Жетим-Тоого жетүүнүн стратегиясы

Жетим-Тоо кенин иштетүү элдин канына кызыткан маселе болуп турат

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жетим-Тоо кенин иштетүү жөнүндө сунуштар элдин канын кызыткан маселе болуп турат
    • Author, Кубатбек Чекиров
    • Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
  • Published

Кыргызстанда тоо кенчи адистер Тоо кодексин үч айда иштеп чыгуу оңой болбойт, иш чала болуп калат деп жатышат. Президент Садыр Жапаров биринчи жарлыктарынын биринде тоо-кен тармагын реформалаш үчүн үч айлык мөөнөттө Тоо кодексин иштеп чыгууну өкмөткө сунуштаган эле. Бул тармакта лицензия берүүдөгү коррупция, инвесторлорго жергиликтүү деңгээлдеги каршылыктар, экологиялык көзөмөлдүн начарлыгы көп жылдан бери чечилбей келаткан көйгөйлөрдөн.

Кыргыздын жеринин асты да байлык, үстү да байлык деп айткандай эле бар. Бирок өкмөт бул тармактагы иштин көзүн билбегендиктен, эгемендик жылдары бул тармактын шору арылбай койду. Экономиканын эң кирешелүү тармагы болушу керек эле, бирок аны башкарган бир ууч адамдар гана туйтунуп, мамлекеттин казынасына керектүү каражат түшпөй келатат деген жаманатты ээрчип келатат.

28-январда президенттик кызматка киришкен Садыр Жапаровдун биринчи жарлыктарынын бири ушул тармакты реформалоо жөнүндө болду. Жарлыкта үй айдын ичинде Тоо кодексин иштеп чыгуу жөнүндө өкмөткө сунуш берилген. Бирок бүгүн тоо кен тармагынын адистери чогулуп, мынча кыска мөөнөттө Тоо кодексин талаптагыдай иштеп чыгуу реалдуу эмес деп жатышат.

"Кайсы бир идеялар, албетте, болбой койбойт, бирок бул жөн эле ат үстүнөн мамиле болуп калат, андан пайда болбойт"-деди Тоо ассоциациясынын мүчөсү Аркадий Рогальский. Анын жүйөсүндө кодексти бүт бардык эксперттер жана мамлекеттик органдар менен ар тараптуу карап чыгуу керек.

Колдон-колго сатылган лицензиялар

Тоо кен тармагындагы коррупция бүтмөгөн тема. Бул көйгөй мындан бир жыл мурда Коопсуздук кеңешинде каралып, анда коррупциянын масштабы чоң экени айтылган. Аны жоюнуну чаралары каралган. Бирок андан элдин чекеси жылып кеткен жок. Башкасын айтпаганда дагы, текейден арзан алынган лицензиялардын колдон колго сатылып жатканы токтобой жатат.

"Кичине акча төлөп коюп улам узарта берет экен. Аны алгандан кийин көрүнгөнгө барып, "аласыңбы, менин лицензиям бар" деп көп калптын башын айтып, бирөөлөрдү алдайт экен. Ьул өзүнчө чоң маселе",-дейт Кадырбек Какетаев, мурунку геолог.

Эми кен иштеткен компаниялар үчүн эл аралык отчеттуулук системасын киргизүү керек деп жатышат. Аны буга чейин киргизүүгө эмне тоскоол болуп келгени түшүнүксүз.

Маселенин эң оору, тоо кен тармагына келген чет элдик компанияларга жергиликтүү элдин ишеними бүткөнүндө. Алар экологияны бузуп, жайыттарды талкалап жатат деген дооматтар толтура. Инвесторлордун социалдык программаларына да элдин ичи чыкпай жаткандай.

Ошол себептүү инвесторлорду иштетпей, алардын мүлкүнө кол салып, керек болсо өрттөп жиберген учурлар болду. А өкмөт бул көйгөйдү чечүүнүн көзүн таба албай келатканына көп жыл болду.

Жетим-Тоону иштетүүгө жергиликтүү элде каршылык маанай күчтүү экенин Би-Би-Си кабарчылары жеринде көрүп келишти
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жетим-Тоону иштетүүгө жергиликтүү элде каршылык маанай күчтүү экенин Би-Би-Си кабарчылары жеринде көрүп келишти

Кан кызыткан маселе

Нарындагы Жетим-Тоо кени Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгү учурунда эң көп талкууланган тема болду. Темирдин ири кени болгон бул жер Кытайга берилет деген такталбаган маалымат тарап, жергиликтүү элдин каны кызып, Жетим-Тоону коргоо кыймылы түзүлдү. Кыргыз өкмөтү шашылыш түрдө билдирүү жасап, бул кенди мамлекет бүт өзү гана иштетет деп жарыялады.

"Кумтөр" алтын кенинин каймагын канадалык инвестор шыпырып жатат, андагы коррупция чоң деген сөздү да учурунда Садыр Жапаров айтып келди. Бирок азыр президент болгон менен анын бул жакка күчү жетчүдөй эмес. Кеп эми ошол каталыктарды кайталабашта турат.

Ошондуктан мындан ары ири кендерди иштетүүгө уставдык капиталы жүз пайыз мамлекеттик болгон компанияларга гана уруксат бериш керек деген сөздүн төркүнү ушул жакта. Бул жаңы жазыла турган Тоо кодексиндеги эң маанилүү талаптардын бири болуп калмакчы.