Коронавирус: Россияда студенттер жатаканадан чыгарыла баштады

Сүрөттүн булагы, Petr Kovalev/TASS
- Author, Ольга Дьяконова
- Role, Би-би-си
- Published
Кээ бир россиялык жогорку окуу жайлары коронавирус жайылат деп чочулап, студенттерди жатаканадан чыгара баштады. Мисалы, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институту студенттердин ушул аптанын аягына чейин чыгып кетишин талап кылды. Урал мамлекеттик экономика университетинде 30-мартка чейин мөөнөт беришти.
Россияда 17-мартта коронавирус инфекциясына чалдыккандар 114 адам болду. Көптөгөн жогорку окуу жайларында карантин жарыялашып, дистанттык окутууга өтүштү. Кээ бир окуу жайлары марттын аягына же апрелдин аягына чейин каникул жарыялашты. Кээ бир жерде студенттерди жатаканадан чыгарып, дезинфекция өткөрүүнү чечишти.
Бул көрүнүштү массалык деп айтууга болбойт, мындай чаралар кээ бир гана окуу жайларда болуп жатат. Бирок мындай тажрыйба башка окуу жайларга да өтүшү мүмкүн.
Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институту
Сырттан келген жана чет элдик студенттерди үйлөрүнө кетүүгө чакырган расмий сунуш Москва эл аралык мамилелер институтунда 17-мартта жарыяланды. "МГИМО жетекчилиги жатаканаларда жашагандар санын максималдуу азайтуу чараларын көрүп жатат, ошондуктан жашоочулардын ушул аптанын аягына чейин жатаканадан чыгып кетишин көптөн-көп өтүнөбүз",-деп айтылат университеттин билдирүүсүндө.
Бирок социалдык тармактагы кабарларга караганда, жатаканадан чыгаруу - жөн эле сунуш эмес, ректор Анатолий Торкуновдун чыгарган буйругу.

Сүрөттүн булагы, Valery Sharifulin/TASS
"Москвадагы эпидемиологиялык жаман кырдаалдан улам бардык студенттер жатаканадан 20-мартка чейин чыгып кетиши керек",-деп айтылат жатаканада жашоочулардын өзүнчө бир тобундагы билдирүүдө. Ошондой эле билетке же батир жалдаганга акчасы жокторго өзүнчө жардам болот деп белгиленген.
Даректүү жардам берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө аталган университеттин студенттик союзу билдирип жатат. Андагы кабарга караганда, студент каржылык жардам сурап ректоратка кайрылса болот, аны кыска убакытта атайын түзүлгөн комиссия карап чыгат.
"Студенттер көрсөтүлгөн дарек боюнча арыз жазышты, бирок анын жообу болгон жок",-деди Би-Би-Синин орус кызматына бүтүрүүчүлөрдүн бири.
Бүтүрүүчүлөрдүн уюму кыйынчылыкта калган чет элдик жана россиялык студенттерге жардам берүү жолун караштырууда.
"Биз жардамга муктаж студенттер жөнүндө маалымат чогултуп атабыз, ошого жараша даректүү жардам көрсөтөбүз: алар менен байланышып, проблемасын чечип жатабыз",-деди Би-Би-Сиге бүтүрүүчүлөр уюмунун бир өкүлү. -Москвада азыр жашаганга жай табуу оңой эмес, ошондуктан биз карантин убагында бир жерге жайгаштырганга аракет кылып жатабыз."
Бул маалымат жарыяланып жаткан убакта университеттин басма сөз кызматы эч кандай жооп берген жок.
Петербургда каратинден кийинки чыгаруулар
Кээ бир студенттер жатаканада карантинге киргизилген учурлар болду. Мисалы, Мечников атындагы Түндүк-Батыш медициналык университетинде 4-мартта бир жатакандан 700 студентти эки апталык карантинге жиберишкен. Ошол күнү Санкт-Петербургда коронавирус биринчи жолу катталды. Италиядан келген студенттен инфекция табылган.
Университеттин ректору журналисттерге карантин жакшы өттү деп жаткан менен студенттер ар башка пикирде болуп жатышат. Кээ бирөөлөр карантин убагында берилген тамактын сапатына нааразы, башкалары болсо каратиндин уюштурулганын макташууда.
Карантин 17-мартта аяктады, ошол эле күнү студенттерди чыгарып, имаратты дезинфекция жасашты. Студенттер досторуна, туугандарына же жалдаган батирлерге чыгып кетишти. Бара турган жери жок студенттерге университет башка жатаканадан орун берерин билдирди.
Азыркы убакта Петербургда коронавирус менен ооруган тогуз адам катталган, анын экөө айыгып чыкты.

Сүрөттүн булагы, Petr Kovalev/TASS
Урал мамлекеттик экономика университети
Урал мамлекеттик экономика университетинде 17-мартта студенттер 30-мартка чейин жатаканадан чыгарылып, дистанттык окутууга өткөрүлөрү жарыяланды. Би-Би-Синин орус кызматына университеттин басма сөз кызматы бул маалыматты ырастады. Алар 30-марттар тарта дистанттык формага өтүшөт.
"Окуп жаткандар дистанттык окутуу технологияларын жана электрондук окутууну колдонуу менен индивидуалдык окуу планына которулуп жатканына байланыштуу 2020-жылдын 30-мартынан тарта жатаканаларда санитардык иштер өткөрүлсүн",-деген буйрукту "Коммерсант" жарыялады.
Ошол эле убакта студенттерди күчкө салып чыгарып салышпайт: чет элдик студенттер жана дистанттык жол менен окуй албай тургандар жатаканада калат жана аларга башка чара көрүлбөйт деди басма сөз кызматы.
Урал округунда коронавирус эки адамдан чыккан, экөө тең Тюмен областында. (КС)
































