Коронавирус: Азия жакырчылыкка батат, коменданттык саат киргизген өлкөлөр

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коронавирус Чыгыш Азиядагы миллиондогон кишилерди жакырчылыкка кептейт, аймактагы Кытай башында турган өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн экономикалык өсүүсү жайлап, артка кетет. Мындай эскертүүнү Дүйнөлүк банк жасады.
Көлөмү боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки эле орунда турган Кытайдын экономикасы бул жылы бир-эки пайызга эле өсүшү мүмкүн. Бул эми жагымдуу шартта. Эгерде пандемияны ооздуктоого мүмкүн болбосо, анда бул бүтүн дүйнөгө толтура көйгөй алып келет.
Буга чейин Дүйнөлүк банк 2020-жылы Чыгыш Азиянын 35 млн тургуну, анын ичинде 25 млн Кытай жараны жакырчылыктын чегинен чыгат деген божомол берген болсо, азыр коронавирус аны жокко чыгарды.
Жаңы божомолдо жакырчылык 11 млн кишиге кыскарат, ошол эле маалда окуянын жагымсыз өнүгүшү кайра эле ушунча кишини жакырчылык сазына батырат деп айтылды.
Вашингтон карантинде, Грузия менен Кипрде коменданттык саат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөдө коронавирус жуктургандар саны 800 миңге барды. Соңку маалыматтар боюнча көз жумгандар саны 37 миң. Эң оор кырдаал - Европанын түштүгүндө жана АКШда түзүлдү.
Дүйшөмбүдө жоготуулар көрсөткүчү Францияда кескин секирик жасап, ооруканада 418 бейтап көз жумган.
АКШда вирустун очогу Нью-Йорк болуп калды. Штаттын губернатору Эндрю Куомо башка аймактардагы дарыгерлерди жардамга чакырды.
Баш калаа Вашингтон жайгашкан Колумбия округуна жана анын тегерегиндеги Мэриленд менен Вирджинияга толук карантин киргизилди.
Губернаторлордун буйругуна ылайык, тургундар үйдөн дүкөнгө жана дарыгерге баруу үчүн гана чыга алышат. Эреже бузгандарга маселен, Мэрилендде 5 миң доллар айып пул салынат же абак жазасына кириптер болот.
Учурда АКШ боюнча чектөө чаралары расмий маалыматтар боюнча 261 млн чамалуу киши жашаган аймактарга киргизилди.
Кипрде шейшембиден тарта кечки саат 9.00 таңкы 6.00 чейин коменданттык саат кирди. Бул жердеги чектөөлөр өтө катаал: күнүгө бир гана жолу, өкмөттөн СМС билдирүү келгенде гана сыртка чыгууга болот. Мындай билдирүүсү жок чыгып алгандарга 300 евро айып салынат.
Грузия дагы коменданттык саат киргизип, коомдук транспорттун ишин токтотту. Тбилисиде метро жабылды.
Австралиянын калк жыш жашаган Жаңы Түштүк Уэльс штатында карантинди бузгандарга 11 миң австралиялык доллар (7 миң АКШ доллары) айып салынат.
Италияда бир суткада 812 бейтап каза таап, 4050 киши вирус жуктурган. (AbA)
































