Лондондо биринчи жолу болуп өткөн Евразиялык кинофестиваль жыйынтыкталды

Фестивалдын катышуучулары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фестивалдын катышуучулары
Published

Британиянын башкалаасы Лондондо биринчи жолу болуп өткөн Евразиялык кинофестиваль жыйынтыкталып, катышуучулары өз мекендерине жөнөштү.

Евразия чөлкөмүнөн келген режиссерлор, продюсерлер, актерлор жана дизайнерлер үстүбүздөгү июнь айында өз эмгектерин бир нече күн бою Лондондогу "Premiere Cinemas" кинотеатрында көрсөтүштү.

Британиялык кинематографисттерди евразиялык кесиптештери менен жолуктурууну көздөгөн фестивалдын уюштуруучуларынын бири, Лондондогу "Евразия гильдиясы" уюмунун жетекчиси Марат Ахмеджанов, бул иш-чара Борбордук Азия аймагынын маданиятына жана киноискусствосуна арналганын белгиледи.

"Ошону менен бирге, бул фестиваль Евразиялык чыгармачыл гильдиясынын мүчөлөрүнүн киноискусстовосун даңазалоого багытталган,"- деди Би-Би-Си менен маегинде Марат Ахмеджанов.

Лондодогу "Евразиялык чыгармачыл гильдия" төрт жыл мурун түзүлгөн уюм. Анын максаты - таланттууу чыгармачыл инсандарды бир платформада жолуктуруу жана Борбор Азиялык жазуучулардын, драматургдардын, кино-режиссёрлордун эмгектерин англис коомчулугуна жайылтуу болгон.

Лондондо өткөн фестивальдын талабы боюнча, көрсөтүлгөн тасмалардын актерлору, режиссерлору же тематикасы Евразия аймагына таандык болушу шарт. Тасмаларды тандоонун негизги критерийлеринин бири - адамдын жан дүйнөсүн байыткан окуяны, кубулушту көрсөтүү болгон. Фестивалдын катышуучулары тасмаларга өздөрү баа беришти.

Марат Ахмеджанов фестивалдын алкагында Борбор Азия аймагындагы дизайнерлердин мода көрсөтмөсү, улуттук тамак-аштарды даамдоо жана, ошону менен бирге, сүрөтчүлөрдүн эмгектери да көргөзмөгө коюлганын айтып берди. "Евразия гильдиясынын" Кыргызстандагы өкүлү Гүлнар Мамбетсадыкова 40тан ашуун кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектерин көргөзмөгө алып келген.

Фестивалга Кыргызстандан Гульнар Мамбетсадыкова кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектерин көргөзмөгө алып келген
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фестивалга Кыргызстандан Гүлнар Мамбетсадыкова кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектерин көргөзмөгө алып келген

Фестивалга 20дан ашуун өлкөдөн 120дан ашуун кинорежиссердун тасмалары тартууланган. Алардын ичинен 10дон ашуун тасма тандалып, алардын авторлоруна сыйлыктар тапшырылды.

Коомдук уюм болгондуктан гильдиянын мүчөлөрү фестивальды өздөрү каржылаган. Мындан сырткары, Борбор Азия искусствосуна кызыккан демөөрчүлөр жана Лондондогу кинотеатр да имараты менен колдоо көрсөттү. Евразиялык кинофестиваль биринчи ирет өткөрүлгөнүнө карабай, ага катышууга 24 өлкөдөн 64 арыз келип түшкөн. Беш күнгө созулган кино фестиваллга 1500ден ашуун адам келип катышты.