Баткен: Чек арада жабыркаган 292 киши кайрадан документтүү болушту

Баткенде коопсуз жайларга көчүрүлгөн кыргыз жарандары, апрель 2021

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баткенде коопсуз жайларга көчүрүлгөн кыргыз жарандары, апрель 2021
Published

Мамлекеттик Каттоо кызматы Баткендеги коогада жоголуп же өрттөлүп кеткен 292 жарандын документтерин акысыз калыбына келтирип берди. Бул тууралуу аталган мекеменин кызматкери Мухабат Пратова Би-Би-Сиге билдирди.

Айтымында, Баткендеги чек арадагы үч: Максат, Интернационал, Самаркандек айылдарында мобилдик топтор иштеп, документи жоголгон адамдардын тизмеси аныкталган.

"Азыр деле күнүнө Баткенден онго жакын документтериин жоготкон жарандар бизге кайрылып жатышат. Ал окуяларды үй-жайын таштай качкан жарандар көп болгон. Алды Бишкекке чейин келип, эми кайрадан үй-жайларына кайта башташты. Бизге кайрылгандардын суранычын болушунча кыска мөөнөттө бүтүруп берүүгө аракет кылып жатабыз",- деди Пратова.

Калкты жана жарандык абал актыларын каттоо департаментинин жетекчиси Мухабат Пратова

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Калкты жана жарандык абал актыларын каттоо департаментинин жетекчиси Мухабат Пратова

Жарандар ID-карталарын, туулгандыгы жана никеге тургандыгы жөнүндө күбөлүгүн жаңылоо үчүн көп кайрылып жатышат.

Апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасында абал курчуп, чек арадагы Лейлек районунун 30 миңге жакын тургуну үй-жайларын таштап, коопсуз жерге көчүрүлгөн. Кайтып келгенде айрымдарынын үй-жайлары өрттөлүп, мал-мүлкү тоноого алынганы белгилүү болгон. (EK)