Президенттик шайлоодон кийинки камакка алуулар

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кармалышы боюнча маалымат таратып, коррупцияга шектүү катары кармалганын ырастады.
Кечээ кечинде М.Абылгазиевдин камакка алынганы тууралуу маалыматтар жарыяланган. Аны коопсуздук кызматынын тергөө абагына камашкан.
Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматында Абылгазиев премьер-министр болуп турган маалда мыйзам бузуу менен "Кумтөр Голд Компани" ишканасына геологиялык чалгындоого, алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүү тууралуу токтомго кол койгону айтылды. Ошондой эле аны мыйзамсыз баюуга шектүү катары дагы суракка алып жатышканы белгилүү болду. Мурдагы премьер-министрдин жактоочулары менен азырынча байланышууга мүмкүн болбой жатат.
Кечээ дагы бир таанымал саясатчы, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун кармалганы белгилүү болду. Ага октябрдагы окуялар учурунда "мекемени басып алган" деп айып тагылган. К.Асановду Бишкек ШИБнин убактылуу кармоочу изоляторуна камашты. Октябрь окуяларынан кийин 55 жаштагы Курсан Асановго Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынган. Бирок бир айдан кийин үй камагына чыгарылып, ал талапкер катары мөөнөтүнөн мурун өткөн президенттик шайлоого катышкан эле. Президенттик шайлоонун эртеси күнү анын жубайы алдамчылык беренеси менен шектүү катары кармалганы белгилүү болгон. Кийин аялынын жүрөк оорусу кармап, ооруканага түшкөнү айтылды. Анын камакка алынышын айрым саясатчылар сынга алууда.
"Курсан Асанов камалыптыр, болгондо да 6-октябрда бийлик басып алуу аракети боюнча. Андай болсо, 5-6 октябрда аянтта жүргөн баарыбызды камасын. Өкмөттүн имаратын Мамытканов басып алып, эч кимди киргизбей 3 күн отурду, Жапыкеев генпрокуратурага аракет кылды, Суваналиев УКМКда отурду, башкалары да бар. Баскынчылык, калп, адилетсиздик, мыйзамсыздык менен башталган башкаруу жакшылык менен бүтпөйт",-деп жазды "Реформа" партиясынын лидери, мөөнөтүнөн мурун өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон Клара Сооронкулова.
Камакка алынгандардын дагы бири - УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев. Башкы прокуратура ырастагандай, Сегизбаев "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен айыпталууда. Тагыраагы, аны "Белизгейт" жаңжалын уюштурган деген шек менен камакка алышкан. А.Сегизбаев дагы мөөнөтүнөн мурун өткөн шайлоодо талапкер катары катышып, шайлоону утуп чыккан С.Жапаровду катуу сынга алгандардын бири болду. Аны дагы Бишкек ШИБнын убактылуу кармоочу жайына камашканы айтылды.
"Белизгейт" жаңжалы 2016-жылы болгон. Ошол кездеги УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев "Ата Мекен" фракциясынын үч депутаты Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова "Альфа Телекомдун" 50 пайыз акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын билдирген.
"Ата Мекен" фракциясы «Белизгейт» жаңжалы атайын уюштурулган саясий чагым болгонун айтып, ага тиешеси барларды жоопко тартууну талап кылып келди. 2018-жылы Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы "Белизгейт" жаңжалын уюштурганы үчүн Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кылмыш жообуна тартылышын талап калып, Башкы прокуратурага расмий кайрылганы бар.
Соңку камакка алуулар боюнча пикирин айткан белгилүү саясатчы Равшан Жээнбеков "камоо, сот адилеттүүлүгү, тергөө профессионалдуулугу жана мыйзамдуулугу менен коштолбосо", бул кайталана берерин эскертти. "Камоо маселе чечпейт! Сот, укук коргоо реформалары зарыл",-деп жазды "Фейсбук" баракчасына. (AbA)

































