Азия өлкөлөрүн коронавирустун экинчи толкуну кооптондурат

Люди на улице

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published

Түштүк Корея, Кытай, Сингапур жана башка өлкөлөр Covid-19 эпидемиясын ооздуктоого күчү жетерин көрсөтүштү. Бирок эми алар жаңы коркунуч алдында турат - вирус АКШ менен Европадан барышы мүмкүн.

Азия өлкөлөрүндө жалпы кырдаал оңолуп келатат. Жапония шаршембиде коронавирустун жаңы катталган үч эле учурун кабарлады. 154 учур катталган Хоккайдо префектурасында өзгөчө кырдаал алынып салынды.

Пандемия башталган Ухан шаарында соңку суткада вируска чалдыккан бир да адам болгон жок. Көп апталардан бери үйүнөн чыкпай карантинде отурган шаардын жашоочулары эми көчөгө чыкса болот.

Вирустун жайылуу динамикасы өзгөрүүдө. Эми пандемиянын очогу Европанын өлкөлөрү болуп жатат. Ал эми Азияда эң оор учур артта калды. Ошондуктан Азия өлкөлөрүнө мындай шартта, балким, чек араларын жабууга туура келет.

Кытай, Түштүк Кореяда жана башка өлкөлөрдө сырттан жугузуп келгендер көбөйүүдө. Бийлик өкүлдөрү менен эксперттер жергиликтүү саламаттык сактоо тармагы буга даяр болушу керектигин эскертүүдө.

Вирустун сапары

Кытайда жаңы катталган 34 адамдын баары вирусту чет өлкөдөн жугузуп келгени белгилүү болду.

Сингапурда бир суткада вируска чалдыккан 47 киши катталды, анын ичинен 33 чет өлкөдөн жугузуп келгендер. Булардын отузу үйүнө кайтып келген Сингапурдун жашоочулары.

В Ухане

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Уханда катуу карантин эффективдүү болду

Түштү Кореяда бейшембиде жайылуунун жаңы секириги катталды, вируска жаңы чалдыккандар 152 адам болду. Алардын канчасы сырттан жугузуп келгендер, тактала элек.

Кытайдын миграциялык агенттиги аптанын башында билдиргендей, 11-мартта Covid-19 пандемия болуп жарыяланганда Кытайга жумасына 120 миң адам кирип жаткан экен.

Эксперттердин көбүнүн баамында Кытай үчүн эң оор учур өтүп кетти, бирок коркунуч дагы эле бар.

"Көпчүлүк түшүнүп турат, бул ийгилик убактылуу гана",-деп билдирди Financial Times гезитине Гонконг университетинин эпидемиология профессору Бен Коулинг. -"Сырттан жугузуп келгендер көбөйүп жатканы кыйынчылык жаратууда. Азыркы учурда биринчи кезекте Европадан, балким, башка региондон да кирип жатат".

"Үйүңдөн чыкпа"

Жайылуунун статистикасы көрсөткөндөй, Азияда эң оор учур артта калса дагы анын бүтөрүнө али көп бар.

Бул жерде эң айкын мисал катары Түштүк Кореяны атаса болот, дейт Сеулдагы Би-Би-Си кабарчысы Лаура Бикер.

В Южной Корее

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түштүк Кореяда вируска чалдыккандар кайра көбөйүп жатат

Корей бийликтеринин вирусту ооздуктоо аракети ийгиликтүү болду. Инфекциянын изин кылдат карап атышты, көп тест текшерүүлөр болду, оорулууларды ыкчам карантинге алышты.

Бирок вируска чалдыккандар бул жакта кайрадан көбөйө баштады.

"Саламаттык сактоо министрлиги кубанууга эрте деп кайрадан эскертип, адамдарды топ-топ болуп чогулбоого, чиркөөгө, интернет-кафеге, караокеге барбоого чакырып жатат",-дейт Бикер.

Андан сырткары, фехтования боюнча Кореянын курама командасынан Болгарияга барган үч спортчусу коронавирус жугузуп алышты. Азыр бүтүндөй команданы карантинге киргизишке туура келди. (КС)