Коронавирус: Трамп Европа үчүн чек арасын жапты

Image shows President Donald Trump

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын президенти Трамп Европа өлкөлөрү үчүн чек ара жабылганын жарыялады
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирустан улам катаал чараларды ишке ашырып жатканын жарыялады. Европада коронавирус тез жайлып жаткандыктан, АКШ бүтүндөй регионго чек арасын жапты.

Президент кайрылуусунда Европанын бүт мамлекеттери менен чек ара отуз күнгө жабылат деп билдирди. Бирок АКШ бул чектөөлөргө Британияны кошкон жок. Учурда Улуу Британияда 460 киши вирусту жуктурганы тастыкталган.

АКШда болсо 1135 киши Covid-19 вирусуна кабылды, 38 адам көз жумду.

"Жаңы эрежелер жума күнү, түнкү саат 12де күчүнө кирет",-деп айтты Трамп.

Коронавирус тууралуу жаңылыктарда иллюстрация үчүн колдонулган сүрөттөр кыямат тууралуу тасмалардай эле элес калтырат. Сүрөттө Түштүк Кореянын армиясы айыл жеринде дезинфекция кылып жүргөн учуру
Коронавирус

Дональд Трамп Европа Биримдиги Кошмо Штаттары сыяктуу "алдын ала даярдыктарды көргөн жок" деп сын пикирин айтты.

АКШ киргизген чектөөлөр Шенген аймагында саякаттаган башка жарандарга дагы тиешелүү. Кошмо Штаттарына барар алдында 14 күн мурун Европага баргандар өлкөгө киргизилбейт.

Президент Трамптын чечиминин экономикалык кесепети оор болот. Ошондуктан Ак үй чакан бизнестерге миллиарддаган долларга барабар насыя берүү сунушун айтып, Конгрессти салыктарды убактылуу азайтып туруу мыйзамды кабыл алууга чакырды.

АКШдагы абал кандай?

АКШ коронавируска каршы чараларын эрте баштаган. Covid-19 вирусу аныкталган Нью-Рошелл шаарына аскерлер жөнөтүлүп, карантин көзөмөлдөнгөн.

Вашингтон штатынын губернатору бир нече аймакта спорт, маданий жана диний иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган. Өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан штат коронавирустун очогуна айланды. АКШдагы вирустан улам көз жумган 38 кишинин 24 ушул аймакта жашаган.

Вирус түзгөн коркунучтан улам Улуттук баскетбол ассоциациясы (NBA) шаршемби күнү сезонду жыйынтыктады. Буга баскетбол лигасында, "Юта Жаз" командасында ойногон спортчунун бири коронавируска кабылганы себеп болду. Баскетболчунун вирусту жуктурганы "Юта Жаз" менен "Оклахома-Сити Тандер" командалары беттешер алдына бир нече секунд калганда белгилүү болду. Жаңылыктан кийин оюн башталган эмес, 20 мүнөт өткөн соң калыс беттеш жылдырылганын жарыялады.

NBA жарыялоосунан кийин белгилүү актер, "Оскар" сыйлыгынын ээси Том Хэнкс жубайы экөө Австралияда Covid-19 вирусун жуктурганын жарыялады.

Presentational white space
X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Presentational white space

Американын Аллергия жана жугуштуу оорулар институтунун башчысы Антони Фауци Конгресстеги кайрылуусунда "абал мындан ары дагы курчуйт" деп билдирди. Дарыгердин айтымында, эң негизги суроо Кошмо Штаттарынын саламаттыкты сактоо системасы вирустун жайылышын басаңдатууга алы жетеби же жокпу.

АКШда медицина абдан кымбат болгондуктан, жергиликтүүлөр дарыгерге көрүнбөйт. Андан тышкары ишканалар ооруп калган кызматкерлерине дарыланууга мүмкүнчүлүк түзбөйт.

Бирок вице-президент Майк Пенс вируска кабылгандарга камсыздандыруу компаниялар төлөп берет деп билдирди.