Орусия телефондорду өз программасы менен сатат

Смартфондор
Published

Байланыш техникалары боюнча Орусия кабыл алган мыйзам 2020-жылы июлда күчүнө кирет. Путин 2-декабрда кол койгон мыйзамда смартфондорго, компьютерлерге жана акылдуу телевизорлорго Орусиянын программаларын орнотуп сатуу каралган.

Бирок техникалардын тизмеси, кайсы программаларды, ким орнотоору мыйзамда көрсөтүлгөн эмес, аны өкмөт аныктайт.

Мыйзам долбоорун Думанын бардык фракцияларынан депутаттар алып чыкты. Авторлор анын максаты - чет жердик программаларды тыюу эмес, жарандарга көбүрөөк тандоо берүү, кааласа орус программасын алыш керек дешти.

Анткен менен мындай жабдыктарды чыгарган жана саткандар мыйзам долбоору даярдалганда эле нааразылыгын билдирип, ири биримдиктер президентке чейин кайрылышкан.

Ал тапта аталган мыйзам Евразия экономикалык биримдигинин мүчө өлкөлөрүнө кандай таасир этет?

Евразия экономикалык комиссиянын 13-декабрда өткөн жыйынында мүчө өлкөлөр ушул маселени көтөрүштү.

Кыргызстандын экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров мыйзам долбоору ЕАЭБдин техникалык регламентине каршы келип жатканы айтылды деди.

"Орусия өз базарын көзөмөлдөө үчүн ар кандай мыйзамдарды кабыл алат. Бирок ал ЕАЭБдин келишимине ылайык келиш керек. Эгерде ылайык келбей калса, ал келишимдин аткарылышына тоскоолдук болуп саналат. Казакстан жыйында бул норма тоскоолдук болот деп, ошол маселени айтты, биз колдодук. Орус тарап бул жаңы эрежелер өкмөттүн токтому менен толукталып, бекитилет, биз уюмдагы мүчө өлкөлөргө тоскоолдук болчу талаптарды койбогонго убада беребиз дешти", - деп билдирди Би-Би-Сиге Алишеров.

Apple

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Маалымат техникаларын өндүргөндөр менен саткан ишкерлер мыйзам долбоору бизнес чөйрөсү менен талкууланбаганын, көп жагдайлары түшүнүксүз экенин белгилеп келишти. Андан сырткары компьютердик программалар менен технологиялар базарында товар жүгүртүү басаңдаарын, баалар көтөрүлөөрүн айтып келишти. Apple, Samsung, Google жана башка өндүрүүчүлөрдү бириктирген РАТЭК ассоциациясы аягында аталган мыйзам ЕАЭБдин интеграциясына тоскоолдук кыларын, Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине каршы келерин белгилеп, Путинге кайрылган. Бирок мыйзам баары бир кабыл алынды.

Орус басылмалары бул мыйзамды Apple корпорациясына каршы мыйзам деп атап жатышат. Белгилүү болгондой бул компания продукцияларын өзүнүн программасы менен гана чыгарат.

Би-Би-Си Орус кызматынын журналисти Андрей Сошников Орусиядагы бизнес чөйрөсү бул мыйзамга сөз жок каршы экенин белгиледи.

"Мыйзамдагы бул өзгөртүүлөрдүн негизги бутасы - Apple. Биринчиден анын операциялык системасы өзү уруксат бербеген программаларды онотууга жол бербейт. Алар силикон аймагында эмнени иштеп чыккан болсо аларманга ошол жетиш керек дешет. Операциялык системасы жабык, анын маңызы ошондо. Экинчиден, Apple азыр симкартасы жок чалууга мүмкүн болгон esim технологиясын иштеп чыгууда. Бул атайын кызматтардын телефон байланышын аңдуу мүмкүнчүлүгүн кескин азайтат. Балким, бул мыйзамдын өзөгү esim Орусияда дагы сатылабы же Батышта гана сатылабы деген маселеге барып такалып жаткандыр", - деди Сошкинов.

Gadgets

Сүрөттүн булагы, Getty Images

el-sozduk.kg сайтынын негиздөөчүсү Чоробек Сааданбек Орусиянын мыйзамы бизнеске гана терс таасир этпестен, маалыматтык коопсуздукка коркунуч жаратаарын белгилеп жатат:

"Эгер сиздин смартфонуңуздагы программаны бузуп кирген болсо орус өкмөтү ага жоопкерчилик алабы, кепилдик бере алабы? Чыгымга учураган кишиге ордун толтуруп береби? Мисалы, Apple өзүнө алдын ала программаларды орноттурууга макул болбойт. Ошондуктан бул кайсы бир деңгээлде аларга каршы мыйзам десе болот".

Чоробек Сааданбек Орусиянын компьютердик программа өндүрүүчүлөрү атаандаштыкка туруктуу программаларды чыгаргандын ордуна өкмөттүн реестрине киргенге аракет кылып калат дейт. Бул өз учурунда коррупция маселесин жаратышы мүмкүн. Андан сырткары монополисттер келип чыгышы ыктымал.