You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Коронавирус: карантин чараларын жеңилдеткен өлкөлөр, аскер чыгымдары
Дүйнөдө коронавируска кабылгандар саны үч миллионго жакындады. Соңку маалыматтар боюнча 200 миң киши көз жумган.
Өлүм-житим эң көп катталып жаткан Европа өлкөлөрүндө кырдаал турукташа баштады. Ошондуктан айрым европалык өлкөлөр карантин чараларын жеңилдете баштады.
Кыргызстанда акыркы суткада 13 жаңы учур катталган. Өлкө боюнча коронавирус аныкталгандар саны 695 киши болду. Расмий маалыматтарга караганда, алардын сегизи каза тапкан. Ал эми 395 бейтап айыгып чыккан.
Коронавирустан эң көп жоготууларга кабылган Италияда марттын башында кирген карантин чаралары жеңилдетилди. Италиялыктар провинциянын аймагында шаардан шаарга чыга алышат. 15 кишиге чейин чогулууга дагы уруксат берилди. Франция 11-майдан тарта карантин чараларын жеңилдете турганын билдирди.
АКШда вирус жуктуруп алгандар саны өтө тездик менен өсүп кеткенине карабастан, айрым штаттар бир ай мурун киргизилген чектөө чараларын бошоңдотту. Бирок карантин чараларын жеңилдетүү өтө тобокелчил иш, деди Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо. Коронавирус эпидемиясы менен күрөшүү боюнча штабдын координатору доктор Дебора Биркс өлкөдөгү карантин чаралары алдыдагы бир нече айга чейин улана турганын айтты. Ак үйдүн кеңешчиси доктор Энтони Фаучи мындай чаралар кеминде күзгө чейин улана берет деп белгиледи.
Коронавирустун очогу болуп калган Кытайда эки айлык карантинден кийин мурдакы абалга өтө башташты. Бээжин менен Шанхайда мектептер ачылды. Расмий маалыматтарга караганда, Covid-19 менен катталгандар саны төмөндөп жатат. Бээжин коомдук жайда жүрүүнүн жаңы эрежелерин киргизүүдө. Тагыраагы, мындан ары коомдук жайда чүчкүрүп-бышкырып, оозду кол менен жапканга тыюу салынды. Эрежени бузгандар айыпка жыгылат.
Түштүк Корея дагы акырындап мурдакы абалына келе баштады. Өлкөдөгү чиркөөлөр ачылып, сыйынууга келгендер аралыкты сактап, беткап менен кире баштады.
Коронавирустан беш миңдей киши өлгөн Иранда мечиттер ачылышы мүмкүн. Ирандын өкмөтү акырындык менен чектөө чараларын жеңилдетет. Дүкөндөрдү ачууга уруксат бере баштады.
Аскердик чыгымдар көбөйдү
Бул жылы аскердик чыгымдар 2008-жылдагы кризистен бери эң бийик көрсөткүчкө чыккан. Дүнөдө аскердик чыгымдар 1,9 трлн долларды түзөт деп айтылат SIPRI (дүйнөлүк маселелерди изилдөө боюнча Стокгольм эл аралык институту) докладында.
Докладдын авторлору коронавирус кийинки жылы бул тенденцияны сындырышы мүмкүн экенин белгилеген.
"Коргонууга чыгымдалган каражаттар кансыз согуштан бери болуп көрбөгөндөй өстү",-деди докладдын авторлорунун бири Нан Тянь.
Коргонууга эң көп сарптаган өлкө АКШ - 732 млрд доллар же курал-жаракка сарпталган дүйнөлүк чыгымдын 38% түзөт. Экинчи орунда Кытай - 261 млрл доллар. Үчүнчү орунда Индия турат (71,1 млрд). Төртүнчүдө, Орусия - 65,1 млрд доллар. Бешинчи, Сауд Арабиясы - 61,9 млрд. (AbA)