Коронавирус: Индияда вирус миллиондон ашуун кишиге жукту, Кыргызстанда статистиканы саноо ыкмасы өзгөрдү

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Индияда бир сутка ичинде отуз төрт миңден ашуун кишиге вирус жугуп, өлкөдө жалпысынан вируска кабылгандардын саны миллиондон ашты. Индия дүйнөдөгү вирус жуктургандар саны боюнча АКШ менен Бразилиядан кийинки үчүнчү орунда турат.

Өлкөдө бир нече айдан бери вирус тынбай тарап, өкмөт айрым аймактарга карантин чектөөлөрүн кайра кайтарды. Маселен, бейшемби күнү Индиянын эң жакыр деп саналган Бихар штатына карантин киргизилди. Бул аймакта жүз миллионго чукул киши жашайт.

Өлкө март айында карантин чектөөлөрүн киргизгенде, бир сутка ичинде беш жүзгө чукул кишиге вирус жугуп жаткан. 8-июнда өкмөт карантин чектөөлөрүн жеңилдете баштагандан кийин вирус кеңири жайылууда.

Калкынын саны 1.3 миллиард болгон өлкөдөгү абал Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун тынчсыздантып келди. Индиянын кишиге жык толгон шаарларында вирустун тез жайылуу коркунучу жогору.

Ал аңгыча Бразилияда коронавирусту жуктургандардын саны эки миллиондон ашты. 210 миллион калкы бар Бразилияда абал абдан курч бойдон калууда. Коронавирусту өзү дагы жуктуруп алган өлкөнүн президенти Covid-19 вирусун жөнөкөй сасык тумоо менен салыштырып, анын коркунучу деле жок деп айтып келген.

Бразилияда 74 миңден ашуун киши вирустан көз жумду. Бирок чыныгы статистика мындан дагы көп деп айтылууда.

Беткап кийүү буйругу

Европанын бир катар өлкөлөрү жана АКШнын элүү штатынын жарымы коомдук жайларда беткап кийип жүрүүнү талап кылышууда. Эрежени сактабагандар олчойгон айып пулга жыгылат.

Бирок беткап кийип жүрүү дагы деле чоң маселе бойдон калууда. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы лидерлер эл алдына чыкканда беткап кийбей жүргөнү сынга алынууда. Жакында эле АКШнын президенти Дональд Трамп калк алдына беткап кийип чыкты. Буга чейин ал "беткап кийбейм" деп айткан эле.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коомдук жайларда жана дүкөн сыяктуу имарат ичинде беткап кийип жүрүү, социалдык аралыкты сактоо (башкалардан 1,5 метр аралыкта туруу) жана колду улам самындап жууп туруу сыяктуу жөнөкөй кадамдар вирустун жайылышын токтотот деп айтып келүүдө.

Кыргызстан статистиканы саноо ыкмасын өзгөрттү

Кыргыз өкмөтү Covid-19 вирусун жуктурган жарандарды каттоо боюнча ыкманы өзгөртүп, эки код киргизди. U07.1 - ПЧР анализинин негизинде тастыкталган учурлар. Ошондой эле U07.2 - ооруканада жатпай пневмонияга кабылган жарандар.

Бейшемби күнү Саламаттык сактоо министрлиги пневмония менен Covid-19 бөлбөй, бир диагноз катары кароо жөнүндө буйрук чыгарган. Андан мурда илимий-кеңеш комитетиндеги эксперт дарыгерлер Covid-19 диагностикасында кош стандартты токтотууну талап кылып, республикалык штабга жана Саламаттык сактоо министрлигине кайрылышкан эле.

Өлкөдө башынан эле Covid-19 менен пневмонияны эки бөлөк санап жатышкан. Бул дарылоо ишинде дагы трагедиялуу катачылыктарга алып келип жатканы айтылууда.

Ошондо 17-июлга карата 1,654 киши вируска кабылды (U07.1 менен U07.2 бирге алганда). Бишкекте эле 613 киши вирусту жуктурду, Чүй облусунда 272, Ысык-Көл облусунда 234, Жалал-Абад облусунда 134, Ош облусунда 125, Баткен облусунда 94, Талас облусунда 76, Ош шаарында 67.

Өлкөдө 23,783 киши вируска кабылды. Бир сутка ичинде 84 киши Covid-19 вирусунан (анын ичинде пневмониядан) көз жумду. Жалпысы болуп 785 адам каза тапты.

Дары-дармек көйгөйү дагы деле курч бойдон турат. Коомдук тармактардын колдонуучулары айрым дарыканалар бааларды кескин көтөргөнүн, дарылар тартыш болгондуктан жарандар аргасыз эселеп төлөп жатканын айтышууда.

Өкмөт башчы дары-дармектин баасын негизсиз жогорулаткан айрым фармацевтикалык компаниялар жана дарыканаларга карата сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатканын маалымдады. Учурда 27 иш каралып жатат.

"Айрым фармкомпаниялар менен дарыканалар медициналык каражаттардын баасын негизсиз жогорулаткан, дарыкана пункттары кассалык аппараттарды атайылап иштетпеген учурлар аныкталды. Ал тургай кампаларды тинтүүдө жарандардын өмүрүн сактап кала турган дары-дармектердин катылып турганы маалым болду. Бул боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө",- деди Боронов.