ANOM: Кылмышкерлерди тузакка илген глобалдык тиркеме

Published

ФБР иштеп чыккан жашыруун баарлашуу тиркемесине азгырылып, дүйнө боюнча кылмышка шектүү 800дөн ашуун киши камакка алынды.

Видеонун түшүндүрмөсү, Он сегиз өлкөдөн жүздөгөн кылмышкерлер кармалды

Австралия менен ФБР чогуу иштеп чыккан операцияда ANOM аттуу тиркеме орнотулган мобилдик телефондор кылмышкерлер арасында тымызын жайылтылып, полиция ал аркылуу бангизаттары, акча адалдаштыруу, киши өлтүрүү тууралуу баарлашууларды көзөмөлдөй алган.

Өзгөчө баңгизаттары менен алектенген топтор менен мафияга басым жасалды. Ондон ашуун мамлекетте жүргөн операциянын жүрүшүндө курал-жарак, баңгизаттары, кымбат унаалар, акча да колго түшүрүлдү.

Жалпысынан 8 тонна кокаин, 250 автомат, наркы 48 миллион доллардан ашуун ар кандай валютадагы акча каражаттары алынды.

Австралиянын премьер-министри Скот Моррисон бул иш-чара дүйнө боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы катуу сокку болгонун белгиледи.

A man is arrested in Australia as part of Operation Ironside

Сүрөттүн булагы, Australian Federal Police

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Австралияда эле 200дөн ашык адам кармалды

ANOM тиркемеси кантип иштеди?

ФБР ANOM деп аталган жашыруун мобилдик байланышын иштете баштап, бул тиркеме орнотулган мобилдик телефондорду тымызын ортомчулар аркылуу кылмышкерлер арасында жайылткан.

Буга чейин жашыруун эки платформа кыйратылган соң, кылмышкерлер коопсуз телефондорго муктаж абалда калгандыктан ушундай операция өткөрүү идеясы келген эле.

Адегенде мындай тиркемени кылмышкерлердин анабашы деп шектелген адамдар арасында жайылтып, катардагы аткаруучулар арасында ага болгон ишенимди бекитишкен.

"Мындай мобилдик телефонго жетиш үчүн жок дегенде бир кылмышкерди билишиң керек. Алардан чалса же имейл жөнөтсө болбойт. Ал аркылуу ошол платформадагылар менен гана байланышууга болот, дейт Австралиянын полициясы.

Полициядан качып жүргөн Хакан Айык аттуу киши бул тиркемени кылмышкер сыяктанып жүргөн полициянын тыңчысынан алып, аны кылмыш боюнча өнөктөштөрүнө сунуштаган.

Австралиянын медиасында "Фейсбук гангстери" деп аталган Хакан Айык полициядан качып Түркияда голландиялык жубайы менен бай болуп жашап жүргөн.

Ал өзү байкабай ФБРге жардам берип алган соң, аман калыш үчүн бизге колго түшүп бергени оң болчу, дейт полиция.

100дөн ашуун мамлекетте 300 чамалуу кылмышкерлер мындай жашыруун тиркеме орнотулган 12 миңге жакын мобилдик телефонду колдонду.

Composite photo shows items seized in the sting, including cash and a motorbike

Сүрөттүн булагы, Australian Federal Police

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кармалгандардан мотоцикл, акча жана башка буюм-тайымдар алынды

Бийликтер эмнени табышты?

Полиция кызматкерлери киши өлтүрүү пландарынан тартып, бангизаттарын алып келүү тууралуу миллиондогон СМСтерди окуп турган.

"Алар ар дайым баңгизаттар, уруп-сабоо, айыпсыз бирөөлөрдү өлтүрүү тууралуу сүйлөшөт,"- дейт Австралиянын Федералдык полициясынын жетекчиси Риис Кершоу.

Бул операцияга дүйнө боюнча 9000 полиция кызматкери тартылды. Топтолгон маалыматтын жардамы менен кишилердин өлүмүн, дагы башка көптөгөн кылмыштардын алдын алууга мүмкүн болгон.

Мисалы, жашылча-жемиш контейнерлерине катылган жүздөгөн тонна кокаиндин сүрөттөрүн көрдүк, дейт полиция.