Орусия жана Казакстан менен аба жолдор ачылды

Сүрөттүн булагы, AFP
Алмата-Бишкек-Алмата аба каттамдары жанданды. Москва менен аба каттамдар 21-сентябрдан тарта жүргүзүлөөрү расмий кабарланды. Бирок билет сатыкта жок экенин айтып даттанган жарандар бар. Кыргызстандыктар коронавирус пандемиясына байланыштуу марттан бери бул өлкөлөргө кирип чыгууда кыйынчылыктарга туш болуп келатышат.
21-сентябрдан тарта аптасына бир жолу Москва-Бишкек-Москва аба каттамдары ачылары расмий кабарланды. Аны орусиялык "Аэрофлот" авиакомпаниясы аткарат.
Эл аралык "Манас" аба майданынын басма сөз кызматынын башчысы Алия Курбанованын айтымында, жергиликтүү "Авиа Траффик" компаниясынан да бир каттам киргизүү пландалган:
"Буга чейин чартердик каттамдар гана болуп, Орусия Кыргызстандын жарандарын алып келип, өзүнүкүн алып кетчү. Мындан ары туруктуу каттамдар ачылып, кыргызстандыктар да Орусияга кире алат. Алар жүргүнчүлөрдөн коронавирус боюнча ПЧР анализин талап кылып жатышат".
Коронавирус тастыкталбаганы тууралуу анализдин жыйынтыгы жаңы болуш керек. Адистер учаардан мурда айрым суроолорду консулдук, элчилик сыяктуу расмий органдардан тактап алууну сунушташат.

Сүрөттүн булагы, Social media
Анткен менен коомдук тармактарда билет сатыкта жок экенин жазган жарандар көп. Орусияда карантин чаралары күчөп, жумуш токтогондо Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранттары арбын.
Авиакасса иштеткен Рахат Мамажанованын айтымында, Моквага кетүүнү каалагандар көп.
"Жадыбалга каттамды бүгүн коюшту. Бирок билет эркин сатыкта жок. Азыр пандемияга чейин билет сатып алгандарды, колунда билети барларды учуруп жатышат. Азыр бир гана каттам турат, башка жок", - дейт Мамажанова.
Казакстан менен аба жолу ачылды, унаа жолу жабык
Алмата-Бишкек-Алмата аба каттамына бир күн мурда уруксат берилди. Бирок азырынча Казакстан тарапка унаа жолдор жабык.

Казакстанда жашаган Гүлнур Султаналиева карантин учурунда унаа жолу аркылуу бир нече жолу эки өлкө ортосунда каттаганын мындайча айтып берди:
"Мен Кыргызстандын жараны болгонум менен Казакстанда 10 жылга чейин жашоого убактылуу уруксатым бар, - деди Султаналиева. - Ага кирген эрежелерге ылайык, бир айда бир Кыргызстанга барып келип турсам болот. Ошондуктан машина менен чек арага чейин келип, жөө өтүп, кайра артка кирип турууга шартым болду. Ал эми убактылуу жашоого уруксаты жоктор кайра Казакстанга кире алышпайт эле. Учактар жанданган менен акчасына карап унаа жолду тандашат".
Кыргызстандын чек арасы жайдан бери 32 мамлекеттин жарандарына ачык. Анын ичинде Орусия менен Казакстан бар. Кыргызстандын негизги алакасы ушул мамлекеттерге туш келет. Өлкөдөн чыккан эмгек мигранттары да эң көп Орусия менен Казакстанда. Расмий эсепке кирбегендерди кошкондо Орусияда бир миллиондон ашык кыргызстандык бар экени айтылып келет.
Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалар менен адамдар топтолгон учурлар болуп жатты. Мамлекеттик чек ара кызматынын базса сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, 21-сентябрда өткөрмө бекеттеринде кезек жок.

Сүрөттүн булагы, Google
"Мамлекеттик чек аранын Казакстан менен тилкесинде "Чалдавар", "Ак-Тилек", "Кең-Булуң", "Каркыра", "Чоң капка" унаа жол өткөрмө бекеттери бар. "Кең-Булуң" аркылуу жүк ташыган унаалар Кыргызстандан Казакстанга бир тараптуу гана өтөт. Калгандарынан жарандар жүрөт. Кыргыз жарандары же башка чет өлкөлүктөр үчүн Казакстанга кирүүдө чектөөлөр бар. Ошондуктан элчилик же башка органдардан тактап туруп барыш керек. Ал эми Казакстандын жарандары Кыргызстанга тоскоолдуксуз кире алышат. Андан сырткары "Кайыңды" темир жол өткөрүү түйүнү бар, ал аркылуу жүктөр гана өтө алат", - дейт Гүлмира Бөрүбаева.
Пандемиядан кийин Кыргызстан менен Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги биринчилерден болуп аба каттамдарын калыбына келтирген. Азыр бир гана Түркия ПЧР анализ талап кылбайт.
Андан сырткары сентябрдын башынан тарта Өзбекстан менен аба каттамдары аткарылып жатат. Ал жакка баруу үчүн да ПЧР анализдин жыйынтыгы зарыл.































