Гүлзат Аалиева диний кастыкты козутуу боюнча шектелип жатат

Сүрөттүн булагы, Official
Улут аралык жана диний кастыкты козутуу боюнча шектелип жаткан философия илимдеринин кандидаты Гүлзат Аалиеванын баш коргоо чарасы эртең 23-апрелде каралат. Бул тууралуу Би-Би-Сиге анын адвокаты Мухтар Калыев билдирди.
Ал тапта "Гүлзат Аалиеваны коргоо" комитети түзүлүп, кол топтоо жараяны башталды.
"Гүлзат Аалиева баштаган беш киши болуп, биз "Уюткулуу уулу журт" коомдук уюмун түзгөнбүз. Максатыбыз - улуттук баалуулуктарды сактап, даңктоо эле. "Халифат курабыз, шарият менен жашайбыз деген" көз караштар көбөйгөндүктөн, интернетте тайпараларды ачып, тарыхый маалымат, философиялык маалыматтарды жазып турчубуз. Ашынган динчилдерге, фанаттарга айтылган сөздөрү боюнча диний кастыкты козутуп атат деп сотко беришиптир",- деди А.Мамытов.
Гүлзат Аалиева коомдук тармактардагы посттору аркылуу элди экиге бөлүп жатат деген арызынын негизинде 21-апрелде суракка чакырылып, Бишкек ШИИБде камалганы белгилүү болду. Андай арыз менен адвокат Аида Абдрахманова сотко кайрылган.
"Аты аталган жаран президенттен баштап, коомдук ишмерлерге, аалымдарга, ислам динин карманган жарандардын аброюна шек келтирүү менен бирге региондорго бөлүп, диний кастыкты козуткан... Аалиеванын баракчасынан алынган сүрөт скриншотторду өкмөткө караштуу теологиялык соттук экспертизага жөнөтүлдү... Ага өзүм дагы бир-эки жолу кайрылган элем, "ислам динин карманган жарандардын кадыр баркын тебелебеңиз" деген мүдөө менен, бирок бул сөзүмө үч жыл бою кулак салбаганына байланыштуу арыз жазууга мажбур болдук",- дейт А.Абдрахманова өзү жарыялаган видеодо.
Мухтар Калыев болсо азырынча Аалиевага айыбын угуза элек экенин айтты.
"Мен кечээ убактылуу кармоочу жайга кирип, аны менен жолугушуп чыктым. Сурак бере элек. Баш коргоо чарасы эртең каралат деп жатат. Ал Жазык кодексинин 313-беренеси боюнча шектелип жатат. Кечээ мен тергөөчүгө да кирип чыктым, ал ошентип айтты", -деди Би-Би-Сиге Алиеванын адвокаты Мухтар Калыев.
Милиция шектүүнүн интернеттеги постторуна экспертиза жүргүзүлүп, кармап-камоолор анын негизинде жүргөнүн билдирүүдө.
48 жаштагы Гүлзат Аалиева учурда Бишкектеги менчик эки медициналык университетте философия боюнча сабак берет. Улуттук баалулуктар жана кыргыз философиясы тууралуу теле-дарстары аркылуу да белгилүү. (EKa)



































