Коронавирус: Казакстан кайрадан карантинде, Кыргызстанда абал курч бойдон калууда

Сүрөттүн булагы, Reuters
Казакстан бүт өлкө боюнча карантин чектөөлөрүн кайтарып келген биринчи мамлекет болуп калды.
Жекшемби күндөн тарта өлкөнүн шаарларында иштеген коомдук транспортторго чектөө киргизилди, үч кишиден көп топтошууга тыюу салынды. Ошондой эле соода борборлору, коомдук жайлар жабылып, спорттук мелдештер токтотулду.
Ага карабастан эл аралык аба каттамдар ишин улантууда жана өлкө ичинде эркин жүрүүгө дагы мүмкүн.
Казакстанда биринчи карантин чектөөлөрү 16-марттан 11-майга чейин созулган. Анда коронавируска чалдыккандардын саны беш эсе аз болчу. Жаңы чектөөлөр эки аптага уланат.
Кыргызстанда абал курч бойдон калууда
Кыргызстанда өткөн суткада Сovid-19 инфекциясынан төрт бейтап көз жумду, вирустун айынан каза тапкандардын жалпы саны 92 кишиге жетти. 6-июлга карата өлкө боюнча инфекциянын 314 жаңы учуру катталды. Алардын көбү Бишкек шаарында (161). Кыргызстан боюнча 7691 киши вируска кабылды.
Курч кырдаал өлкөнүн ансыз да чабал саналган саламаттыкты сактоо тармагын оор абалга кептеди. Ооруканаларда орун жетишпей, бейтаптарды караганга дарыгерлердин чамасы келбей жатканын айтып, даттангандар арбын. 6-июлга карата элүү медицина кызматкери вирусту жуктурду, жалпысынан 1147 дарыгерге вирус жуккан.
Ага карабастан өкмөт жарандарды дүрбөлөң түшпөөгө чакырып жатат. Учурда өкмөт өлкөнүн бардык аймактарындагы күндүзгү стационарларда кошумча керебет-орундуктарды даярдоо боюнча иштер жүрүп жатканын жар салды. Коронавирус өзгөчө Бишкек жана Чүй облусунда тездик менен тарап жатат.
"Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча пневмония - өпкөнүн сезгениши менен жабыркаган бейтаптар үчүн 2062 орун даярдалды, анын ичинде 62 палата интенсивдүү терапия. Ал эми "Ганси" обсерваторуна орточо оор абалдагы бейтаптарды жаткырабыз. Ал үчүн 600 койко-орун даярдалып, бүгүн 112 суюк кычкылтек жеткирүү аппараттарын орнотуп жатабыз",- деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.
Орусия вируска кабылгандар саны боюнча төртүнчү орунда
Орусияда бир күндүн ичинде вируска чалдыккандардын 6740 жаңы учуру катталды, 134 бейтап коронавирустан көз жумду. Толугу менен өлкөдө 10161 адам вирустан каза тапты.
Өзгөчө баш калаа Москвада абал курч бойдон. Шаарда 650 жаңы учур катталды.
Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 11 миллиондон ашты, 530 миңден ашуун адам вирустан көз жумду. Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, планетада вируска чалдыккандардын саны кескин өсүп жатат, өзгөчө айрым аймактарда абал колдон чыгып кетти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дал ошол себептен Испаниянын бийлиги бир аймакты толугу менен изоляцияга алууну чечти. Жетимиш миң киши жашаган Галисияда Covid-19 вирусуна кабылгандардын саны кескин өскөн. Бул аймакка өтө зарыл иши бар кишилер гана кире алат. Галисиядан тышкары Каталониянын айрым аймактарына дагы карантин чектөөлөрү киргизилди.


































