"Казак сценарийи": Путиндин бийлик транзити эксперттер баамында

Путин

Сүрөттүн булагы, Alexei Nikolsky/TASS

Published

Путиндин Федералдык Жыйынга жасаган кайрылуусунан кийин өкмөттүн отставкага кетиши менен эксперттер мунун баарынын артында кандай максат жана пландартурганын талкуулап жатышат. Би-Би-Синин орус кызматы Путиндин 2024-жылы башкаруу мөөнөтү бүткөндөн кийинки тагдырына саясий эксперттердин негизги ойлорун, пикирлерин топтоду.

Саясат таануучу Екатерина Шульмандын пикиринде, Путин үч варианттын - кытайдын, белорустун, казактын жолунун - ичинен бирөөн тандады. Биринчи вариантта Дума Баш мыйзамдагы бир адам эки мөөнөт катары менен башкарбайт деген чектөөнү алып коймок, экинчи вариантта Беларус менен биригүү болуп, жаңы мамлекет башчысы шайланмак. Ал эми үчүнчү вариантта президент казактардын элбасы Нурсултан Назарбаевдин мисалында анын россиялык версиясына айланмак. Натыйжада бийлик үчүнчү вариантка токтоду дейт эксперттер. 

«Жалпысынан бул саясий илим тилинде «казак сценарийиндеги транзит» деп аталат, президенттин кээ бир ыйгарым укуктары коллективдүү бийлик органдарына бөлүштүрүлөт, мурунку президентке ардактуу титулун сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошол эле убакта кадр дайындоо рычагдары да колунда болот.  Биздин мисалга келгенде, бул Мамлекеттик Кеңештин төрагасы, башкача айтканда Казакстанда болуп жаткан схемага кыйла окшош". 

Глеб Павловскийдин "Фонтанкага" берген маегинен:

"Путин бийликте эч кооптонбой дагы бир топ жыл кала алат. Бүгүн ал «постпутиндик транзит»процессине өзү да киришти. Бирок бул иш анча ийгиликтүү кеткен жок, анткени ал сунуштаган конструкция ал кеткенден кийин проблема жаратпайт деген ойдо. Бул конструкция бүгүн иштейт деп коелу, бирок ал кеткенден кийин иштебейт». 

Александр Кыневдин "Ведомостторго" комментарийи:

"Кайрылууда каралган чаралар казак сценарийи боюнча бийликтин трансфери жөнүндө айтып жатат - эч кандай элбасы жок дечи, бирок жогорку кызмат адамдарынын ортосунда, Мамкеңеш,Конституциялык соттун ортосунда функцияларды бөлүштүрүү болот. Бул өзүнчө бир кошумча «көзөмөл мунарасы» болуп, алар аркылуу Путиндин мураскору өз алдынча кетпеши үчүн көз салынып турат. Булардын ичинен Путин өзү кайсыл мунарага өтөт? Кайрылуунун текстин караганда ар кандай божомол келип чыгууда. Бул жаңырган Мамкеңеш же күчтөндүрүлгөн парламент. Кандай болгон күндө да 2024-жылы президент жаңы болот, бирок ал мен айткан «көзөмөл мунарасынын» контролу астында болот. 

"Жарандык демилгенин" төрагасы Андрей Нечаев, "Фонтанкадагы» комментарий:

«Кремлде Путиндин колунда бийликти сактап калуунун ар кандай жолдорун издеп жатышат окшойт. Бул союздук мамлекет варианты, жаңы конституциялык органды түзүү жана президент менен өкмөттүн ортосунда ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү. Бул алдын ала элдин ой-пикирин билүү үчүн жасалып жаткан иш». 

Публицист Иван Давыдов, Republic үчүн жазылган макаладан:

"Кайрылуунун корутунду бөлүгү Конституцияны реформалоо жана жаңы мамлекеттик түзүлүш жөнүндө. Бирок анын башкы мааниси азыр түз эле жарыяланды го - Путин дайым биз менен. Эми биздин өзүбүздүн Владимир Абишевич бар. Өзүбүздүн Нурсултан Владимирович. Өзүбүздүн элбасы». 

ПолитологАлександр Морозов  The Insider үчүн жазылган макаладан:

"Путин биз күткөндөй эле жолдо баратат. Ооба, бийликтин транзити жөнүндө айтып атам. Ал аны кийинкиге калтырбоону чечти, өзүнүн «экинчи мөөнөтү» бүтөрүнө төрт жыл калганда жүрүш планын тактап алууда. Бул пландын күчү аны эки анжы чечмелебеш керектигинде. ...  Ал аңгыча 2024-жыл келет. Владимир Владимирович Мамкеңешке кетет. Ал жактан өкмөт жана президентти, Коопсуздук кеңешин башкарып турат. А президент Конституция күнүнүн алдында же башка дем алыш күндүн алдында телефон чалып, "Владимир Владимирович, эртең көлгө түшүп келбейбиби? Же Алтайга барып ат минелиби? Бул жолу чолоо тийбеби? Каап, жакшы болмок эле да, кап" деп турат. А Владимир Владимирович: "Камтама болбо, мен эртең бара албайм деп жатам. Башка күнү барабыз да".

 Социолог Константин Гаазе, "Бизнес Online":

"Ал өзүнө Мамкеңештин төрагасы кызматын карап жаткандай. [...]Мен азыр орой айтып коюшум мүмкүн. Путин бир системанын ичинде экинчи арбитрдин постун түзүп жатат. Азыркы арбитр - президент гана. Россияда мамлекет башчынын бийлигинин күчү анын чукул кырдаал жарыялашында, же бир жакка аскер жибере алганында эмес. Маселе анын акыркы арбитрдын инстанциясы экенинде. Мамкеңештин төрагасы кызматын конституциялык статустагы орган катары түзүү менен Путин арбитраждын экинчи инстанциясын түзүп жатат. Ошол кадамы менен ал мамлекеттин күчүн кетирет. Баары өзүнө арбитр тандап башталганда азыркы жаман деген суперпрезиденттик мамлекетибиз да жок болот». 

Элла Панеях, доцент,  "Фейсбуктан":

"Көп саясий эксперттер айткандай, Путин бийликтин борборун президенттик орундан башка жерге жылдырып, ошол жакка өткөн жатат. Бул үчүн азыркы саясий түзүмдү масштабдуу түрдө реформа кылыш керек». (КС)