Орусияда пол жууган аял жергиликтүү шайлоодо жеңишке жетти

Сүрөттүн булагы, Povalikhino council
Марина Удгодская төрт жылдан бери Орусиянын Повалихино жергиликтүү бийлигинин имаратында пол жууп иштеп келген.
Эми 35 жаштагы жаран жетекчисинин ордун ээлейт. Ал ушул айдын башындагы жергиликтүү шайлоодо жеңишке жетишкен.
Жергиликтүү бийликтин башчысы Николай Локтев шайлоого аттанганда ага каршы эч ким талапкерлигин койгон эмес. Ал Кремлди колдогон "Единая Россия" партиясынын өкүлү. Орус мыйзамына ылайык, шайлоодо сөзсүз атаандашы болушу зарыл.

Ошондо Николай Локтев кеңсенин полун жууган Марина Удгодскаяны өзүнө каршы талапкерлигин коюга көндүргөн.
"Николай Локтев пол жууган аялга эч ким добуш бербейт деп ойлогон, шайлоодо оңой эле жеңишке жетем деген максат койгон. Бирок эл андан тажады, каршылык маанайын көрсөтүү үчүн Марина Удгодскаяга добушун беришти",-деп айтты Би-Би-Сиге Шайлоо комиссиясынын жергиликтүү өкүлү.
Комиссиянын өкүлү Локтев мырзанын Удгодскаяны талапкерлигин коюуга көндүрүп жатканын өз кулагы менен укканын айтууда. Бул окуя Орусиянын жаңылыктарынын баш сабына чыкты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Мен эчтеке кылган жокмун"
Марина Удгодская ушул жуманын аягында ант кармап, ишке киришет. Учурда ал эч ким менен байланышка чыкпай жатат. Бирок шайлоонун жыйынтыгы жарыяланганда ал жергиликтүү медиага маек куруп, "жасалма" талапкер болгонун айткан. Ошондой эле мындай кызматка даяр эмес экенин кошумчалаган.
"Мага добушун берет деп эч ойлогон эмесмин. Мен эчтеке кылган жокмун",-деген эле Удгодская "Подьем-телеграм" каналына берген маегинде.
Ага карабастан мурда пол жууп жан баккан аял шайлоочулардын 63 пайыз колдоосун алды. Анын мурдагы жетекчиси 34 пайыз гана алган.
Талапкерлердин үгүт иштери активдүү болгон эмес. Жарнамалар, программаны түшүндүргөн баракчалар, шайлоочулар менен жолугушуу сыяктуу акциялар жок болду. Жергиликтүүлөр анын кереги жок деп айтышууда. Чакан аймакта баары бири-бирин тааныйт жана талапкерлер ким экенин дагы билет.
Повалихино аймагына отуз кыштак кирет. Анын эң чоңу Повалихино айылы, 242 тургуну бар.
Айрымдар шайлоонун жыйынтыгын Локтев жана "Единая Россия" партиясына карата элдин каршылык маанайы катары көрүүдө. "Единая Россия" быйылкы жергиликтүү шайлоодо көп аймактардагы таасирин жоготту. Повалихино жайгашкан региондо "Единая Россия" добуштардын 32 пайызын гана алды.

Сүрөттүн булагы, Instagram/Navalny
Ал эми оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный баштаган "акылдуу добуш берүү" системасы натыйжалуу иштеди. Навальный "акылдуу добуш берүү" аркылуу "Единая Россия" партиясынан талапкерге туруштук бере алган кандитатты колдогула деп үгүттөгөн. Бул аракет аркылуу Орусиянын айрым аймактарына жаңы саясатчылар шайланды.
Повалихинодо болсо жергиликтүү тургундардын бири Локтев негизги милдеттерине көңүл бурбай калганы үчүн утулганын айтты.
"Эгерде баарына каршы добуш берүү мүмкүнчүлүк болсо, ошону тандамакмын. Аргасыздан Маринага добушумду бердим. Менимче, ал ишти аткарат, айылдыктар жардам берет. Анын билими жок экен, ошол жагынан аксайт го",-деди дүкөн иштетке тургундардын бири.
































