You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Дүйнө убайымы: коронавирус жуктургандар бир суткада 260 миң
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, 24 саат ичинде дүйнөдө коронавирустун жаңы 260 миң учуру катталды. Тилекке каршы бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Өлүм-житим дүйнө жүзүндө 600 миңден ашты. Анын дээрлик төрттөн бири АКШга тиешелүү.
Бирок президент Трамп АКШда Covid-19 оорусунан каза тапкандар саны дүйнөдөгү эң төмөн көрсөткүчтө деп айтууда. Fox News каналына берген интервьюсунда президент Трамп Жон Хопкинс университетинин маалыматтарына ишенбей турганын белгиледи.
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча коронавирус эпидемиясы башталгандан бери ушул күнгө чейин 14,3 млн киши вирусту жуктурган. Жаңы учурлардын көбү АКШ, Бразилия, Индия жана Түштүк Африкада.
Covid-19 илдетинен акыркы суткада 7360 бейтап көз жумду. Бул дагы 10-майдан берки эң чоң жоготуу. Европанын батышындагы өлкөлөр вирустун жайылышын оздуктоого аракет кылууда. Бизнес үчүн чек араларды ачуу уланууда.
Индия вирус жуккандар саны боюнча үчүнчү орунда турганына карабастан, адистер илдеттин жайылышы эң жогорку чегине чыга элек деп айтууда. Дагы бир нече айдан кийин гана Индияда оору эң жогорку чегине жетет деп болжойт окумуштуулар. Өлкөдө бир суткада 35 миң жаңы учур катталды. Коронавирустан 670 бейтап каза тапты.
Кыргызстанда бир сутка ичинде Covid-19 жаңы учурлары 611 болду.
- Бишкек - 300
- Ош - 77
- Чүй облусу - 92
- Ош облусу - 55
- Нарын облусу - 5
- Ысык-Көл облусу - 12
- Жалал-Абад облусу - 36
- Баткен облусу - 34
Бир сутка ичинде Covid-19 илдетинен сакайып чыккандар:
- Бишкек - 273
- Чүй облусу - 71
- Ош облусу - 251
- Талас облусу - 30
- Нарын облусу - 25
- Ысык-Көл облусу - 29
- Жалал-Абад облусу - 40
- Баткен облусу - 15
- Ош шаары - 47
Бир суткада 34 бейтап каза тапкан:
- Бишкек - 20
- Ош - 1
- Чүй облусу - 2
- Ош облусу - 4
- Нарын облусу - 3
- Жалал-Абад облусу - 4
2020-жылдын 20-июлуна карата Кыргызстанда Coid-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 27 143 учурга жетти. Анын ичинде айыгып чыккандар - 13 109, каза тапкан бейтаптар - 1037.
Европа Биримдигинин экономиканы жандандыруу планы ишке ашпай турат
Евробиримдик үчүнчү күн катары менен сүйлөшүүлөрдү улантууда. Коронавирус эпидемиясынан жабыр тарткан экономиканы калыбына келтирүүнүн масштабдуу планы боюнча орток пикир табылган жок.
Европа өлкөлөрүнүн лидерлери пандемия башталгандан бери биринчи жолу саммитте жүзмө-жүз көрүштү. Буга чейинки жыйындардын баары видео байланыш аркылуу өтүп жаткан.
Саммиттин ийгилигинен күмөнсүп турганын Германиянын канцлери Ангела Меркель билдирди. Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелгенин маалымдады.
Көбүрөөк үнөмдүү Нидерланддар жана Швеция сыяктуу өлкөлөр талкууланып жаткан 750 млрд евро грант эмес, насыя (займ) иретинде болушу керек деп эсептейт.
Ал ортодо Европанын Борбордук банкынын президенти Кристин Лагард Рейтерге берген интервьюсунда, сүйлөшүүлөргө көп убакыт сарпталса дагы негизгиси жардам пакети "масштабдуу жана амбициялуу" болушу керектигин айтты. (AbA)