Коронавирус: дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттер карантин чектөөлөрүн күчөтүүдө

Published

Коронавируска кабылган жарандардын саны өсүп жаткандыктан, көптөгөн мамлекеттер бүтүндөй аймактарына карантин чектөөлөрүн киргизүүдө. Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өлкө лидерлери чечкиндүү болбосо, абал курчуйт деп эскерткен.

Учурда 188 мамлекетте 13 миллиондон ашуун кишиге Covid-19 вирусу жукту, 570 миңге чукул киши көз жумду.

Америка континенгенти дагы деле вирустун очогу бойдон калууда. Өзгөчө АКШ менен Бразилия катуу жабыркады. АКШнын түштүк штаттарында абал оор. Ошондуктан калкы көп Калифорния штаты карантин чараларын кайрадан киргизди.

Латын Америкада болсо ооруканаларда жабдыктар жана дарыгерлер жетишсиз болгону үчүн вирустан көз жумгандардын саны көп болууда. Колумбия баш калаасы Богота шаарын карантинге жапты. Калаада кафе, ресторандар жана коомдук жайлар жабылды.

Азиядагы мамлекеттер дагы карантин чектөөлөрүн кайра киргизип жатат. Индиянын Бангалор менен Бехар шаарлары, Ирандын баш калаасы Тегеран жана Гонконг карантинде жабылды.

Карантин чаралары менен бирге айрым мамлекеттер коомдук жайларда беткап кийип жүрүү талабын мыйзам менен бекитүүнү сунушташууда. Мисалы, Франциянын президенти Макрон коомдук жайларда беткап кийип жүрүү боюнча мыйзамды 1-августка чейин кабыл алууну көздөп турат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму беткап кийип жүрүү, социалдык аралыкты сактоо (башкалардан 1,5 метр аралыкта болуу) жана колду улам самындап жууп туруу сыяктуу жөнөкөй кадамдар вирустун жайылышын токтоторун белгилеп келүүдө.

Орусия аба каттамдарды жандантат

Орусия башка мамлекеттер менен аба каттамдарды жандантуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Моксва аба каттамдарды коронавирус пандемиясынан улам март айынын аягында токтоткон.

Бир нече аптадан бери Орусия 15-июлдан тарта аба мейкиндигин ачат деген жоромолдор айтылып келди. Бирок бул боюнча расмий маалымат бериле элек болчу. Орусия аба мейкиндигин ачууга макул болгон башка мамлекеттер менен гана аба каттамдарын баштайт. Азырынча "Түрк аба жолдору" гана Орусия менен каттамдарды жандантып жатканын маалымдады.

Андан тышкары, Орусия бүгүнкү күндөн тарта башка өлкөлөрдөн учуп келген жарандарды 14 күн карантинге алуу чарасын токтотту. Эми Орусияга учуп келгендер коронавируска тапшырылган жаңы анализдин жыйынтыгын көрсөтүшү керек же өлкөгө киргенден кийин үч күндүн ичинде тест тапшырышы зарыл.

Кыргызстанда абал курч бойдон

15-июлда коронавирусту жуктурган 439 жаңы учур катталды. Жалпысы болуп өлкөдө 11,977 адам вирусту жуктурду. Өткөн сутка ичинде 11 бейтап Covid-19 вирусунан, 74 адам пневмониядан көз жумду. Майрт айынан бери пневмония менен Covid-19 вирусунан 731 жаран каза тапты.

Медициналык кызматкерлердин тартыштыгы дагы чоң көйгөй бойдон калууда. Бир сутка ичинде 105 дарыгер вирусту жуктурду. Өлкө боюнча жалпысынан 1980 медицина кызматкери коронавируска кабылган.

Бишкек шаарында күндүзгү стационарда иштеген Медициналык академиянын студенти Адинай Мырзабекова пневмониядан көз жумганы бүтүндөй өлкөдө кызуу талкууга жем таштады. Коомдук тармактарда өз өмүрүн тобокелчиликке салып иштеген жаш кыздын өлүмүнө бийликти күнөөлөө менен катар, ыктыярчылардын коопсуздугу жөнүндөгү маселени көтөрүп жатышат.

22 жаштагы Адинай Мырзабекова Медициналык академиянын 5-курсун аяктап, 6-курска которулган. Ал 11 күндөн бери абалы орто жана жеңил бейтаптарга жардам берген "кызыл зонада" иштеп жаткан. Өлкөнүн президенти Жээнбеков маркум Мырзабекованын жакындарына көңүл айтты.