Коронавирус: миллиондогон адам ачарчылык алдында турат, дүйнөдө абал курчуп кетти

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Oxfam кайрымдуулук уюмунун айтымында, пандемия түзгөн экономикалык каатчылыктан улам жүз миңдеген адам ачарчылыктын алдында турат. Уюм коронавируска салыштырганда көп сандагы кишилер азык-түлүк тартыштыгынан көз жумат деп билдирди.
Йемен, Конго, Ооганстан сыяктуу өлкөлөрдө күнүнө ачарчылыктан 12 миң киши өлүм алдында турат. Узакка созулган согуш жана экономикалык каатчылык гуманитардык кризиске алып барды. Ал эми пандемия учурунда бул өлкөлөргө гуманитардык жардам жетпей калганы абалды кескин курчутту.
Дүйнөдө абал курч бойдон калууда
Жонс Хопкинс университетинин айтымында, дүйнөдө Covid-19 вирусун жуктургандардын саны 12 миллиондон ашты, коронавирустан көз жумгандар саны 550 миңге жетти.
АКШ вирустун очогу бойдон калууда. Өлкөдө үч миллиондон ашуун киши вируска кабылды. АКШдан кийин Бразилия турат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал тапта Токиодо бир сутка ичинде 220 кишиге вирус жугуп, өлкөдөгү рекорд жаңырды. Жапониянын өкмөтү вирусту аныктоочу тесттерди көбөйткөнү үчүн сандар өсүп жатканын айтууда. Бирок медицина кызматкерлери вирус өлкөнүн булуң-бурчунда катталып жатканын айтып, карантин чектөөлөрүн кайрадан киргизүүнү сунуштады.
Токиодогу вирустун очогу көңүл ачуучу жайлар болуп калды. Барлар, түнкү клубдарга баргандар арасында вирус көп аныкталууда. Алдыдагы дем алыш күндөрү Жапония спорт стадиондорду жана ареналарды ачууну көздөп жаткан. Бирок вируска кабылгандар саны өсүп жаткандыктан, учурда стадиондорду ачпай туруу маселеси каралууда. Жапонияда 20,5 миң кишиге вирус жугуп, 982 адам көз жумган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Индиядагы абал дагы дүйнөлук коомчулукту тынчсыздандырууда. Өлкөдө 760 миңден ашуун кишиге вирус жукту, бир сутка ичинде 25 миң жаңы учур катталды. Өлкө бийлиги вирусту аныктоочу тесттерди көбөйткөнү менен адистер бул дагы деле жетишсиз экенин айтууда.
Кыргызстанда бир күндүн ичинде 46 киши көз жумду
Өлкөдө 10-июлга карата 511 жаңы учур катталды. Бишкек шаары (260) жана Чүй облусу (104) вирустун очогу бойдон калууда. Жалпы өлкө боюнча 9 358 кишиге вирус жукту.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Өткөн сутка ичинде алты бейтап Covid-19 вирусунан, кырк киши пневмониядан көз жумду. Буга чейин дарыгерлер пневмония менен Covid-19 вирусунан каза болгондорду бөлүп айтуу катачылык экенин белгилешкен. Март айынан бери вирустан көз жумгандардын саны 350ге жетти.
Буга чейин Саламаттык сактоо министри менен анын орун басары да ооруп калганы жарыяланган. Министр Абдикаримовдун ПЧР-анализи таза чыкты. Ага пневмония диагнозу коюлду. Ал эми анын орун басары Н.Усенбаевден COVID-19 вирусу аныкталды. Эки расмийдин абалы орточо оор, канааттандырарлык деп айтылууда.



































