АКШ вируска кабылгандардын саны боюнча Кытайдан озуп өттү

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШда 85 миңден ашуун киши коронавируска кабылганы тастыкталды. Кошмо Штаттары Covid-19 вирусуна кабылгандар саны боюнча Кытайдан (81782) оозуп кетти.
АКШда вирус кеңири жайылып жаткан чакта, Кытайда вирустан айыгып чыккандар саны өсүүдө. Президент Трамп өлкөдө вирусту аныктоо үчүн тесттер массалык түрдө жүрүп жаткандыктан, көп сандагы жаңы учурлар катталганын белгиледи.
Нью-Йорк шаарында гана 30 миңден ашуун киши вируска кабылды. Covid-19 вирусуна кабылгандар өлкөнүн элүү штатында катталды. Өлкөдө вирустан каза тапкандардын саны миңден ашты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Буга чейин Сенат экономиканы колдоо үчүн эки триллион доллар бөлүүнү колдогон. Бул экономиканы колдоо үчүн бөлүнгөн АКШнын тарыхындагы эң көп каражат болуп, рекордду жаңыртты. Ошондо АКШнын ар бир тургун 1200 доллар жардам алат. Андан тышкары өкмөт чакан компаниялар кызматкерлеринин маянасын төлөп берүү үчүн дотация бөлөт.
Эпидемия башталгандан бери Кошмо Штаттарында жумушсуздук өсүп, 3,3 киши бош олтуруп калганы айтылган. Маянаны иштеген саатына жараша алган аялуу катмарга өтө катуу сокку болду. Кафе, ресторан же тейлөө тармагында иштеген миллиондогондор бир күндүн ичинде жумушсуз калды.
Эмгек министрлигинин айтымында, өткөн аптада үч миллион америкалык жумушсуз калганы үчүн өкмөттөн жөлөк пул сурады. Буга чейинки рекорд 1982-жылы коюлган, анда бир аптада 695 миң киши жөлөк пул сураган.


Виртуалдуу саммит

Сүрөттүн булагы, EPA
"Чоң жыйырманын" онлайн-саммити бейшемби күнү өттү. Сауд Арабиясы төрагылык кылган жыйында глобалдык коркунуч түзгөн коронавирус талкууга алынды.
"Чоң жыйырманын" лидерлери коронавирус менен күрөшүү үчүн беш триллион доллар бөлүп берүүгө макул болушту. Жардамды саламаттыкты сактоо системасы чабал өлкөлөр биринчи кезек алат.
Андан тышкары, алдыдагы жумаларда "Чоң жыйырмага" кирген мамлекеттердин каржы министрлери Европанын борбордук банкы менен биргеликте глобалдык экономикага жардам көрсөтүү долбоорун иштеп чыкмакчы. Алардын негизги максаты, дүйнөлүк сооданын токтоп калышын алдын алуу. Өзгөчө дары-дармек соодасы. Ошондой эле дүйнөнүн булуң-бурчунда ар түрдүү чектөөлөрдөн улам өлкөсүнө кайтып келе албай калган жарандарга дагы жардам көрсөтүлөт.

Сүрөттүн булагы, EPA
Бириккен Улуттар Уюму болсо дүйнө лидерлерин миллиондогон качкындарга көңүл бурууга чакырды. Өзгөчө Сирия жана Ливиядагы бозгундарга. Саясий кризистен улам жогоруда айтылган эки мамлекеттеги качкындарга эч жардам көрсөтүлбөй келет. (AT)


































