Үч аптатадан бери тынчыбай жаткан Хабаровск аймагындагы демонстрациялар

Акция в Хабаровске

Сүрөттүн булагы, Dmitry Morgulis/TASS

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Орусиянын Хабаровск аймагында камакка алынган мурдагы губернатор Сергей Фургалды колдоп көчөгө чыккандардын жүрүшү үч аптадан бери уланууда.

Жекшемби күнү болгон демонстрация Орусиянын Аба-десанттык аскерлеринин 90 жылдыгына туш келди. Айрым мурдагы десанттар дагы демонстрацияга кошулганы байкалды.

"Биз губернаторду өзүбүз тандаганбыз. Аны жөн койгула, москвалык саясатчыңарды алып кеткиле. Бизге алардын кереги жок",-деп айтты мурдагы десанттардын бири.

Акция в Хабаровске

Хабаровск аймагындагы демонстрациялар 11- июлдан бери күн сайын өтүп келет. Жергиликтүү тургундар Фургалды камакка алынганы жана соттук угуулар Москвада өтүп жатканына нааразы болууда.

Фургал 2018-жылы шайлоодо Кремль сунуштаган талапкерди жеңип алып, губернатор кызматына киришкен. Ал өзүнүн иштери менен "элдин губернатору" атка конду. Мисалы, Фурнал расмийлердин чет өлкөгө жана башка аймактарга болгон командировкаларын кыскартып, үнөмдөлгөн каражатты жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарына мектепте бекер тамак берүү өнөктүгүн баштаган.

Сергей Фургал 2004-2005-жылдары жеке ишкер Александр Смольскойду өлтүрүүгө аракеттенген жана бизнесмен Евгений Зор менен Олег Булатовдун өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деп айыпталууда. Бул жеке иштеркер темир соодасы менен байланышы бар. Сергей Фурнал дагы ушул багытта ишкерлик менен алектенген.

16-июлда Тергөө комитети Фургалдын күнөлүү экенин тастыктаган "далилдер бар" экенин билдирди. Фургал жана анын тарапкерлери соттук ишти саясат менен байланыштырууда.