Ашыгын таң калтырам деп ажал тапты

Steven Weber was filmed proposing to his girlfriend off the coast of Tanzania

Сүрөттүн булагы, Kenesha Antoine

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Стивен Веббер менен Кенеша Антуан Танзаниянын Пемба аралында эс алып жүрүшкөн
Published

Америкалык жигит Танзанияга эс алууга барып, сүйлөшүп жүргөн кызына баш кошууга сунуш кылам деп чөгүп өлдү.

Стивен Веббер менен Кенеша Антуан Пемба аралындагы беш жылдыз мейманканада турушкан. Интернетке тараган видеодо, Стивен суу алдында жайгашкан кабинанын терезесине сүзүп келип, Кенешага "баш кошолу" деген жазууну көрсөтүп, шакек алып чыккан.

Кенеша кийин "Фейсбук" баракчасына Стивен суудан тирүү чыкпай калганын жазды.

Kenesha Antoine and Steven Weber

Сүрөттүн булагы, Kenesha Antoine on Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Стивен Веббер менен Кенеша Антуан

The Manta Resort мейманканасы бул маалыматты Би-Би-Сиге ырастап, "Веббер өз алдынча, эч жабдыгы жок суу алдына сүзүп, кырсыкка учурады" деп билдирди.

"Тилекке каршы бейшемби күнү, 19-сентябрда Веббер мырза кырсыктан каза тапты",-деп жазылат мейманкана тараткан билдирүүдө.

Steven Weber, who died while proposing to his girlfriend in Tanzania

Сүрөттүн булагы, Kenesha Antoine on Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Полиция кырсык боюнча тергөөсүн улантууда

Стивен менен Кенеша суу алдындагы бөлмөгө төрт күн түнөмөк. Күнүнө 1,700 доллар турган кабина он метр тереңдикте, жээктен 250 метр аралыкта жайгашкан.

Стивен эс алуунун үчүнчү күнүндө сууга секирип, Кенешаны кабинанын терезесин карап тур деп суранган.

Терезеге сүзүп келип, Стивен "Суу алдында болгон сүйүүмдү айтып бүтүүгө демимди кармай албайм. Бирок күн өткөн сайын, сени катурак сүйөм!" деген кагазга жазган катын көрсөткөн экен.

Steven Weber's proposal note

Сүрөттүн булагы, Kenesha Antoine on Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Стивен эс алуунун үчүнчү күнүндө баш кошуу сунушун айтуу үчүн сууга түшкөн

Андан соң Стивен чөнтөгүнөн шакек алып чыгып, баш кошуу сунушун билдирген.

Мейманкананын жетекчилиги, суу алдындагы кырсыкты угуп, кабинага жетип келишкен экен. Бирок жардам берүүгө өтө кеч болуп калган.

The Manta Resort's underwater room

Сүрөттүн булагы, The Manta Resort

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, The Manta Resort мейманканасынын кабинасы

Кенеша "Фейсбук" баракчасына Стивенге "жообун айтууга жетишпей" калганын, "миллион жолу ооба" деп айтарын жазды.

"Биз турмуштагы жаңы баскычты чогуу баштай албай калдык. Жашоомдогу эң бактылуу күнүм үрөй учурган окуя менен аяктады. Тагдыр ошол экен. Соңку күндөрдөгү чогуу өткөргөн көз ирмемдерди эстеп, көңүлүмдү жубатып жатам",-деп жазды Кенеша.