулар белгилешүүдө.

Chinese economy

Жер шарында өндүрүлгөн темир, жез, көмүр жана цементтин жарымы Кытайга сатылат. Демек, кытайлыктар бул товарды сатып албай калса, анын баасы кескин төмөндөйт.

Андан тышкары Кытайдын азыр дүйнөлүк экономикадагы үлүшү 17 пайызды түзөт. 2002-2003-жылдардагы SARS эпидемиясы маалында анын үлүшү 4 пайыз эле. Кытайдагы кыйынчылык өнүккөн өлкөлөрдө чоң маселе жаратты. Ал эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн абалы өтө оор болууда. Мындай мамлекеттер көбүнчө сырттан келген капиталдын агымына көз каранды. Эпидемия маалында анын келиши күмөн. (AT)