Орусия жарандарына Арктикада бекер жер тилкесин сунуштайт

Арктика

Сүрөттүн булагы, LEV FEDOSEYEV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын Арктика аймагында жашагандардын көбү чоң шаарларга көчүп кетүүдө
Published

Өкмөттүн жаңы долбооруна ылайык, орусиялыктар Арктикада бекер жер тилкесине ээ болууга укуктуу. Бул кадам аркылуу Москва Арктикада жашаган жарандарынын санын көбөйтүүнү көздөп турат. Буга чейин Москва дал ушул ыкма менен Ыраакы Чыгыштагы калктын санын жогорулатканга аракет кылган.

Орусиянын Ыраакы Чыгыш жана Арктиканы өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, атуулдар бир гектар жерди беш жылга бекер алышат. Бул мөөнөт бүткөндөн кийин жер тилкесин сатып алса болот же 49 жылга ижарага берилет.

Жер тилкесин турак-жай, дыйканчылык же бизнес үчүн колдонууга мүмкүн. Алгач аймактын тургундары гана бекер жер алууга укуктуу болот. Бирок алты айдан кийин Орусиянын ар тарабындагы жарандар дагы документ тапшыра алышат.

Климаттын өзгөрүүсүнөн улам аймактагы муздар эрип, Тынч жана Атлантика океандарына жол ачылат деген жоромолдор бар. Дал ушул себептен Москва аймакка стратегиялык маани берүүдө. Учурда өкмөт муздарды талкалап жок кылуу жана порт куруу үчүн миллиондогон долларды инвестиция кылып жатат.

"Тоңуп калган бир гектар жер"

"РИА Новости" агенттигине ылайык, учурда Орусиянын Арктика аймагында 2,5 миллион киши жашайт. СССР ыдырагандан кийин аймактын көптөгөн тургундары башка шаарларга көчүп кетишти. Мындан улам аймактын шаарларынын 90 пайызы бош калды.

Арктика

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Арктикада кыш узакка созулат, бир нече ай бою күн көрүнбөйт

Орусиянын Ыраакы Чыгыштагы бекер жер таратуу долбоорунун жыйынтыгы жемиштүү болгон жок. "Коммерсантъ" гезити 2016-жылы башталган өнөктүккө 83 миң гана киши документ тапшырганын айтууда. Алардын көбү ушул аймактын тургундары.

Ыраакы Чыгыштагы долбоордон айырмаланып, Арктикада жер тилкесин кимге берүүнү жергиликтүү бийлик чечет. Буга чейин Москва аймактын өзгөчөлүктөрүн түшүнбөгөндүктөн, шаарлардан өтө алыс аймактагы жерлер таратылды деген сын пикир айтылган.

"Документтерин тапшыргандар жер тилкесин тандай албайт. Алар жер дыйканчылыкка ылайыкпы же жокпу билбей калат. Ошондуктан жарандарга тандоого мүмкүнчүлүк берүү абдан маанилүү",-деди Ыраакы Чыгыш жана Арктикада жер тилкелерин таратуу боюнча долбоордун башчысы Сергей Ховрат.

Москванын долбоорун эмитен эле миңдегендер сындап жатат. Көптөр Ыраакы Чыгыш долбоорун популисттик кадам катары көрүшүп, ал жакырчылыкты жоюуга эч салым кошкон жок деп белгилешүүдө.

"Бул мыкты анекдот. Сатылып жаткан өлкөнүн байлыгына орусиялыктардын эч кандай үлүшү жок. Бирок Арктикадагы тоңуп калган бир гектар жерге укуктуу. Каалагандар документ тапшыргыла",- деди оппозициячыл саясатчылардын бири.