УКМКнын талашка түшкөн тогуз кабат үйлөрү

УКМК кызматкерлерине 2018-жылы берилген үйдүн ичи

Сүрөттүн булагы, President.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УКМК кызматкерлерине 2018-жылы берилген үйдүн ичи
Published

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кызматкерлерине тогуз кабаттуу алты үй курууга тендер жарыялады. Бул комитеттин алгачкы үйлөрү эмес. Күч түзүмдөрүнөн башка тармак үчүн тарыхта бир батир курулган эмес. Мына ошондуктан коомчулукта бул боюнча нааразылык күч.

Айзат Бишкектеги мамлекеттик ири ооруканалардын биринде иштейт. Эки окуучу баласын баккан жалгыз бой эне. Тогуз миң сом айлык акы алат. Турган үйү кайын энесиники.

"Биздин айлык менен үй сатып алуу түшкө киргис окуя. Алган айлыгыбыз бир айдан экинчи айга жетпейт. Акчаны алгандан кийин калтырап-титиреп сарптайм. Мына, мисалы, азыр үйгө кеткенге жол кирем жок. Анан мамлекеттен кайдагы үйдү күтөбүз? Жок дегенде айлыгыбызды көтөрүп берсинчи?! Тамак-аштын баасы болсо күндөн күнгө жогорулап баратат. Мурда миң сомго бир чоң баштык азык алсаң, азыр бир тамакка жетчү нерселерди алып чыгасың, эт эле 500 сом болуп жатпайбы! Газ кымбаттады, суу кымбаттады. Айлык эле ошол боюнча, таш болуп катып калган!", - деди Айзат Би-Би-Си менен маектешип жатып.

Аймактык мектептердин биринде иштеген Нурийла беш баланын энеси. Мугалимдик кесипти аркалаганына 14 жыл болуптур. Бул убакыт учурунда батирден батир алмаштырып келгенин, мамлекет тарабынан педагог деп бир да көңүл бурулбаганын айтууда.

УКМК дээрлик 581 млн сомдук тендерди 2-февралда жарыялады

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УКМК дээрлик 581 млн сомдук тендерди 2-февралда жарыялады

"Үйү жок иштеп жүргөн мугалимдер көп. Же үй, же жер тилкеси же бир жеңилдетилген кредит түрүндө жардам жок. Бир жолу сурамжылоо жүрүп, ким жерге, ким эмнеге муктаж экенибизди жазып бергенбиз. Бирок анын натыйжасынан дайын жок. Жок дегенде ипотека жеңил болсо", - деди окутуучу.

УКМКнын тендери Мамлекеттик сатып алуулар порталына 2-февралда жарыяланган. Тогуз кабаттуу үйдөн алтоо Бишкектин ири көчөсү Ч.Айтматов проспектисине салынмакчы. Анын суммасы 580 млн 935 миң сом. Сынак 25-февралда жыйынтыкталат. Курулуш компаниясы үйлөрдү 2022-жылы августта куруп, ичин да дапдаяр кылып бериши керек.

УКМКнын өзүнөн бул боюнча толук маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Бирок бул комитеттин алгачкы үйлөрү эмес. Буга чейин тендер жарыяланып, учурда аймактарда салынып жаткан же бүткөн үйлөрү бар.

Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы УКМКга турак үйдү тапшырып жатат

Сүрөттүн булагы, President.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы УКМКга турак үйдү тапшырып жатат

Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда үй берилген. Бишкектеги "Көк-Жарда" көп кабаттуу алты үй салынган болчу. 2018-жылы мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков 81 батирлүү үйдү тапшырган. Ошол ачылышта Жээнбеков күч түзүмдөрү жана куралдуу күчтөр үчүн жаңы төрт үй бүткөнүн, дагы 21 үйдүн курулушун аяктоо пландалып жатканын айткан.

Өлкөнүн тарыхында мугалимдерге, медкызматкерлерге, социалдык кызматкерлерге бир үй салынган эмес. Маданият кызматкерлерине да камкордук жок. Иши тергелип жаткан Райым Матраимовдон алынган тогуз батирди УКМК кызматкерлерине берет дегенде жарандык коом нааразы болуп, кийин УКМК бул чечиминен баш тарткан эле. Депутат Дастан Бекешев маселени трибунадан көтөрдү.

УКМКнын үйү, 2018-жыл

Сүрөттүн булагы, President.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УКМКнын үйү, 2018-жыл

"Ооба, комитеттин кызматкерлерине үй керек, айлыгы кичинекей, түшүнүктүү. Бирок эмне үчүн бизде күчү барларга баарын берип, күчү жокторго эч нерсе бербейбиз. Бизге кайрылган жетимдер бар. Аларга дагы акча жок деп жооп берелиби? Эмнегедир башкалар үчүн акча бар, булар үчүн жок. Аларга кур дегенде эки-үч үй, ушундай тогуз кабаттуу үй салып бергилечи", - деди Бекешев.

Ички иштер министрлигинин көп кабаттуу тогуз үйү бар. Алардын үчөө Бишкектеги "Көк-Жар" конушунда, үчөө Калык Акиев көчөсүндө. Нарында бирөө жаңы салынып, колдонууга берилди. Баткенде бирөө бар. Ошто бирөө курулуп, бүткөнү калды. Бишкекте дагы экөө курулуп жатат.

2017-жылы Башкы прокуратурага берилген үйлөр

Сүрөттүн булагы, Prokuror.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2017-жылы Башкы прокуратурага берилген үйлөр

Башкы прокуратурада да бир канча үй бар. 2019-жылы Баткенде 24 батирлүү үй колдонууга берилген. Индира Жолдубаеванын тушунда "Көк-Жарда" 81 батирлүү тогуз кабат үй курулган. Анын ачылышында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 300 миң сомдук балдар аянтчасын курууга берген эле. Бир жылдан кийин так ушунча сумманы Сооронбай Жээнбеков УКМКнын үйүнүн ачылышында аянтчага деп сунду.

"Биздин кызматкерлерге үйлөр менчикке берилбейт. Баары кызматтык үй катары жашашат", - деди Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Наргиза Куватова.

Көп сандагы тамтарды Чек ара кызматы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алган. Жаза аткаруу кызматына караган турак жайлар да бар. Сот тармагы дагы үйлөрдү берип келет. Булардын баарында курулушу жүрүп жаткан бир канча турак жайлар бар.

Ал эми элди агарткан, дарылаган жана калган башка адистерге мамлекеттин жалгыз жардамы жеңилдетилген ипотека. Бирок ага жеткендердин саны азыр беш миңдин гана тегерегинде. Өлкө боюнча бардык билим берүү мекемелеринде 2018-жылдагы статистика боюнча 108 миңден ашык окутуучу иштейт. Дарыгерлердин саны 14 миң 300 чамалуу, орто медкызматкерлердин саны 35 миңдей бар.